Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 12-августу № 281
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын издеп тапсын;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-августундагы № 61 (3821) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ТҮЗҮМҮ
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын
8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына
өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санында:
– 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
17 | ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАНА МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ЧЕЧИМДЕРИН АТКАРУУНУ КОНТРОЛДОО БАШКАРМАЛЫГЫ | 49 |
| Башкармалыктын начальниги | 1 |
| Контролдоо бөлүмү | 13 |
| Башкармалыктын начальнигинин орун басары – бөлүмдүн башчысы | 1 |
| Бөлүмдүн башчысынын орун басары | 1 |
| Мамлекеттик инспектор | 11 |
| Коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмү | 7 |
| Бөлүмдүн башчысы | 1 |
| Бөлүмдүн башчысынын орун басары | 1 |
| Мамлекеттик инспектор | 5 |
| Кырдаалдык борбор | 21 |
| Директор | 1 |
| Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүм | 6 |
| Борбордун директорунун орун басары – бөлүмдүн башчысы | 1 |
| Бөлүмдүн башчысынын орун басары | 1 |
| Эксперт | 4 |
| Мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмү | 9 |
| Бөлүмдүн башчысы | 1 |
| Бөлүмдүн башчысынын орун басары | 1 |
| Инспектор | 7 |
| Суу саясаты боюнча бөлүм | 5 |
| Бөлүмдүн башчысы | 1 |
| Эксперт | 4 |
| Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүм | 5 |
| Бөлүмдүн башчысы | 1 |
| Инспектор | 4 |
| Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы | 2 |
| Жооптуу катчы | 1 |
| Эксперт | 1 |
»;
– 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
23 | КАНЦЕЛЯРИЯ | 24 |
| Канцеляриянын начальниги | 1 |
| Иш кагаздарын жүргүзүү сектору | 10 |
| Канцеляриянын начальнигинин орун басары – сектордун башчысы | 1 |
| Эксперт | 9 |
| Регламент жана жыйналыштарды (кеңешмелерди) уюштуруу сектору | 3 |
| Сектордун башчысы | 1 |
| Эксперт | 2 |
| Редакциялоо жана которуу сектору | 10 |
| Сектордун башчысы | 1 |
| Эксперт | 9 |
»;
– «Жыйынтыгы» позициясында «274» деген цифралар «278» деген цифраларга алмаштырылсын.