Редакцияот 14.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XXVI СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 14-июлу № 26/7

 

Долбоордук өтүнмөнү бекитүү  жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылындагы “Аруу-Тилек” балдар бакчасына  жалпы сметалык наркы 5 573 667 (беш миллион беш жүз жетимиш үч миң алты жүз алтымыш жети) сомду түзгөн Дөбөлү айыл аймагынын “Кеңеш айылындагы “Аруу-Тилек” балдар бакчасына күн энергиясы системасын жана аба-жылуулук насосторун орнотуу” долбоору жактырылсын.

2.Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 3 573 677 (үч миллион беш жүз жетимиш үч миң алты жүз алтымыш жети) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

 

3. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттинен 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты каралсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага:

 

Б. Шералиев