Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 4-июну №14
“Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын Бишкек-Ош жолунун жээгинде жайгашкан турак жайларга Торкен айылынын тургуну Асанова Какендин ысмын коюу жөнүндө”
Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын Бишкек-Ош жолунун жээгинде жайгашкан турак жайларга Торкен айылынын тургуну Асанова Какендин ысмын коюу жөнүндөгү маселени карап чыгып, маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын V сессиясы токтом кылат:
1.Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын тургуну, мектептин мугалими, маркум Асанова Какендин ысмы Бишкек-Ош жолунун жээгинде жайгашкан турак жайлардагы көчөгө коюлсун.
2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык www.abdysuerkulov.gov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага: | И.Өмүрбеков |