Редакцияот 17.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУЮЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

 

2026-жылдын 17-августу № 295

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

Иш башкармасынын айрым маселелери жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишин регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

 

1.    Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөрдүн чектүү штаттык саны белгиленсин:

1)    210 бирдик санында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын борбордук аппаратынын;

2)    3333 бирдик санында республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

–     II бөлүмдүн 4-главасынын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)

Категориялар

Президенттин

Иш башкармасы

Президенттин

Иш башкармасына караштуу ведомстволук бөлүмдөр (республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу)

Президенттин Архиви

               Жогорку кызмат орду

Ж-Б

Борбордун жетекчиси

Кызматтын жетекчиси

 

 

Башкы кызмат орду

Б-А

Бөлүмдүн башчысы

Жетекчи

Жетекчинин орун басары

Архивдин башчысы

Б-Б

Бөлүмдүн башчысынын орун басары

Бөлүмдүн башчысынын орун басары – сектордун башчысы

Бөлүмдүн башчысы

Архивдин башчысынын орун басары

Бөлүмдүн башчысы

Улук кызмат орду

У-А

Сектордун башчысы

Бөлүмдүн башчысынын орун басары

Сектордун башчысы

Референт

У-Б

Референт

Башкы адис

Референт

Башкы адис

Башкы адис

Кенже кызмат орду

К-А

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

К-Б

Адис

Адис

 

 

 

».

 

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 154 «Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоону натыйжалуу ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

8-пункттун 2-пунктчасында:

–      биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2) төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте бекитсин:»;

–      экинчи жана үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

–      төртүнчү – жетинчи абзацтарда «жобонун долбоорун», «жоболордун долбоорлорун» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «жобону», «жоболорду» деген сөздөргө алмаштырылсын;

–      9-пункттун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

1) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

6.    Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 351 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 291 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 63 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 209 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;

6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 311 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 329 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;

8) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 104 «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгынын 2-пункту;

9) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 139 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;

10) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-июнундагы № 193 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;

11) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-октябрындагы № 299 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишин оптималдаштыруу маселелери боюнча  Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 2-пункту.

7.    Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8.    Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров