Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ХХIII шайланышынын кезектеги чакырылган XIII сессиясы
2026-жылдын 22-январындагы №2
Тогуз-Торо айыл аймагындагы калктын жашоо шартын ѳнүктүрүүнү уюштурууну, социалдык-экономикалык пландаштыруу, калкка социалдык жана маданий кызмат кѳрсѳтүү боюнча 2026-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун жетекчиликке алып, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Жарбашов Алтынбек Турдубековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Жарбашов Алтынбек Турдубековичтин аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоо, маданий кызмат көрсөтүү багытында 2026-жылга карата иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго тапшырылсын.
Төрага |
У.Токтожумаев
|