Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 4-июну №16
“Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Сары-Сөгөт айылынын Тегерек каналын ондоп-түзөөгө жергиликтүү бюджеттен каржылоого каражаты жетишпегендиктен республикалык каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министирлигине караштуу суу ресурстары кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө”
Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Сары-Сөгөт айылынын Тегерек каналын ондоп-түзөөгө жергиликтүү бюджеттен каржылоого каражаты жетишпегендиктен республикалык каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министирлигине караштуу суу ресурстары кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын V сессиясы токтом кылат:
1. Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Сары-Сөгөт айылынын Тегерек каналын ондоп-түзөөгө жергиликтүү бюджеттен каржылоого каражаты жетишпегендиктен, республикалык каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министирлигине караштуу суу ресурстары кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берилсин.
2. Тиешелүү документтерин даярдоо жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык www.abdysuerkulov.gov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага: | И.Өмүрбеков |