Редакцияот 30.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 30-июну №11/8

 

 “Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, келип түшкөн сунуштарды карап, айылдын агартуу тармагынын өнүгүүсүнө, коомдук турмушуна кошкон салымы жана коомдогу ишмердүүлүгүн эске алып, айылдык кеӊештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айылдык кеӊеши, токтом кылат:

 

1.    Билим берүү тармагында көп жыл үзүрлүү эмгектенген Куйручук айылынын тургуну Дүйшөналиев Жолдошбекке, Р.Солтонбеков атындагы орто мектебинде агартуу тармагында көп жыл эмгектенген Кызыл-Эмгек айылынын тургуну Абдыракманова Сангүл Дүйшөновнага жана журналистика тармагында үзүрлүү эмгектенип, Жумгал району боюнча эмгеги сиӊген белгилүү инсандардын энциклопедиясын даярдап чыгаруудагы эмгеги үчүн Босумбаева Самара Райымбековга “Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын;   

2.    Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтү ушул токтомдун негизинде “Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы жөнүндө күбөлүк жана төш белги даярдап, сыйлыктарды тапшырууну жүргүзсүн; 

3.    Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын; 

4.    Айылдык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү Ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жиберилсин; 

5.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;  

6.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Санташовго жүктөлсүн.

   

 Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек