Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-августу № 553
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 21 «Электр кыймылдаткычы менен моторлуу транспорт каражаттарына карата тарифтик жеңилдиктерди бөлүштүрүүнүн жол-жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Евразия экономикалык бирлигинин чечимдерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 21 «Электр кыймылдаткыч менен моторлуу транспорт каражаттарына карата тарифтик жеңилдиктерди бөлүштүрүүнүн жол-жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) тарифтик жеңилдик берүүдө Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 111 «Электр кыймылдаткыч менен моторлуу транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүнө карата Бажы бирлигинин Комиссиясынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечимин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 79 «Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечиминин 7-пунктунун 7.1.81-пунктчасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» чечимин жетекчиликке алсын;».
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 79 «Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечиминин 7-пунктунун 7.1.81-пунктчасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» чечими күчүнө кирген датадан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 18-августундагы № 62 (3822) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |