Редакцияот 22.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык кеңешинин (7 чакырылыштагы) кезектеги 26-сессиясынын жыйыны

 

2023-жылдын 22-декабрындагы № 26/2

 

“Чычырканак таза суу” муниципалдык ишканасынын эреже бузууларга айып пул салуу жөнүндө

“Чычырканак таза суу” муниципалдык ишканасынын кайрылуусун, Кызыл-Жар айылдык кеңешинин депутаттары карап жана талкуулап чыгып, Кызыл-Жар айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары токтом кылат:

 

1. “Чычырканак таза суу” муниципалдык ишканасынын кайрылуусунун, Чычырканак, Коо-Чаты, Күйөө-Таш, Кызыл-Жар айылынын ичүүчү сууну пайдалануучу абоненттеринин эреже бузууларына бөгөт коюу максатында, эреже бузууларга айып пул өлчөмү бекитилип берилсин (чени эсептөө-сметасы тиркелет).

2. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы “Чычырканак таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Жаңыбаевге тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз у Бактыбекке жана айылдык кеңештин бюджет финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комисиясынын төрайымы Т.Жусубалиевага милдеттендирилсин.

 

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин

төрагасы

Д.Зарипбеков