Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-ноябрындагы № 25/7
Кызыл-Жар айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган Коо-Чаты айылындагы Айдың-Көл орто мектебинин жерине ачык кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Кызыл-Жар айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган Коо-Чаты айылындагы Айдың-Көл орто мектебинин жерине ачык кичи футбол аянтчасын куруу максатында Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат.
1. Кызыл-Жар айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган Айдың-Көл орто мектебинин жерине ачык кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Өздүк салым 443500 (төрт жүз кырк үч миң беш жүз) сом бөлүнүп берилсин.
3. Демилгелүү топ түзүлсүн.
4. Тийиштүү кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке жана курулуштун жүрүшүн көзөлдөө Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин агрардык,азык-түлүк,суу чарба,жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Обозбек уулу Амалбекке милдеттендирилсин
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Д.Зарипбеков |