Редакцияот 30.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 30-июну №11/9

 

   Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Куйручук айылынын “Ак-Чий” участкасындагы “Ак-Чий” БСРин айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алуу жана Жумгал райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун негизинде, Куйручук-Кызарт айылдык кеӊеши, токтом кылат:

 

1.    Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Куйручук айылынын “Ак-Чий” участкасындагы №1615, №1617, №1618 контурларында жайгашкан 1 га жер аянтын ээлеген “Ак-Чий” БСРи айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алынсын;   

2.    Куйручук-Кызарт айыл аймагынын “Ак-Чий” участкасындагы 1 га жер аянтын ээлеген “Ак-Чий” БСРнин тиешелүү иш кагаздары даярдалып, Суу ресурстары кызматынын Жумгал райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин;  

3.    Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын; 

4.    Айылдык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү Ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жиберилсин; 

5.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;  

6.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Санташовго жүктөлсүн.

 

 Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек