Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-августу № 543
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 1-августундагы № 433 «Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге
эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-майындагы № 167 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысын теңдештирүү жана түзүүнүн бирдиктүү моделине келтирүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) өргүү акыларын, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбай турган, бир штаттык бирдикке 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн.»;
2) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.»;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-августундагы № 61 (3821) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| 1-тиркеме «1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык
тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарынын
өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга
эселөө коэффициенттери
№ | Мамлекеттик органдардын кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1. Ведомстволук мекемелерде бир эле убакта эсепке алуу жана отчеттуулук менен иштеген башкы бухгалтер | ||
1 | Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери | 4,35 |
2 | Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү | 4,15 |
3 | Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек ш. мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек ш. жана Ош ш. шаардык кызматтары, институттар | 3,90 |
4 | Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери | 3,70 |
5 | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын борбордук архивдери, региондук башкармалыктары, Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдери, айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | 2,70 |
2. Башкы бухгалтер | ||
6 | Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери | 4,05 |
7 | Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү | 3,85 |
8 | Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек ш. мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек ш. жана Ош ш. шаардык кызматтары, институттар | 3,65 |
9 | Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери | 3,45 |
10 | Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | 2,65 |
3. Бухгалтер (эсептик, материалдык) | ||
11 | Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери | 3,30 |
12 | Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү | 2,80 |
13 | Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек ш. мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек ш. жана Ош ш. шаардык кызматтары, институттар | 2,70 |
14 | Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын борбордук архивдери, региондук башкармалыктары, Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдери | 2,55 |
15 | Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | 2,30 |
4. Административдик-чарба бөлүмүнүн башчысы, инженер, инженер-программист, кассир, SММ-адис | ||
16 | Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери | 3,00 |
17 | Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү | 2,60 |
18 | Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек ш. мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек ш. жана Ош ш. шаардык кызматтары, институттар | 2,45 |
19 | Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын борбордук архивдери, региондук башкармалыктары, шаардык жана райондук мамлекеттик архивдери, токой жана аңчылык чарбалары, мамлекеттик жаратылыш коруктары жана мамлекеттик жаратылыш парктары, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын суу чарбасынын бассейн башкармалыгы жана райондук бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын зоналык жана райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза бөлүмдөрү | 2,30 |
20 | Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | 2,10 |
5. Жетекчинин катчысы, катчы-референт, «бирдиктүү терезенин» жана коомдук кабылдаманын референти (адиси), чарба башчысы, машина бюросунун башчысы, көчүрүү- көбөйтүү бюросунун башчысы, дарыкана башчысы, лаборатория башчысы, редактор, контролер | ||
21 | Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери | 2,70 |
22 | Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү | 2,30 |
23 | Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек ш. мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек ш. жана Ош ш. шаардык кызматтары, институттар | 2,20 |
24 | Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын борбордук архивдери, региондук башкармалыктары, шаардык жана райондук мамлекеттик архивдери, токой жана аңчылык чарбалары, мамлекеттик жаратылыш коруктары жана мамлекеттик жаратылыш парктары, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын суу чарбасынын бассейн башкармалыгы жана райондук бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын зоналык жана райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза бөлүмдөрү | 2,10 |
25 | Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | 2,00 |
6. Иш кагаздарын жүргүзүүчү, жеңил автомобилдин айдоочусу, кампа башчысы, кадрларды эсепке алуу боюнча инспектор, архивариус, комендант, катчы-машинист, стенографист, үн жазгыч кызматынын машинисти, көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын, электрондук-эсептөө машиналарынын (ЭЭМ) оператору, телефонист-байланышчы, лаборант, санитар, китепканачы, устат, печатник, кесүүчү машинанын машинисти, брошюровкачы, посттордун (пункттардын) көзөмөлдөөчүсү | ||
26 | Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери | 2,55 |
27 | Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү | 2,20 |
28 | Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек ш. мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек ш. жана Ош ш. шаардык кызматтары, институттар | 2,10 |
29 | Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын борбордук архивдери, региондук башкармалыктары, шаардык жана райондук мамлекеттик архивдери, токой жана аңчылык чарбалары, мамлекеттик жаратылыш коруктары жана мамлекеттик жаратылыш парктары, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын суу чарбасынын бассейн башкармалыгы жана райондук бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын зоналык жана райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза бөлүмдөрү | 2,00 |
30 | Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | 1,90 |
7. Атайын техниканын айдоочусу | ||
31 | Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 2,00 |
32 | Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электр жана автоарабалардын айдоочусу | 1,80 |
8. Жыгач уста, сантехник, слесарь, электрик, моторист, токарь, ширетүүчү, механик | ||
33 | Бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | 1,85 |
Эскертүү: 1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин инженерлерине кызматтык маянасына 3,90 өлчөмүндө эселөө коэффициенти белгиленет. 2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлеп иштеген кызматкерлерге иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянасынын 50 пайызына чейинки өлчөмдө иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иш режими үчүн үстөк төлөнөт. 3. Кесиптик чеберчилиги үчүн дифференцияланган үстөктөр: 4-разряддагы жумушчуларга – тиешелүү кызматтык маянанын 15 пайызы, 5-разряддагы – 20 пайызы жана 6-разряддагы – 25 пайызы өлчөмүндө белгиленет.». | ||
| 2-тиркеме «2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кенже
тейлөөчү персоналынын кызматкерлеринин кызматтык
маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык
маяналарга
эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Документтердин мукабачысы, кладовщик | 1,80 |
2 | Короо тазалоочу, багбан, күзөтчү, КӨП контролеру | 1,80 |
3 | Гардеробчу, кароолчу (вахтер), лифтер, от жагуучу, кастелянша, чабарман, егерь, ат багуучу | 1,80 |
4 | Имараттарды тейлөө жана учурдагы оңдоо боюнча жумушчу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча жумушчу, кызматтык жайларды жана аймактарды тазалоочу (техничка) | 1,80 |
Эскертүү: 1. Түнкү убакытта иштегендиги үчүн күзөтчүгө сааттык тарифтик ставканын 50 пайызы өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет. 2. Кызматтык жайларды тазалоочуларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маянанын 25 пайызы өлчөмүндөгү үстөк белгиленет.». | ||