Редакцияот 14.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XXVI СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 14-июлу № 26/4

 

Долбоордук өтүнмөнү бекитүү  жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 1 780 000 (бир миллион жети жүз сексен  миң) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагынын “Кур-Сай, Куу-Дөңгөч, Төө-Жайлоо, Бурган-Суу жана Кайыңды каналдарынын башына суу бөлүштүрүүчү курулмаларды орнотуу үчүн курулуш материалдарын жана технологиялык жабдууларды сатып алуу” долбоору жактырылсын.  

2.Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 1 780 000 (бир миллион жети жүз сексен  миң) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага:

 

Б. Шералиев