Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 493 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Министрлик) саламаттык сактоо жана медициналык билим берүү иши чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик мамлекеттик жана расмий тилдердеги өз аталышы менен юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнө ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында алыш-бериш эсептери бар.
2-глава. Министрликтин максаттары
4. Министрликтин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо жана жашоо узактыгын көбөйтүү;
2) Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу;
3) медицина жана фармация чөйрөсүндөгү билим берүү ишин жөнгө салуу жана мониторинг жүргүзүү.
3-глава. Министрликтин милдеттери
5. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу эсептелет:
1) калк үчүн саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
2) коомдук саламаттык сактоо;
3) саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү;
4) бюджеттик-камсыздандыруу медицинасын өркүндөтүү;
5) сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга жеткиликтүүлүктү жакшыртууну камсыз кылуу;
6) медициналык жана фармацевттик кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү;
7) саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимди, илимий-техникалык, илимий-маалыматтык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүү.
4-глава. Министрликтин функциялары
6. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясат функциялары:
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү;
- ден соолукту сактоо жана чыңдоо чөйрөсүндөгү улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды, мамлекеттик кепилдиктер программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
- медициналык камсыздандыруу, курорттук иш жаатындагы саясатты иштеп чыгуу;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү эмгек ресурстарына болгон муктаждыкты болжолдоо;
- медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн көлөмүн жана шарттарын аныктоо;
- калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтууну кеңейтүү боюнча бирдиктүү саясатты калыптандыруу;
- тейлеген тармак чөйрөсүндө укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- саламаттык сактоо уюмдарын оптималдаштыруу жана реструктуризациялоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- менчигинин түрүнө карабастан медициналык жана фармацевттик кызматтарды көрсөтүүчүлөрдүн ишине мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
- климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө катышуу;
- жугуштуу жана актуалдуу өнөкөт жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- программалык негизде саламаттык сактоонун бириктирилген бюджетин түзүү жана аткаруу жаатындагы саясатты ишке ашыруу;
- медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун, техникалык тейлөө фондунун, эпидемиологиялык фонддун жана борборлоштурулган иш-чаралардын каражаттарын бөлүштүрүү механизмдерин түзүү жана аныктоо;
- Бирдиктүү төлөөчү системасынан тышкары иштеген саламаттык сактоо уюмдарын каржылоонун көлөмүн аныктоо жана чыгымдарын пландоо;
- калкты жана саламаттык сактоо уюмдарын сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу үчүн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана жүргүзүү;
- саламаттык сактоо системасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү киргизүү жана өнүктүрүү;
- тейлеген маселелер боюнча эл аралык келишимдерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө гранттарды жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү, эл аралык долбоорлордун жана программалардын ишке ашырылышын камсыз кылуу;
- орто, жогорку кесиптик билим берүү жана медициналык жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө карата квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу жана киргизүү жана мамлекеттик билим берүү заказын түзүү жана медицина тармагынын аймактык муктаждыктарын эске алуу менен орто, жогорку кесиптик билим берүү жана медициналык жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү;
- саламаттык сактоо системасынын кадрдык ресурстарын болжолдоо, пландоо, заказ кылуу жана мониторинг жүргүзүү бөлүгүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү квалификациялардын тармактык алкагын аныктоо;
- коомчулукка билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары жөнүндө маалымдоо;
- мамлекеттик билим берүү уюмунун, саламаттык сактоо уюмунун жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу илимий уюмдардын жетекчиси кызмат ордуна талапкерге коюлуучу критерийлерди жана квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу;
- медициналык жана фармацевттик кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо жаатындагы саясатты аныктоо;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иште мамлекеттик саясатты түзүү жана жүргүзүү;
2) жөнгө салуу функциялары:
- менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын алгачкы медициналык эсепке алуунун жана статистикалык отчеттуулуктун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- медициналык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, коопсуздугун башкаруу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- жеке медициналык жана фармацевттик ишти лицензиялоонун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндө системаны түзүүчү статуска ээ мамлекеттик билим берүү уюмун кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан медициналык билим берүү уюмдарын лицензиялоонун жана аккредитациялоонун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- медициналык жана фармацевттик кадрларды каттоону уюштуруу, саламаттык сактоо уюмдарындагы медициналык кадрлардын кыймылына мониторинг жүргүзүү;
- товарларды импорттоого жана экспорттоого эксперттик корутундуларды берүү;
- жеке менчик медициналык мекемелер жана жеке ишкерлер тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык ишке (жеке менчик медициналык мекемелерде же жеке ишкерлерде жалданып же эмгек келишими боюнча иштеген медицина кызматкерлеринин ишин кошпогондо), ошондой эле фармацевттик ишке лицензия берүү;
- өзгөчө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого/импорттоого/транзитине уруксат берүүчү документтерди (лицензия/уруксат/корутунду) берүү;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү билим берүү ишине лицензияларды берүү;
- медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди, анын ичинде клиникалык кафедралардын окутуучуларын аттестациялоо жүргүзүү жана каттоо;
- медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди, анын ичинде клиникалык кафедралардын окутуучуларын аттестациялоо боюнча функцияларды өткөрүп берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктоо;
- медицина чөйрөсүндө адистерди даярдоого мамлекеттик монополия жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
3) координациялоо, контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
- ден соолукту сактоо жана чыңдоо жаатындагы улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды, мамлекеттик кепилдик программаларын аткаруу боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын иштерин контролдоо;
- медициналык жана фармацевттик кадрларды даярдоонун бардык баскычтарын, анын ичинде чет өлкөлүк студенттердин миграциялык мыйзамдарды сактоосун контролдоо жана алардын мыйзамсыз эмгек ишинин алдын алуу;
- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын бириктирилген бюджетин түзүүнү жана аткарууну координациялоо;
- облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын алдындагы саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссиялар аркылуу менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын ишин контролдоо;
- саламаттык сактоо жаатындагы улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды ишке ашыруу боюнча тармактар аралык координацияны, ошондой эле коомдук уюмдар, жарандык сектор жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
- республиканын аймагын карантиндик жана өзгөчө кооптуу оорулардын келишинен жана жайылышынан санитардык жактан коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү координациялоо;
- жугуштуу оорулардын жана тамак-аштан уулануунун очокторун өз убагында локалдаштыруу жана жоюу боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнү координациялоо жана эпидемияга каршы, алдын алуу иш-чараларын уюштуруу;
- патогендик микроорганизмдер менен иштеген лабораториялардын биологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын калкын жана саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттары менен камсыз кылуу, ата мекендик фармацевттик өнөр жай менен өндүрүү жаатындагы өз ара аракеттенүүнү уюштуруу, жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмегин түзүү боюнча иштерди координациялоо;
- системаны түзүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайынын эл аралык билим берүү жана изилдөө программаларына катышуусун координациялоо;
- саламаттык сактоо уюмдары тарабынан сатып алуу булагына карабастан дары каражаттарынын сарамжалдуу пайдаланылышына контролду камсыз кылуу;
- медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун, техникалык тейлөө фондунун, эпидемиологиялык фонддун жана борборлоштурулган иш-чаралардын каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
- адистерди, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик билим берүү, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын жетекчилерин аттестациялоого мониторингди жана контролду жүзөгө ашыруу;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан медициналык, фармацевттик кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо жаатындагы мамлекеттик заказды аныктоо жана алардын ишин координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунун саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин мезгилдүү аттестациялоо жол-жобосун уюштуруу-методикалык жактан колдоо жана техникалык коштоо бөлүгүндөгү ишин координациялоо;
- системаны түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюму статусуна ээ билим берүү уюмунун формалдуу билиминин сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
- саламаттык сактоо боюнча координациялык жана башка комиссияларды, кеңештерди жана штабдарды түзүү жана алардын ишине катышуу;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан дипломго чейинки жана дипломдон кийинки кошумча кесиптик билим берүү жана медициналык илим маселелерин координациялоо, медициналык билим берүү уюмдарында бирдиктүү мамлекеттик билим берүү стандарттарын, окуу пландарын жана программаларын иштеп чыгуу үчүн сунуштарды киргизүү;
- саламаттык сактоо жаатындагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү координациялоо, саламаттык сактоо жаатындагы илимий жана практикалык иштин ырааттуулугун камсыз кылуу;
- дары каражаттарын, медициналык буюмдарды ата мекендик өндүрүүнү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү медициналык, фармацевттик жана жеке билим берүү ишине лицензиялык контроль жүргүзүү;
4) кызмат көрсөтүү функциялары - калктын ден соолугун чыңдоо, сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана жарандардын өзүнүн жана башка адамдардын ден соолугу үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн жарандык коомду, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана коомдук уюмдарды тартуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
5) колдоо функциялары:
- саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иш-чараларды камсыздоо;
- башка министрликтер жана ведомстволор менен өз ара аракеттенүү аркылуу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга байланышкан маселелерди чечүүгө катышуу, жабыр тарткандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү уюштуруу, тынчтык жана согуш мезгилинде калкты медициналык жактан камсыз кылуу боюнча мобилизациялык даярдыкты жүзөгө ашыруу;
- карамагындагы маселелерди кароодо белгиленген тартипте сот органдарында жана башка мамлекеттик органдарда Министрликтин кызыкчылыктарын билдирүү;
- каржылоо булагына карабастан саламаттык сактоо секторуна түшүүчү финансылык каражаттардын, гуманитардык жардамдын, гранттардын жана кредиттердин түшүшүн жана пайдаланылышын эсепке алууну уюштуруу, аларды саламаттык сактоо системасында пайдалануу боюнча бухгалтердик жана финансылык отчеттуулукту камсыздоо;
- саламаттык сактоо системасындагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүнү жана колдоону камсыздоо;
- товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыкты аныктоо жана тендердик негизде борборлоштурулган сатып алууларды жүзөгө ашыруу;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде билдирүү, башка мамлекеттердин саламаттык сактоо органдары, эл аралык уюмдар менен байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен беренелерге бөлбөстөн каржылоону камсыздоо;
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана финансылык тобокелдиктерди минималдаштырууну камсыздоо;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү билим берүү, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын материалдык-техникалык базасын модернизациялоого көмөктөшүү.
5-глава. Министрликтин укуктары
7. Министрлик төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) Министрликтин иши жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизүүгө;
2) Министрликтин ишинин маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3) саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик эмес мүнөздөгү ведомстволук актыларды иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эл аралык сүйлөшүүлөрдө көрсөтүүгө, саламаттык сактоо жаатында эл аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык келишимдерди (макулдашууларды) түзүүгө жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын атынан эки тараптуу же көп тараптуу макулдашууларга жана келишимдерге, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдар менен түзүлгөн макулдашууларга жана келишимдерге кол коюуга;
5) министрликтерден, административдик ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан башка уюмдардан ден соолукту сактоо жана чыңдоо, анын ичинде социалдык мааниге ээ жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар жаатындагы маселелер боюнча маалыматтарды суроого жана алууга;
6) менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын иши жөнүндө отчетторду угууга;
7) өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын түзүү жана жоюу жөнүндө белгиленген тартипте чечимдерди кабыл алууга, мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын түзүмүн жана уставдарын (жоболорун) бекитүүгө;
8) саламаттык сактоо уюмдарынын типтүү уставдарын (жоболорун) иштеп чыгууга;
9) медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди аттестациялоо маселелерин белгиленген тартипте кесиптик медициналык коомдук уюмдарга, ассоциацияларга (бирикмелерге) өткөрүп берүүгө;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга реструктуризациялоонун жана рационалдаштыруунун жүрүшүндө бошотулган саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарын жана жайларын менчиктештирүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
11) иштин белгиленген чөйрөсүндө координациялык жана кеңеш берүүчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө, алардын жоболорун жана курамын министр бекитет;
12) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого;
13) медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди сыйлоо системасын белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
14) башка мамлекеттердин саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдары, эл аралык уюмдар менен кызматташууга жана ден соолукту сактоо жана чыңдоо жаатындагы макулдашуулардын аткарылышын камсыз кылууга;
15) көз карандысыз эксперттерди тартууга;
16) Министрликтин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
17) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
18) саламаттык сактоо жаатындагы коомдук уюмдардын, ассоциациялардын, фонддордун, кыймылдардын жана жеке жактардын кайрымдуулук жана гуманитардык ишин колдоого;
19) саламаттык сактоо маселелери боюнча эл аралык конгресстерди, кеңешмелерди, семинарларды, конференцияларды жана сынактарды уюштурууга жана өткөрүүгө;
20) басма ишин жүзөгө ашырууга;
21) адам укуктары боюнча эл аралык органдарга берилүүчү мезгилдүү баяндамаларды даярдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдеринин жоболорунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын сунуштоого катышууга;
22) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
6-глава. Министрликтин ишин уюштуруу
8. Министрликти Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри (мындан ары - министр) жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
9. Министрликте министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басары - Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы жана министрдин дарылоо иштери боюнча орун басары кызмат орундары түзүлгөн.
10. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз министрге баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу болбосо да, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
11. Министр:
1) Министрликтин ишин жеке башкаруунун негизинде жетектейт;
2) саламаттык сактоонун республикалык бюджетинин каражаттарынын башкы тескөөчүсү болуп саналат;
3) Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
4) Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат берет жана тиешелүү сунуштарды киргизет;
5) чет мамлекеттерде, эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргойт, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана келишимдерди түзөт;
6) саламаттык сактоо жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген ченемдик укуктук актыларды колдонууну токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет;
7) министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
8) министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет;
9) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоого жана аларды кызмат ордунан бошотууга сунуш киргизет;
10) белгиленген тартипте ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
11) белгиленген тартипте мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
12) Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын түзүмүн бекитет, алардын өзгөртүлүшү Министрликтин милдеттери жана функциялары өзгөргөнүнө гана байланыштуу болушу мүмкүн. Мында министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүүгө негиз болуп эсептелбейт;
13) белгиленген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук уюмдарынын штаттык расписаниесин жана жоболорун бекитет;
14) белгиленген тартипте Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
15) Министрликтин системасындагы кызматкерлер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
16) Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө жана уюмдарына тапшырма берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
17) Министрликтин мүлкүн жана каражаттарын тескейт, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү түзөт;
18) Министрликтин мамлекеттик жарандык кызматчыларын кызмат ордуна дайындайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык Министрликте мамлекеттик жарандык кызмат өтөө менен байланышкан маселелерди чечет;
19) кызмат орду боюнча Министрликтин жарандык коргонуу башчысы болуп саналат;
20) Министрликтин кызматкерлерине белгиленген тартипте класстык чендерди ыйгарат;
21) Министрликтин системасында өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, ардак наамдарды ыйгарууга сунуштайт;
22) Министрликтин кызматкерлерин сыйлоо жөнүндөгү маселелерди белгиленген тартипте чечет жана алардын кызматтык маяналарына жеке үстөк акы белгилейт;
23) жогорку жана орто кесиптик медициналык билим берүү уюмдарынын, ошондой эле Министрликке түздөн-түз баш ийген уюмдардын жетекчилерин сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
24) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана иштешин камсыз кылууга жеке жоопкерчилик тартат;
25) облустук деңгээлдеги саламаттык сактоо боюнча координаторлорго жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине тиешелүү түрдө саламаттык сактоо уюмдарынын жана коомдук саламаттык сактоо боюнча уюмдардын жетекчилеринин эмгек өргүүлөрү маселелерин белгиленген тартипте өткөрүп берет;
26) башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен ага берилген башка укуктарга ээ болот.
12. Ден соолукту сактоо боюнча программалык документтерди, саламаттык сактоону реформалоонун, медициналык билим берүүнүн, илимдин кыйла маанилүү маселелерин, ошондой эле саламаттык сактоо системасындагы кызмат адамдарынын отчетторун биргелешип талкуулоо үчүн коллегия түзүлөт.
13. Министрликтин коллегиясы тогуз адамдан турат, анын курамына: кызмат орундары боюнча министр (коллегиянын төрагасы), министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, ошондой эле саламаттык сактоо системасынын башка жетекчи кызматкерлери кирет.
Коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет.
14. Медициналык илимдин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана илимий-изилдөө иштеринин долбоорлоруна эксперттик баа берүү үчүн Министрликте саламаттык сактоо системасындагы жетектөөчү окумуштуулардан Илимий кеңеш түзүлөт. Илимий кеңеш өз ишин министр бекитүүчү Жобого ылайык жүргүзөт.
7-глава. Корутунду жоболор
15. Министрликти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
16. Министрликтин иши токтотулган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.