Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 4-июну №13
“Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач айылынын тургуну Дүйнөнүн 4 жолку “самбо” боюнча чемпиону, Кыргызстандын намысын коргогон Асылбек уулу Жамалбекти “Абды Суеркулов айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө”
Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач айылынын тургуну Дүйнөнүн 4 жолку “самбо” боюнча чемпиону, Кыргызстандын намысын коргогон Асылбек уулу Жамалбекти “Абды Суеркулов айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын V сессиясы токтом кылат:
1.Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач айылынын тургуну Дүйнөнүн 4 жолку “самбо” боюнча чемпиону, Кыргызстандын намысын коргогон Асылбек уулу Жамалбек “Абды Суеркулов айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык www.abdysuerkulov.gov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага: | И.Өмүрбеков |