Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА
РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-августу № 79
Бишкек, Кемин, Москва, Нарын, Талас шаардык, Сузак, Ноокат
жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү
кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн
мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды шайланган
депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө
чечимдерин бекитүү тууралуу
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Кемин, Москва, Нарын, Талас шаардык, Сузак, Ноокат жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
– Бишкек, Кемин, Москва, Нарын, Талас шаардык, Сузак, Ноокат жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Бишкек, Кемин, Москва, Нарын, Талас шаардык, Сузак, Ноокат жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 18-августундагы № 62 (3822) саны менен жарыяланды
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р.Ш.Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Шайназаров |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 14-августундагы № 79 токтомуна 1-тиркеме |
Кемин, Москва, Нарын, Талас шаардык, Сузак, Ноокат жана Өзгөн аймактык
шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым
укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештин депутатынын аты-жөнү | |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
1. | Кемин АШК, 2026-жылдын 30-июлу, № 11, 2026-жылдын 28-июлундагы өз арызы | Чоң-Кемин айылдык кеңеши (№ 2 Шабдан шайлоо округу) | Туратбеков Айбек Туратбекович | |
Москва району | ||||
2. | Москва АШК, 2026-жылдын 31-июлу, № 3, 2026-жылдын 29-июлундагы өз арызы | Ак-Суу айылдык кеңеши (№ 5 шайлоо округу) | Сатиев Данияр Базарбаевич | |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
3. | Нарын АШК, 2026-жылдын 3-августу, № 6, 2026-жылдын 24-июлундагы өз арызы | Учкун айылдык кеңеши (№ 1 Куланак шайлоо округу) | Болотбек уулу Назарбек | |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
4. | Талас шаардык АШК, 2026-жылдын 7-августу, № 3, 2026-жылдын 29-июлундагы өз арызы | Талас шаардык кеңеши | “Аманат ЭСП” депутаттык фракциясынан Нартаева Айнура Канатбековна (6) | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
5. | Сузак АШК, 2026-жылдын 29-июлу, № 7, 2026-жылдын 27-июлундагы өз арызы | Кыз-Көл айылдык кеңеши (№ 1 Ак-Тоок, Кара-Март шайлоо округу) | Абдырасулов Нурбек Акжигитович | |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
6. | Ноокат АШК, 2026-жылдын 30-июлу, № 8, 2026-жылдын 15-июлундагы өз арызы | Көк-Жар айылдык кеңеши (№ 3 Борбаш шайлоо округу) | Рахматиллаев Таалайбек Аттокурович | |
7. | Ноокат АШК, 2026-жылдын 6-августу, № 10, Төөлөс айыл өкмөтү тарабынан берилген 2026-жылдын 3-августундагы № КG05 00277955 каза болгондугу тууралуу күбөлүк | Төөлөс айылдык кеңеши (№ 3 Салиева шайлоо округу) | Жапарова Тажихан | |
Өзгөн району | ||||
8. | Өзгөн АШК, 2026-жылдын 6-августу, № 14, Өзгөн районунун 06-06 Калкты тейлөө борбору тарабынан берилген 2026-жылдын 9-июлундагы № КG05 0025301 каза болгондугу тууралуу күбөлүк | Дөң-Булак айылдык кеңеши (№ 4 Жаңы-Абад шайлоо округу) | Рахманова Манзура Хусанбаевна | |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 14-августундагы № 79 токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек, Кемин, Москва, Нарын, Талас шаардык, Сузак, Ноокат жана Өзгөн
аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган
депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Бишкек шаары | ||||
1. | Бишкек АШК, 2026-жылдын 6-августу, № 27, 2026-жылдын 16-июлундагы өз арызы | Бишкек шаардык кеңеши | “Жаңы күч-Новая сила” саясий партиясынан Солтонов Ренат Сартбекович (23) | “СРС Групп” ЖЧКсынын башкы директору |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
2. | Кемин АШК, 2026-жылдын 30-июлу, № 12, 2026-жылдын 28-июлундагы өз арызы | Чоң-Кемин айылдык кеңеши (№ 2 Шабдан шайлоо округу) | Егиналиев Нурдин Зарлыкович | Фермер |
Москва району | ||||
3. | Москва АШК, 2026-жылдын 31-июлу, № 3, 2026-жылдын 29-июлундагы өз арызы | Ак-Суу айылдык кеңеши (№ 5 шайлоо округу) | Султанкулов Нарынбек Узгенбаевич | Убактылуу иштебейт |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
4. | Нарын АШК, 2026-жылдын 3-августу, № 6, 2026-жылдын 24-июлундагы өз арызы | Учкун айылдык кеңеши (№ 1 Куланак шайлоо округу) | Тостоков Кылычбек Абдраимович | Пенсионер |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
5. | Талас шаардык АШК, 2026-жылдын 7-августу, № 4, 2026-жылдын 7-августундагы өз арызы | Талас шаардык кеңеши | “Аманат ЭСП” саясий партиясынан Бортникова Елена Викторовна (9) | Р. Я. Рысакова атындагы орто мектепте мугалим |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
6. | Сузак АШК, 2026-жылдын 29-июлу, № 8, 2026-жылдын 28-июлундагы өз арызы | Кыз-Көл айылдык кеңеши (№ 1 Ак- Тоок, Кара-Март шайлоо округу) | Аманкулов Советбек Аманкулович | Убактылуу иштебейт |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
7. | Ноокат АШК, 2026-жылдын 30-июлу, № 8, 2026-жылдын 30-июлундагы өз арызы | Көк-Жар айылдык кеңеши (№ 3 Борбаш шайлоо округу) | Жарматов Абдыганы Жаамбаевич | Пенсионер |
8. | Ноокат АШК, 2026-жылдын 6-августу, № 10, 2026-жылдын 5-августундагы өз арызы | Төөлөс айылдык кеңеши (№ 3 Салиева шайлоо округу) | Манапов Асан Мамаюнусович | Дыйкан чарбанын мүчөсү |
Өзгөн району | ||||
9. | Өзгөн АШК, 2026-жылдын 6-августу, № 15, 2026-жылдын 6-августундагы өз арызы | Дөң-Булак айылдык кеңеши (№ 4 Жаңы-Абад шайлоо округу) | Ибрагимов Оятилла Дилмуратжанович | Өзгөн шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда тиш доктур |