Загрузка документа…
ЖЭЭК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-марты № 3
“Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагынын Жээк
айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Жээк айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Жээк айыл аймагынын «Жээк айылдык кеңеши» жана Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Интернационал айыл аймагынын «Интернационал айылдык кеңеши» бириктирүү жолу менен «Жээк айыл аймагынын Жээк айылдык кеңеши» мекемеси түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде – “Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун Жэкк айыл аймагынын, “Жээк айылдык кеңеши” мекемеси;
- расмий тилде Учреждение “Айылный кенеш Жээк” Айылного аймак Жээк, Ысык-Атинского района, Чуйской области;
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Дмитриевка айылы, Ленина көчөсү №75
2. «Жээк айылдык кеңеши» мекемесинин Жобосу бекитилсин.
3. «Жээк айылдык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Дмитриевка айылы, Ленин көчөсү № 75, болуп аныкталсын.
4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
2026-жылдын 22-июлундагы https://www.zheek.org.kg/storage/app/media/uploaded-files/3-ot-6032024.pdf расмий сайтында жарыяланды
Жээк айылдык кеңешинин төрагасы |
K.К. Шаршеналиев |