Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-августу № 552
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин андан ары өнүктүрүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Көрсөтүлүп жаткан шашылыш медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин андан ары өнүктүрүү маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде аппараттык-программалык комплекстерди колдонуу менен катталган укук бузууларды жасагандыгы үчүн алынуучу айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибинде:
– 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин алкагында келип түшкөн каражаттардын калдыгы республикалык бюджетке жиберилет жана төмөнкүдөй бөлүштүрүлүүгө тийиш:
1) 50 пайыз – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тез медициналык жардам көрсөтүүчү автоунааларды сатып алууга жана аларды зарыл болгон медициналык жабдуулар менен жабдууга;
2) каражаттардын калган бөлүгү республикалык бюджетке чегерилет.
Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин алкагында алынган айыптар боюнча салынуучу туум толук көлөмдө республикалык бюджетке жиберилет.».
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
– өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
– ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 18-августундагы № 62 (3822) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |