Редакцияот 22.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык кеңешинин (7 чакырылыштагы) кезектеги 26-сессиясынын жыйыны

 

2023-жылдын 22-декабрындагы № 26/1

 

Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 404-беренесинин талаптарына ылайык айыл аймагындагы калктуу конуштардын катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу жыйымын жыйноону ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 24-главасынын 74-беренесин жетекчиликке алып Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин көбөйтүү жана салыктык эмес кирешелерди жөнгө салуу максатында Кызыл-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кызыл-Жар айыл аймагындагы калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу жыйымы боюнча кабыл алынган токтому 2024-жылдын 1-январынан күчүн жоготсун.

2. Кызыл-Жар айыл аймагында зоналык коефициенти (Кз) 1,5 өлчөмүндө бекитилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине катталсын.

4. Токтом 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин жергиликтүү бюджетинин иштелишинин жана маданий иштерин алып барууну көзөмөлдөо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.Жусубалиевага, Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси О.Мырзакановго милдеттендирилсин

 

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин

төрагасы

Д.Зарипбеков