Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 8-июлу № 105
Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-статья "санарип сомдор," деген сөздөрдөн кийин "электрондук акча," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 12 жана 13-бөлүктөр менен толукталсын:
"12. Электрондук акчаны кармоочу каза болгон учурда электрондук акчаны кайтарып берүү боюнча талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мурастын курамына киргизилет.
13. Электрондук акчанын эмитенти электрондук акчаны кармоочу өлгөндүгүнө байланыштуу нотариустун суроо-талабын, тийиштүү мамлекеттик органдын катын же мураскорлордун (укук улантуучулардын) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн талабын алганда төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) каза болгон адамдын электрондук акчасы менен чыгаша операцияларын токтотууга;
2) мураскорлорго (укук улантуучуларга) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мурастоо (укук улантуу) укугун тастыктоочу документтерди берүүдө, ошондой эле алардын өндүрүшүндө мурастоо иштери бар болгон нотариустарга, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына электрондук акчанын бар экендиги, анын өлчөмү жана электрондук акчанын инструментинин (алып жүрүүчүсүнүн) реквизиттери жөнүндө маалыматты берүүгө;
3) каза болгон адамдын электрондук акчасын тындырууну же аларды мураскорлорго (укук улантуучуларга) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мурастоо (укук улантуу) укугун ырастоочу документтердин негизинде которууну камсыз кылууга.".
3-берене.
"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
67-берененин 3-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) кардардын мураскерлерине (укук улантуучуларына) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө - алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мурастоо (укук улантуу) укугун ырастоочу документтерди бергенде, ошондой эле алардын өндүрүшүндө каза болгон адамдардын аманаттары, электрондук акчалары, сейф уячалары, металл эсептери жана жарандык укуктарынын башка объекттери жөнүндө мураскерлик иштери бар болгон нотариустарга, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына - нотариустун же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын расмий суроо-талабынын негизинде.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 3-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |