Редакцияот 30.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 30-июну №11/1

 Куйручук-Кызарт айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитип берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айылдык кенеши, токтом кылат:

 

1.    Куйручук-Кызарт айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин (тиркелет);

  

2.    Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;

 

3.    Айылдык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемеси менен бирге Ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жиберилсин;

 

4.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;

 

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек