Редакцияот 30.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 30-июну №11/6

 

  Куйручук-Кызарт айыл аймагында топоздор үчүн жайыт акысынын тарифин бекитүү  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “Соӊ-Көл” муниципалдык ишканасынын жайыт инспекторунун кайрылуусун карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айылдык кенеш, токтом кылат: 

1.    Куйручук-Кызарт айыл аймагынын тургундарынын жайыттарга чыгарган ар бир топоз башына жайыт акысы үчүн 1 жылга 2000 (эки миӊ) сом өлчөмүндөгү тариф бекитилсин; 

2.    Топоздорду ички жайыттарга, айдоо, чөп аянттарына түшүрбөө жана топоздорду сырткы жайыттарда кармоо жагы белгиленсин жана бул боюнча топоз баккан тургундарга түшүндүрүү иштери алынып барылсын; 

3.    Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын; 

4.    Айылдык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү Ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жиберилсин; 

5.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет; 

6.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Соӊ-Көл” муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.

    Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек