Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 4-июну №12
“Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылдык Карагул атындагы маданият үйүнүн ижара акысын бекитүү жөнүндө”
Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылдык Карагул атындагы маданият үйүнүн ижара акысын бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын V сессиясы токтом кылат:
1.Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылдык Карагул атындагы маданият үйүнүн ижара акысы коммерциялык максатта өткөргөн концерт жана башка иш-чараларга сатылган билеттин баасынын 20% өлчөмүндө бекитилсин.
2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык www.abdysuerkulov.gov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага: | И.Өмүрбеков |