КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-августу № 559
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июлундагы № 381 «Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча
жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары
жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 381 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-августундагы № 63 (3823) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| Тиркеме «2-тиркеме |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган
кызматкерлердин сый акысынын
өлчөмдөрү
№ | Эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлердин категориялары | Өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Облустук маанидеги шаардын мэриясынын жалданган кызматкерлери | 43200 |
2 | Райондук маанидеги шаардын мэриясынын жалданган кызматкерлери | 38300 |
3 | Айыл өкмөтүнүн жалданган кызматкерлери | 35300 |
». | ||