Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 7-июлу № 104
Климаттык иш жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам климаттык иш чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салат жана климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргыз Республикасынын калкына, экономикасына жана экотутумдарына таасирин азайтуу, климаттык туруктуулукту жана Кыргыз Республикасын аз көмүртектүү өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн климаттык иш-аракеттердин укуктук негиздерин белгилейт.
2. Мыйзам Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын максаттарын, милдеттерин, принциптерин жана багыттарын, аны иштеп чыгууга негизги талаптарды, климаттык каржылоо, мониторинг жана баалоо тутумун түзүү жана чыңдоо, илимий-изилдөө ишин өнүктүрүү, потенциалды жогорулатуу, климаттык технологияларды иштеп чыгуу жана өткөрүп берүү үчүн негизди аныктайт.
2-берене. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) адаптациялык потенциал - тутумдардын, мекемелердин, адамдардын жана башка организмдердин потенциалдуу зыянга ыңгайлашуу, мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу же кесепеттерге жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгү;
2) климаттын өзгөрүүсүнө адаптация:
а) антропогендик тутумдарда - зыянды жеңилдетүү же пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн учурдагы же күтүлүп жаткан климатка жана анын таасирлерине ыңгайлашуу процесси;
б) табигый тутумдарда - учурдагы климатка жана анын таасирлерине ыңгайлашуу процесси; адамдын кийлигишүүсү күтүлүп жаткан климатка жана анын таасирлерине ыңгайлашууга өбөлгө түзүүсү мүмкүн;
3) таасир - жаратылыш жана антропогендик тутумдар үчүн ишке ашырылган тобокелдиктердин кесепети, анда тобокелдиктер климаттык кооптуу кубулуштардын, дуушар болуунун жана аярлуулуктун өз ара аракеттеринин натыйжасы болуп саналат. Таасирлер адамдардын өмүрүнө, жашоо каражаттарына, ден соолугуна жана бакубатчылыгына, экотутумдарга жана түрлөргө, экономикалык, социалдык жана маданий активдерге, кызмат көрсөтүүлөргө (экотутумдук кызмат көрсөтүүлөрдү кошкондо) жана инфратүзүмгө таасир этүүчү натыйжаларды туюндурат. Таасирлер жагымсыз же жагымдуу болушу мүмкүн;
4) парник газдарынын чыгындылары - белгиленген райондун чегинде жана белгиленген убакыт аралыгында антропогендик иштин натыйжасында парник газдарынын жана/же алардын прекурсорлорунун жана аэрозолдорунун атмосферага бөлүнүп чыгуусу;
5) ESG-принциптер - компаниялардын ишинде экологиялык (Environmental), социалдык (Social) жана башкаруучулук (Governance) аспекттерди эсепке алууга жана алардын туруктуулугун жана айлана-чөйрөгө, коомго жана башкаруунун ички түзүмүнө таасирин баалоого багытталган негизги принциптер;
6) климаттын өзгөрүүсү - климаттын абалынын өзгөрүүсү, ал анын параметрлеринин орточо маанилериндеги өзгөрүүсү жана/же вариабелдүүлүгү аркылуу аныкталышы мүмкүн болот жана узак мезгил аралыгында, адатта ондогон же андан көп жылдарга сакталат. Климаттын өзгөрүүсү табигый ички процесстерден же күн циклинин модуляциясы, жанар тоолордун атылуусу жана атмосферанын курамында же жерди пайдаланууда узак мөөнөттүү антропогендик өзгөрүүлөр сыяктуу тышкы таасирлерден келип чыгышы мүмкүн.
7) верификация - аккредиттелген верификациялык уюм тарабынан жүргүзүлгөн парник газдарынын чыгындыларынын кыскартылышы же сиңирилиши жөнүндө маалыматтардын аныктыгын көз карандысыз текшерүү;
8) Парник газдарынын чыгындыларынын жана сиңирилишинин мамлекеттик кадастры - Кыргыз Республикасынын аймагында парник газдарынын чыгындылары жана сиңирилиши жөнүндө маалыматтарды системалуу түрдө чогултуу, эсепке алуу, талдоо жана берүү үчүн багытталган, расмий мамлекеттик маалымат ресурсу жана Көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган улуттук маалыматтык-аналитикалык тутум;
9) чыгынды булактарынын категориялары - аларда адамдын иши парник газдарынын чыгындыларына же сиңирилишине алып келүүчү секторлордун топтору: энергетика, өнөр жай процесстери, айыл чарбасы, токой чарбасы, жерди пайдалануунун башка түрлөрү жана калдыктар;
10) парник газдарынын чыгындыларына квота - парник газдарынын чыгындыларынын уруксат берилген деңгээли, бул убакытта квота ээсине өз объектилеринен парник газдарынын чыгындыларынын тиешелүү көлөмүн жүзөгө ашырууга укугу болгон колдонулуу мөөнөтү болот;
11) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат - климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жеңилдетүүгө жана климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоого, климат чөйрөсүндөгү маалыматтык, илимий, социалдык-экономикалык саясатты чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик чаралар жана стратегиялар;
12) климаттык иш - климаттын өзгөрүүсүнүн таасирин азайтууга же климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоого багытталган мамлекеттик да, жеке субъекттер да тарабынан жасалуучу иш-аракеттер;
13) климаттык технологиялар - көмүртек нейтралдуулугуна жана климаттык туруктуулукка жетүүгө багытталган климаттык ишти аткаруу үчүн жабдуу, техника, практикалык билимдер же көндүмдөр;
14) климаттык каржылоо - климаттык иш-аракеттерди колдоого багытталган мамлекеттик жеке жана альтернативдүү булактардан жергиликтүү, улуттук же улуттар аралык каржылоо, климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо жана глобалдуу масштабда климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жеңилдетүүгө арналган, парник газдарынын чыгындыларын кыскартууга, аярлуулукту азайтууга, антропогендик жана экологиялык тутумдардын климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирлерине карата туруктуулугун сактоого жана жогорулатууга багытталган каржылык ресурстар;
15) БУУнун КӨАКынын Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобу - БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы жана Бүткүл дүйнөлүк Метеорологиялык Уюм тарабынан уюштурулган, климаттын антропогендик факторлордон келип чыккан өзгөрүүсүнүн тобокелдигин баалоо үчүн түзүлгөн, климат жаатындагы эксперттерден турган, климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндө бар болгон, бүткүл дүйнө жүзүндө ишенимдүү маалымат булагы катары таанылган мезгил-мезгили менен баалоочу отчетторду жарыялаган, климаттын өзгөрүшүн баалоо боюнча жетектөөчү эл аралык орган;
16) митигация (климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жеңилдетүү) - парник газдарынын чыгындыларын кыскартуу же алдын алуу жана парник газдарынын сиңирилишин күчөтүү үчүн антропогендик кийлигишүү. Жаңы технологияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну, эски жабдуунун энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууну же башкаруу методдорун же адамдардын жүрүм-турумдарын өзгөртүүнү туюндурушу мүмкүн;
17) парник газдарынын чыгындыларын инвентаризациялоо - белгилүү бир мезгил үчүн парник газдарынын булактар боюнча чыгындыларын жана агым боюнча сиңирүүлөрүн баалоого багытталган, климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чаралардын комплекси;
18) Көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук тутуму (КБЖУТ) - Кыргыз Республикасынын аймагында көмүртек бирдиктерин түзүүнү, каттоону, жүгүртүүнү, өткөрүп берүүнү, жокко чыгарууну жана отчеттуулугун камсыз кылуучу укуктук, институционалдык, техникалык жана маалыматтык механизмдердин жыйындысы;
19) Кыргыз Республикасынын Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымы (мындан ары - Улуттук деңгээлде аныкталуучу салым) - Париж макулдашуусунун алкагында иштелип чыккан, климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан улуттук иш-аракеттер планы;
20) Париж макулдашуусу - БУУнун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын алкагындагы макулдашуу, ал 2020-жылдан тартып атмосферада көмүр кычкыл газын азайтуу боюнча чараларды жөнгө салат жана глобалдуу орточо аба табынын өсүшүн 2 ºC тан бир топ төмөн кармоо жана аба табынын 1,5 ºCка чейин өсүшүн чектөө үчүн аракет кылуунун глобалдуу митигациялык максатын, ошондой эле климаттык туруктуулукту жана адаптациялык потенциалды жогорулатуунун жана өнүгүүнүн аярлуулугун азайтуунун адаптациялык максатын аныктайт. Макулдашуу өлкөлөрдүн Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымдарын кабыл алуу аркылуу климаттын өзгөрүүсү алкагында дымактуулуктун ар түрдүү максаттарын жогорулатуунун беш жылдык циклин карайт;
21) парник газдары - инфракызыл нурданууну сиңирип алып, кайра нурланткан жана глобалдуу ысып кетүүнү пайда кылган газ сымал булгоочу заттар: көмүр кычкыл газы (СО2), метан (СН4), азот кычкылы (N2O), гидрофторуглерод (ГФУ), перфторуглероддор (ПФУ), күкүрт гексафториди (SF6) жана азот трифториди (NF3);
22) глобалдуу ысып кетүүнүн потенциалы - ар кандай парник газдарынын 100 жылдык мезгил ичинде глобалдуу ысып кетүүгө тийгизген таасиринин даражасын аныктоочу коэффициент. Тандалган убакыт горизонту боюнча аккумуляцияланган жана эталондук заттын - көмүр кычкыл газынын (СО2) таасири менен салыштырылуучу, ошол заттын бирдик массасы чыккандан кийин радиациялык таасир анын жардамы менен ченелүүчү көрсөткүч. Глобалдуу ысып кетүүнүн потенциалы бул заттардын атмосферада болуусунун ар кандай мөөнөттөрүнүн комбинирленген таасирин жана радиациялык таасирдин пайда болуу жаатында алардын натыйжалуулугун туюндурат. Глобалдуу ысып кетүүнүн потенциалы БУУнун КӨАКынын Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобу тарабынан глобалдуу пайдалануу үчүн эсептелет;
23) проекция - сандык көрсөткүчтүн келечектеги потеициалдуу эволюциясын жана сандык көрсөткүчтөрдүн жыйындысынын билдирүүчү келечектүү баалоо. Болжолдон айырмаланып, келечектеги баалоолор, мисалы, ишке ашырылышы мүмкүн же мүмкүн эмес болгон келечектеги социалдык-экономикалык жана технологиялык иштеп чыгууларга тийиштүү божомолдорго карата шарттуу мүнөзгө ээ;
24) климатты өзгөртүүнүн проекциясы - климаттык моделдерди пайдалануу менен алынган, парник газдарынын жана аэрозолдорунун келечектеги чыгындыларынын сценарийине же концентрациясына климаттык тутумдун моделдештирилген жообу;
25) парник газдарынын чыгындылары боюнча отчеттуулук реестри - парник газдарынын чыгындылары жөнүндө отчетторду камтыган мамлекеттик маалымат тутуму;
26) тобокелдик - белгилүү бир баалуулук коркунуч алдында турган жана акыркы жыйынтыгы аныкталбаган болуп саналган кесепеттердин мүмкүнчүлүгү;
27) БУУнун КӨАКы - 1994-жылдын 21-мартында күчүнө кирген, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясы;
28) көмүртекти секвестрациялоо - токойлор же башка жер үстүндөгү, же деңиздеги экотутумдар тарабынан СО2ни сиңирүү (абсорбация), көмүртекти сиңирүүчүлөрдө (өсүмдүктөрдө, топуракта, океанда ж.б.) байланыштыруу жана узак мөөнөткө сактоо. Бул терминдин башкача колдонулушу СО2ни жер алдындагы катмарларда кармоону жана сактоону түшүндүрөт;
29) парник газдарынын чыгындыларына квоталарды соодалоо тутуму - парник газдарынын чыгындыларына квоталарды жүгүртүүнүн уюштурулган тутуму, ал парник газдарынын чыгындыларына квоталарды сатуучулардын жана сатьгп алуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүү методдорун аныктайт, парник газдарынын чыгындыларына квоталарды учурдагы да, келечектеги да мезгилдерде сатып алууга-сатууга байланыштуу контракттык мамилелерди жүзөгө ашырууга сатып алуучуларга мүмкүндүк берет, анын ичинде парник газдарынын чыгындыларына квоталарды соодалоонун ички корпоративдик тутуму (көз каранды юридикалык жактардын ортосунда же ички корпоративдик деңгээлде бир юридикалык жактын ичинде иштөөчү жана парник газдарынын чыгындыларына квоталардын ички корпоративдик жүгүртүлүшүн камсыз кылуучу парник газдарынын чыгындыларына квоталарды соодалоо тутуму);
30) экономикалык иштин субъектиси - Кыргыз Республикасынын аймагында чарбалык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык же жеке жак (жеке ишкер);
31) адилеттүү өтүү - аз көмүртектүү жана туруктуу экономикага өтүү процессинин аярлуу топторунун социалдык-адилеттүү, инклюзивдүү жана коргоочу укуктарын камсыз кылууга багытталган кайра түзүүлөр тутуму;
32) аярлуу топтор - климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине байланышкан тобокелдиктерге алардын социалдык-экономикалык, географиялык абалынан, дене бойлук абалынан же жаратылыш ресурстарына көз карандылыгынан улам көбүрөөк дуушар болгон, мындай өзгөрүүлөрдөн коргонуу же аларга адаптациялануу үчүн ресурстары же мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана өз укуктарын, коопсуздугун жана бакубаттуулугун коргоодо кыйынчылыктарга туш болгон адамдардын, коомдоштуктун категориялары. Өзгөчө аярлуу топтор болуп майыптыгы бар адамдар, улгайган адамдар, аялдар жана балдар саналат;
33) көмүртек бирдиги - климаттык долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн жана мониторингден, отчеттуулуктан жана верификациялоодон өткөн бир тонна диоксид көмүртегинин эквивалентин (СО2-эквивалент) кыскартуунун же жок кылуунун (сиңирилишинин) верификацияланган көлөмүн туюндурган эсептик бирдик;
34) көмүртек нейтралдуулугу - көмүр кычкыл газына (CО2-эквиваленти) кайра эсептөөдө туюнтулган парник газдарынын чыгындыларынын жана алардын атмосферадан сиңирилишинин ортосундагы нөлдүк баланска жетишүү;
35) туруктуулук - социалдык, экономикалык жана экологиялык тутумдардын кооптуу кубулушка же трендге, мында бул тутумдар өзүнүн башкы функциясын, иденттүүлүгүн жана түзүмүн сактап калгыдай ыкмалар менен таасир этүү же кайра түзүлүү, адаптациялоого, окутууга жана трансформациялоого жөндөмдүүлүгүн бир эле маалда сактап калуу менен каршы туруу жөндөмү;
36) аярлуулук - тутумдун же объектинин жагымсыз таасирге ички жакындыгы;
37) жылуулук аралы эффектиси - чектеш жайгашкан аймактарга салыштырмалуу калктуу конуштарда (айрыкча шаарларда) аба табынын жогорулашы, ал тыгыз жайгашкан курулуштардан, жасалма каптоонун басымдуу болушунан (асфальт, бетон), жашыл өсүмдүктөрдүн аянтынын азаюусунан жана транспорттон, имараттардан жана өнөр жайлардан жылуулуктун бөлүнүп чыгуусунан улам пайда болот.
3-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери
1. Ушул Мыйзамдын максаты климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты пландаштыруу, иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн негиз түзүү болуп саналат, ал төмөнкүлөргө багытталат:
1) парник газдарынын чыгындыларын азайтууга, митигациялоого, климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоого, ошондой эле Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымга ылайык көмүртек нейтралдуулугуна жетишүүгө;
2) климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоого, аярлуулукту азайтууга жана климаттын өзгөрүүсүнүн жагымсыз таасирлерине туруктуулукту жогорулатууга;
3) калктын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, суу ресурстары, айыл чарбасы, жайыттар, токойлор, калктуу конуштар, транспорттук жана энергетикалык инфратүзүм үчүн климаттык тобокелдиктерди азайтууга, ошондой эле шаарлардын абасынын булгануусуна, ысып кетүүсүнө жана жашылдандыруунун жетишсиздигине туруктуулугун жогорулатууга.
2. Ушул Мыйзамдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу үчүн институционалдык негизди чыңдоо;
2) климаттын өзгөрүүсү маселелерин мамлекеттик, ошондой эле тармактык, регионалдык, жергиликтүү жана корпоративдик өнүгүү саясатына интеграциялоо үчүн укуктук негиздерди түзүү;
3) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо тутумун түзүү жана чыңдоо, анын ичинде мониторинг жүргүзүү, отчеттуулук жана верификациялоо тутумун түзүү;
4) климаттын өзгөрүүсү маселелерин эске алуу менен туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүү үчүн шарттарды түзүү;
5) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн маалыматтык, технологиялык жана илимий негизди өнүктүрүү;
6) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
4-берене. Климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
Климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүүдө төмөнкүдөй принциптер сакталууга тийиш:
1) узак мөөнөттүү келечек - климаттык туруктуу, аз көмүртектүү өнүгүү боюнча узак мөөнөттүү климаттык максаттарга жетүү менен жакынкы иш-аракеттердин байланышын белгилөө;
2) иш-аракеттердин баарын камтуучу масштабы - бардык субъекттер иштин бардык чөйрөлөрүндө, нарк түзүүнүн жана жеке керектөөнүн чынжырларында аз деңгээлдеги чыгындылары бар парник газдарынын климатка туруктуу өнүгүүсүн колдоого умтулууга тийиш;
3) айкындуулук жана отчеттуулук - климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатындагы иш-аракеттердин айкындыгы жана ачыктыгы, климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат жана аны ишке ашыруунун натыйжалары, тармактык мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын үзгүлтүксүз отчет берүүсү аркылуу климаттык каржылоо жөнүндө маалыматка коомчулуктун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
4) шайкештик - климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын мамлекеттик тармактык саясаттар менен шайкештигин камсыз кылуу, тармактык өнүктүрүү программаларын, улуттук жана жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүгүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларын иштеп чыгууда климаттын өзгөрүүсү жана климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо маселелерин эсепке алуу;
5) социалдык адилеттүүлүк жана инклюзивдүүлүк - калктын ар кандай топторунун кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн, гендердик аспекттерди эсепке алуу, адилеттүү өтүүнү камсыз кылуу;
6) илимий негиздүүлүк - климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын чараларын иштеп чыгууда, климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо үчүн алдынкы климаттык технологияларды иштеп чыгууда жана киргизүүдө илимий маалыматтарды жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын эсепке алуу;
7) туруктуу өнүгүү - климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда жана ишке ашырууда экономикалык өсүштүн, экологиянын жана айлана-чөйрөнү коргоонун ортосундагы балансты камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын сактоону камсыз кылуу, экотутумдарды жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо;
8) практикалык натыйжалуулуктун артыкчылыгы - климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүүдө жана ишке ашырууда калктын өмүрү жана ден соолугу үчүн тобокелдиктерди азайтууга, абанын сапатын, суунун коопсуздугун, азык-түлүктүн туруктуулугун камсыз кылууга, ошондой эле топуракты, жайыттарды, токойлорду жана шаар чөйрөсүн коргоого багытталган чараларга артыкчылык берилет.
2-глава. Кыргыз Республикасынын климаттык иш-аракеттеринин институционалдык негиздери
5-берене. Стратегиялык документтер жана климаттык отчеттуулук
1. Климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү негизги документтер жана отчеттор болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик стратегиялык пландаштыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аз көмүртектүү өнүктүрүү стратегиясы жана аны ишке ашыруу планы;
2) Улуттук адаптация планы (5 жыл сайын);
3) Улуттук деңгээлде аныкталуучу салым (5 жыл сайын отчет берүү);
4) Парник газдарын инвентаризациялоо жөнүндө улуттук отчет (2 жыл сайын);
5) Улуттук билдирүү (4 жыл сайын);
6) айкындык жөнүндө эки жылдык отчет (2 жыл сайын);
7) климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруудагы прогресс тууралуу маалыматты кароочу адаптация жөнүндө билдирүү (2 жыл сайын);
8) Кыргыз Республикасынын Климаттык инвестициялык программасы.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымы, аны ишке ашыруу планы, Улуттук адаптациялык планы жана Климаттык инвестициялык программасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилет.
3. Климаттык отчеттуулукту иштеп чыгуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
6-берене. Шаардык климаттык пландаштыруу
1. Республикалык маанидеги шаарларда жана Министрлер Кабинети тарабынан калктын санын, абанын булгануу деңгээлин жана башка климаттык тобокелдиктерди эске алуу менен аныкталуучу башка шаарларда жергиликтүү климаттык пландар иштелип чыгат жана бекитилет.
2. Жергиликтүү климаттык пландар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) транспорттон жана стационардык булактардан чыккан чыгындыларды азайтуу боюнча чараларды;
2) жашыл өсүмдүктөрдүн аянтын көбөйтүү жана учурдагы жашыл фондду сактоо боюнча чараларды;
3) шаардык чөйрөнүн ашыкча ысып кетүүсүн төмөндөтүү боюнча чараларды;
4) имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды;
5) нөшөрлүү жамгыр, дренаждык жана башка шаардык инфратүзүмдүн климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатуу боюнча чараларды;
6) натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн жана ишке ашыруу мөөнөттөрүн.
3. Жергиликтүү климаттык пландарды иштеп чыгуу, бекитүү, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
7-берене. Климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана ага мониторинг жүргүзүүгө жооптуу негизги субъектилер
Кыргыз Республикасынын климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын негизги субъектилери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Климаттын өзгөрүүсү маселелери боюнча консультативдик-кеңешүүчү орган;
2) тармактык митигациялык жана адаптациялык саясат жана тиешелүү отчеттуулук чараларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;
3) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган);
4) айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы жана климаттык иш жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары;
5) расмий статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
6) климаттын өзгөрүүсү маселелерин жергиликтүү деңгээлдеги социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына жана пландарына интеграциялоого, аларды ишке ашырууга жана отчет берүүгө жооптуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
7) экономикалык иштин субъектилери жана калк.
8-берене. Климаттын өзгөрүүсү маселелери боюнча консультативдик-кеңешүүчү орган
1. Министрлер Кабинетинин алдында атайын түзүлгөн, туруктуу өнүгүү максаттарына, климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана ага адаптациялоо чараларына жетишүү процесстерин координациялоону жана комплекстүү стратегиялык башкарууну, климаттык каржылоону тартууну камсыз кылуучу Консультативдик-кеңешүүчү орган (мындан ары - Консультативдик-кеңешүүчү орган):
1) климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо боюнча мамлекеттик, аймактык жана тармактык артыкчылыктуу программаларды, долбоорлорду карайт жана жактырат, аларды ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды берет;
2) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, аймактык, тармактык программаларын ишке ашыруу боюнча отчетторду, эл аралык милдеттенмелерин аткаруу боюнча улуттук климаттык отчеттуулукту, анын ичинде климаттык каржылоо маселелерин карайт жана жактырат;
3) климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо боюнча чараларды мамлекеттик пландаштыруу процесстерин (Улуттук деңгээлде аныкталуучу салым, Улуттук адаптациялык план) баштайт, алардын ишке ашырылышын контролдойт жана тиешелүү натыйжаларды бекитет.
2. Консультативдик-кеңешүүчү органды түзүү жана ишин уюштуруу Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.
9-берене. Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары
1. Ушул Мыйзамдын максаттарына жетүү үчүн Министрлер Кабинети төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
1) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча:
а) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн мыйзам чыгаруу негизин өркүндөтөт, климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо багыттарын тармактык жана аймактык стратегияларга, пландарга, программаларга жана долбоорлорго, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын функцияларына интеграциялайт;
б) кызыкдар тараптарды, анын ичинде аярлуу топторду тартуу менен климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо боюнча тармактык саясатты жана чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
в) тоо экотутумдарын, суу ресурстарын, мөңгүлөрдү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, ошондой эле тоолук коомдоштуктардын адаптациялык потенциалын жогорулатууга багытталган чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
г) көмүртекти секвестрациялоо аркылуу парник газдарынын сиңирүүлөрүн күчөтүүгө багытталган чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
д) парник газдарынын чыгындыларын кыскартуу жапа климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча мамлекеттик, регионалдык жана тармактык программаларды беш жылда бирден кем эмес жолу жаңылайт жана алардын ишке ашырылышын уюштурат;
е) Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымга ылайык парник газдарынын чыгындыларын кыскартуу боюнча чараларды ишке ашырат;
ж) климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо боюнча саясаттарды жана чараларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун тармактык тутумдарын уюштурат, белгиленген форматтар боюнча иш тууралуу маалыматтарды чогултат жана системалаштырат;
з) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга байланышуу мониторинг жүргүзүү, маалыматтарды чогултуу процесстерине жана башка процесстерге санариптик технологияларды киргизет;
и) климаттык тобокелдиктерге жана аярлуулукка, анын ичинде тоолуу аймактар үчүн баа берүүнү жүргүзөт, климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча чараларды иштеп чыгат;
к) климаттык өзгөрүүлөрдү жана потенциалдуу тобокелдиктерди эске алуу менен инфратүзүмдү долбоорлоону жана курууну кошо, шаарлардын жана айыл аймактарынын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзөт, ошондой эле абанын булгануусун азайтуу, транспорттон жана жылытуудан чыккан чыгындыларды кыскартуу, жашыл өсүмдүктөрдүн аянттарын көбөйтүү, шаарлардагы жылуулук аралынын натыйжасын төмөндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылат;
л) климаттык технологияларды жана ESG-принциптерин киргизүү боюнча чакан жана орто ишкердикти колдоо программаларын иштеп чыгат;
м) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга өбөлгө түзүүчү экономикалык, фискалдык жана башка инструменттерди, анын ичинде көмүртекти секвестрациялоо жана ESG-принциптерин киргизүүчү экономикалык иштин субъектилерине дем берүү боюнча иштин багыттарын киргизет;
н) аз көмүртектүү өнүгүүгө адилеттүү өтүү принциптерин ишке ашырууну, анын ичинде иш менен камсыз кылууну колдоо жана кызматкерлерди кайра квалификациялоо боюнча чараларды иштеп чыгууну жана киргизүүнү камсыз кылат;
о) Парник газдарынын чыгындыларынын жана сиңирүүлөрүнүн мамлекеттик кадастрын түзүү жана жүргүзүү тартибин белгилейт;
п) парник газдарынын чыгындыларына жана сиңирүүлөрүнө мониторинг жүргүзүүгө жана аларды жөнгө салууга контролду жүзөгө ашырат;
2) Көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук тутумун түзүү жана иштетүү боюнча:
а) Көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук тутумунун туруктуу, ачык-айкын жана натыйжалуу иштөөсү үчүн укуктук негизди түзүүнү, анын ичинде көмүртек бирдиктерин чыгаруу, эсепке алуу, өткөрүп берүү, жокко чыгаруу жана тындыруу тартибин камсыз кылат;
б) улуттук тутумду башкаруунун институционалдык түзүмүн, мамлекеттик органдардын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнү, ошондой эле алардын өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт;
в) көмүртек бирдиктеринин мамлекеттик реестрин түзүүнү жана жүргүзүүнү, анын ичинде көмүртек бирдиктерине менчик укуктарын эсепке алууну жана алар менен жасалган бардык операцияларды белгилөөнү камсыз кылат;
г) парник газдарынын чыгындыларын кыскартуунун жана жок кылуунун мониторингинин, отчеттуулугунун жана верификациясынын методикаларын, ошондой эле көз карандысыз верификаторлорду аккредиттөөгө талаптарды бекитет;
д) климаттык долбоорлорду каттоонун, аларды ишке ашыруунун натыйжалары боюнча көмүртек бирдиктерин чыгаруунун жана эл аралык кызматташуу механизмдеринин алкагында алынган бирдиктерди таануунун тартибин белгилейт;
е) көмүртек бирдиктеринин жүгүртүлүшүндө экологиялык бүтүндүк, ачык-айкындык, маалыматтардын салыштырмалуулугу жана кош эсепке алууга жол бербөө принциптеринин сакталуусун камсыз кылат;
ж) Париж макулдашуусунун 6-беренесине ылайык көмүртек бирдиктерин трансчек аралык берүү жана эл аралык операцияларды жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салат;
з) Көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук тутумун БУУнун КӨАКысынын алкагында колдонулуучу эл аралык реестрлер жана кызматташуу механизмдери менен интеграциялоону уюштурат;
и) тутумдун катышуучуларынын маалыматтарын жана отчеттуулугун ачыкка чыгарууга талаптарды белгилейт, ошондой эле көмүртек бирдиктерин жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
к) көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чараларын аныктайт;
3) климаттык каржылоо жаатында:
а) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган каржылык каражаттарды түзүүгө, бөлүштүрүүгө жана контролдоого туруктуу, комплекстүү жана системалуу мамиле үчүн укуктук негизди түзөт;
б) коомчулукту, анын ичинде аярлуу топторду жана тоолук коомдоштуктарды тартуу менен мамлекеттик климаттык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгат;
в) эл аралык булактардан ресурстарды мобилизациялоону уюштурат, тиешелүү стратегиялык документтерди иштеп чыгууга катышат;
г) долбоордук сунуштардын жана климаттык каржылоонун булактарынын портфелин түзөт;
д) климаттык максаттарга жетүүгө багытталган климаттык каржылоонун механизмдерин жана инструменттерин аныктайт;
е) климаттык каржылоонун ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылат, ар түрдүү булактардан түшкөн климаттык каржылоого мониторинг жүргүзүүнү уюштурат, БУУнун КӨАКысынын форматтары боюнча тиешелүү отчеттуулукту чогултууну жана даярдоону уюштурат;
4) илим, технологиялар жана инновациялар жаатында:
а) илимий жана изилдөө потенциалын, анын ичинде колдонмо жана фундаменталдык изилдөөлөрдүн тутумун, климатка, анын ичинде тоолуу аймактар үчүн байкоо жүргүзүү тутумдарын өнүктүрүүнү жана колдоону кошо өнүктүрөт жана чыңдайт;
б) аз көмүртектүү жана адаптациялык технологияларды жана инновацияларды киргизүүгө жана пайдаланууга өбөлгө түзүүчү экономикалык жана башка инструменттерди киргизет;
в) парник газдарынын сиңирилишинин алдыңкы технологияларын өндүрүүгө жана пайдаланууга, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, биогаз орнотмолорун киргизүүгө, чарбалык жапа башка иштин объектилерин долбоорлоодо, жайгаштырууда, курууда, реконструкциялоодо жана эксплуатациялоодо, ошондой эле шаардык жана башка калктуу конуштарды курууда парник газдарынын түздөн-түз жана кыйыр чыгындыларын азайтууга алып келүүчү алдынкы техниканы жана технологияларды пайдаланууга өбөлгө түзөт;
г) климаттын өзгөрүүсүнө аярлуулукту кыскартуу, экологиялык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу жана туруктуу өнүктүрүү максатында парник газдарынын чыгындыларын азайтуу жана климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо үчүн илим жана техника жаатындагы изилдөөлөрдү, ошондой эле технологияларды, жабдууларды жана процесстерди иштеп чыгууну, өткөрүп берүүнү жана пайдаланууну колдойт;
д) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча консультацияларды жана сунуштамаларды алуу үчүн илимдин өкүлдөрүн тартат;
е) климаттык инновациялар чөйрөсүндөгү долбоорлорду жана изилдөөлөрдү ишке ашыруу үчүн жогорку окуу жайлары жана изилдөө институттары менен кызматташат;
5) билим берүү, потенциалды жогорулатуу жана маалымдоо чөйрөсүндө:
а) климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын, билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги педагогикалык кызматкерлердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатат;
б) климаттык байкоо жүргүзүү тутуму үчүн билим берүү стандарттарын иштеп чыгат жана кадрларды даярдоону камсыз кылат;
в) метеорология, гидрология, климатология, агрометеорология багыттары боюнча адистештирилген кадрларды даярдоону камсыз кылат;
г) климаттын өзгөрүүсү жана туруктуу өнүгүү маселелерин билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги окуу пландарына киргизет;
д) терс социалдык кесепеттерди минималдаштыруу, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана климаттын өзгөрүүсү менен шартталган тармактык кайра түзүүлөрдөн улам эмгек рыногунун жаңы талаптарына адаптациялоо максатында кызматкерлерди, ошондой эле аярлуу топторду кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын жана курстарын киргизет;
е) климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо, туруктуу өнүгүү, ресурстарды башкаруу, туруктуу бизнес, жашыл технологияларды киргизүү жана экологиялык тобокелдиктерди башкаруу маселелери боюнча кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү курстарды уюштуруу жана киргизүү үчүн шарттарды түзүү аркылуу бардык тартылган тараптар үчүн туруктуу билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга түрткү берет;
ж) чакан жана орто ишкердиктин субъектилери үчүн климаттык сабаттуулукту жогорулатуу, анын ичинде парник газдарынын чыгындыларын азайтуу боюнча компетенцияларды жогорулатуу, климаттык жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды колдонуу, климаттык тобокелдиктерге адаптациялоо, ESG-принциптерин чарбалык ишке интеграциялоо, климатка туруктуу бизнес-моделдерди өнүктүрүү боюнча программаларды жана окутуу иш-чараларын уюштурат;
з) БУУнун КӨАКынын климаттык отчеттуулугун жарыялоо аркылуу коомчулукка климаттык иш-аракеттер жана алардын натыйжалары жөнүндө ачык-айкын маалымат берүүнү, анын ичинде парник газдарынын иш жүзүндөгү жана болжолдонгон чыгындылары жөнүндө маалымат берүүнү камсыз кылат;
6) гидрометеорологиялык байкоолор жаатында:
а) ачык-айкындуулукту камсыз кылуунун учурдагы эл аралык процесстеринин алкагында негизги климаттык факторлор боюнча ачык маалыматтардын узак убакыттагы катарларын түзөт жана берет;
б) глобалдуу жана регионалдык климаттык моделдерди пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын аймагы үчүн климаттын келечектеги өзгөрүүсүнүн проекцияларын иштеп чыгат;
7) эл аралык кызматташтык жаатында:
а) БУУ КӨАК, климат жана экология чөйрөсүндөгү эл аралык жана башка фонддор, ошондой эле климат чөйрөсүндөгү башка эл аралык көп тараптуу макулдашуулар жана келишимдер үчүн жооптуу органды аныктайт;
б) климаттын өзгөрүүсү жаатындагы эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат.
8) климаттык иш жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик органдар менен Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
9) ушул Мыйзамда каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.
10-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) кызыкдар тараптар менен биргеликте климаттын өзгөрүүсүн жеңилдетүү жана анын таасирлерине адаптациялоо боюнча мамлекеттик стратегияларды, программаларды жана долбоорлорду коомчулукту, анын ичинде аярлуу топторду тартуу менен ишке ашырууну иштеп чыгат жана уюштурат;
2) парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирилишин инвентаризациялоонун жана аларды баалоонун натыйжаларынын маалыматтар базасынын үзгүлтүксүз жана туруктуу тутумун түзөт, Парник газдарынын чыгындыларынын жана сиңирүүлөрүнүн мамлекеттик кадастрын жүргүзөт;
3) митигация боюнча саясатты жана иш-аракеттерди баалоо үчүн мониторинг жүргүзүү, отчеттуулук жана верфикациялоо тутумун, ошондой эле адаптациялоо чараларына жана алынган колдоого мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун тиешелүү тутумун түзөт, маалыматтарды чогултууну, тиешелүү отчеттуулукту верификациялоону жана баалоону уюштурат;
4) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышына системалуу негизде мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону уюштурат жана отчеттуулукту расмий ведомстволук сайтка жайгаштырат;
5) БУУ КӨАК үчүн жооптуу орган болуп саналат жана тиешелүү улуттук отчетторду даярдоону камсыз кылат;
6) БУУ КӨАК үчүн жооптуу орган катары ар түрдүү эл аралык климаттык фонддорго долбоордук сунуштарга экспертиза жүргүзөт жана кол тамга коет;
7) өзүнүн кадрдык потенциалын туруктуу жогорулатууну жана климаттык чаралар жана алардын натыйжалары тууралуу коомчулукка ачык маалымдоону камсыз кылат;
8) Консультациялык-кеңешүүчү органдын катчылыгынын функцияларын аткарат;
9) парник газдардын чыгындылары боюнча отчеттуулуктун реестрин жүргүзөт.
11-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү прокуратура органдары
1. Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү прокуратура органдары Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын тутумундагы климаттык иш, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын так жана бир түрдүү аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу адистештирилген бөлүмдөр болуп саналат.
2. Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү прокуратура органдары өз компетенциясынын чегинде:
1) ушул Мыйзамдын жана климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо боюнча талаптарды сактоосун текшерет;
3) климаттык иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар аныкталганда прокурордук чараларды көрөт;
4) жарандардын, анын ичинде калктын аярлуу топторунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери бөлүгүндө коргоого катышат;
5) климаттык иш менен байланышкан экологиялык укук бузууларга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укук коргоо органдарынын ишин координациялайт;
6) стратегиялык документтерди жана программаларды климаттык иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо бөлүгүндө кароого катышат.
3. Прокуратуранын айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу органдары өз ыйгарым укуктарын прокуратура жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырышат.
12-берене. Расмий статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында расмий статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан улуттук көрсөткүчтөр топтомуна ылайык климаттык статистиканын маалыматтар банкын түзөт.
2. Климаттын өзгөрүүсү, климаттык каржылоо чөйрөсүндөгү тармактык мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар парник газдарынын чыгындылары жана сиңирүүлөрү, климаттык каржылоо боюнча маалыматтарды түзөт жана расмий статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
3. Маалыматтарды берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
13-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктары:
1) климаттын өзгөрүүсү маселелерин аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына интеграциялоону камсыз кылуу, аларды ишке ашыруу жана алар боюнча отчеттуулук;
2) климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо саясаттарынын жана чараларынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо тутумун уюштуруу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчетторду берүү менен, климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү аймактык мамлекеттик органдардын иши менен байланышкан көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана системалаштыруу;
3) климаттык маселелер менен байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча каражаттарды тартуу;
4) кадрдык потенциалды камсыз кылуу жана климаттык иш-аракеттер жана алардын натыйжалары жөнүндө коомчулукка ачык-айкын маалымдоо.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары:
1) климаттын өзгөрүүсү маселелерин жергиликтүү коомдоштуктарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына сууну үнөмдөө, жашылдандыруу, климаттык тобокелдиктерден сактоо, жерлерди калыбына келтирүү, жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана жергиликтүү инфратүзүмдүн туруктуулугун жогорулатуу боюнча чараларды милдеттүү түрдө чагылдыруу менен киргизүү;
2) жергиликтүү коомдоштуктардын климаттык долбоорлорду ишке ашырууга байланышкан демилгелерин колдоо;
3) климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо боюнча маселелерди чечүүгө жергиликтүү коомдоштуктарды тартуу үчүн шарттарды түзүү.
14-берене. Экономикалык иштин субъектилери жана калк
1. Экономикалык иштин субъектилери:
1) климаттык туруктуулукту, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга жана климаттык технологияларды киргизүүгө багытталган программаларды ишке ашырууга катышат;
2) тиричиликте жана өндүрүштө климаттык технологияларды киргизет;
3) парник газдарынын чыгындыларын кыскартууга, климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоого, адаптациялоого өбөлгө түзүүчү демилгелерди ишке ашырат;
4) ушул Мыйзамдын максаттарына жетүүгө өбөлгө түзүүчү башка ишти жүзөгө ашырат.
2. Парник газдарынын чыгындыларын жүзөгө ашыруучу, киргизүү критерийлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгындылардын көлөмү, иштин түрү, отунду жана энергияны керектөө деңгээли же болбосо объективдүү башка көрсөткүчтөр боюнча аныкталуучу экономикалык иштин ири субъектилери алардын менчигинин формасына карабастан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга парник газдарынын чыгындыларын инвентаризациялоо үчүн зарыл болгон суралган маалыматты жана дайындарды акысыз негизде берет.
3. Чакан жана орто ишкердик субъектилери үчүн ушул беренеде каралган иш-чараларга катышуу ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.
4. Калк жана жарандык коомдун өкүлдөрү:
1) парник газдарынын чыгындыларын азайтууга, климаттык туруктуулукту жогорулатууга жана климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоого багытталган коомдук демилгелерге жана долбоорлорго катышат;
2) күнүмдүк турмушта ресурстарды сарамжал пайдаланууну, энергиянын натыйжалуулугун жана экологиялык жоопкерчиликтүү керектөөнү практикалайт;
3) жергиликтүү коомдоштуктардын климаттык сабаттуулугун жогорулатууга жана маалыматташтырууга көмөктөшөт;
4) ушул Мыйзамдын максаттарына жетүүгө багытталган башка ишти жүзөгө ашырат.
3-глава. Митигациялоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу
15-берене. Митигациялоо процессинин этаптары
Митигациялоо процесси төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
1) парник газдарынын чыгындыларын инвентаризациялоо жана Парник газдарынын чыгындыларынын жана сиңирилишинин мамлекеттик кадастрын жүргүзүү;
2) парник газдарынын булактар боюнча келечектеги чыгындыларынын жана агындылар боюнча сиңирүүлөрүнүн проекцияларын куруу;
3) Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымга ылайык митигациялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
4) мониторинг жүргүзүү, отчеттуулук жана верификациялоо.
16-берене. Парник газдарынын чыгындыларын инвентаризациялоо тутуму жана Парник газдарынын чыгындыларынын жана сиңирүүлөрүнүн мамлекеттик кадастрын жүргүзүү
1. Парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн инвентаризациялоо Кыргыз Республикасынын курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө мониторинг жүргүзүүнүн тутумдук бөлүгү болуп саналат,
2. Парник газдарынын чыгындыларын инвентаризациялоо боюнча жумуштарды уюштуруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ар 2 жылда жүргүзүлөт жана БУУнун КӨАКынын Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобунун тизмегине ылайык антропогендик иштин натыйжасында пайда болгон парник газдарынын бардык чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн камтыйт.
3. Парник газдарынын чыгындыларын жүзөгө ашыруучу бардык мамлекеттик органдар жана менчиктин бардык формасындагы экономикалык иштин ири субъектилери парник газдарынын чыгындыларына жана сиңирүүлөрүнө инвентаризация жүргүзүү процессине көмөктөшүүгө жана ыйгарым укуктуу органга суралган маалыматты жана керектүү дайындарды акысыз негизде берүүгө тийиш.
4. Парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча Парник газдарынын чыгындыларынын жана сиңирүүлөрүнүн мамлекеттик кадастры түзүлөт.
5. Парник газдарынын чыгындыларынын жана сиңирүүлөрүнүн мамлекеттик кадастры Кыргыз Республикасынын аймагында парник газдарынын чыгындыларынын жана сиңирүүлөрүнүн бирдиктүү жана бардыгын камтуучу реестр болуп саналат, ал бардык кызыкдар тараптардын жеткиликтүүлүгү үчүн ачык болот.
6. Парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн инвентаризациялоонун натыйжаларын верификациялоо мамлекеттик деңгээлде мамлекеттик органдардын, изилдөө институттарынын, адистештирилген жогорку окуу жайларынын, илимий жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен жүргүзүлөт. Верификациялоо процессине верификациялоо боюнча эл аралык эксперттер жана эксперттик уюмдар тартылышы мүмкүн.
7. Парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн инвентаризациялоо, анын натыйжаларын верификациялоо, Парник газдарынын чыгындыларынын жана сиңирүүлөрүнүн мамлекеттик кадастрын жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
17-берене. Парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн жөнгө салуу
1. Парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн жөнгө салуу максатында парник газдарынын чыгындыларын мамлекеттик ченемге салуу механизмдери, парник газдарынын чыгындыларына квоталарды соодалоо тутуму колдонулат, ошондой эле бул максаттарда көмүртек бирдиктеринин колдонулушуна жол берилет.
2. Көмүртек бирдиктерин жүгүртүү климаттык долбоорлордун ишин ишке ашыруунун натыйжаларын пайдалануу жана ага дем берүү үчүн жагымдуу экономикалык шарттарды түзүү максатында жүзөгө ашырылат.
Көмүртек бирдиктерин жүгүртүү көмүртек бирдиктеринин реестринде ага тиешелүү жазууларды киргизүү жолу менен катталуучу операциялардын жыйындысын өзүнө камтыйт.
3. Парник газдарынын чыгындыларын ченемге салуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук тутумун түзүү жана иштетүү, көмүртек бирдиктерин каттоо жана пайдалануу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
5. Парник газдарынын чыгындыларына квоталарды соодалоо тутумун жана Париж макулдашуусунун 6-беренеси боюнча эл аралык кызматташууну жөнгө салуучу мыйзамдар Министрлер Кабинети жана башка ченемдик укуктук актылар менен бекитилет.
18-берене. Митигациялык саясаттын артыкчылыктуу багыттары
1. Парник газдарынын чыгындыларын азайтууга жана көмүртек нейтралдуулугуна жетүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын митигациялык саясатынын артыкчылыктуу багыттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Митигациялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн инвентаризациялоонун натыйжаларына, келечектеги чыгындылардын проекцияларына негизделет жана Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымда чагылдырылат.
3. Парник газдарынын келечектеги чыгындыларынын проекцияларын иштеп чыгуу боюнча колдонмо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
4. Узак мөөнөттүү максатка жетүүгө багытталган митигациялоо боюнча саясат жана чаралар:
1) Кыргыз Республикасында стратегиялык документтерди иштеп чыгуу боюнча стандарттарга ылайык иштелип чыгат;
2) климаттык каржылоону мобилизациялоого багытталат жана инвестициялык жагымдуулукту камсыз кылуу үчүн кошумча бөлүмдөрдү камтышы мүмкүн.
5. Митигация боюнча чараларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда мамлекеттик органдар кызматкерлер, үй чарбалары, калктын аярлуу топтору, чакан жана орто ишкердик субъектилери жана жергиликтүү коомдоштуктар үчүн социалдык кесепеттерди эске алууга милдеттүү.
6. Митигация чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын чаралары калктын абалын ашыкча начарлатууга жол бербөөгө багытталган кайра даярдоо, иш менен камсыз кылууну колдоо, технологияларга жеткиликтүүлүк жана башка чаралар менен коштолууга тийиш.
19-берене. Мониторинг жүргүзүү, отчеттуулук жана верификациялоо тутуму
1. Мониторинг жүргүзүү, отчеттуулук жана верификациялоо тутуму митигациялоо боюнча саясатты жана чараларды ишке ашыруу процессинде пайдаланылат жана парник газдарынын чыгындылары жөнүндө сандык маалыматты чогултууга жана көмүртек нейтралдуулугуна жетишүүгө багытталган.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү үчүн багытталган, тутумдун алкагында парник газдарынын чыгындыларын жүзөгө ашыруучу экономикалык иштин ири субъектилеринин отчеттуулугу милдеттүү тартипте варфикациялоодон өткөрүлөт.
3. Мониторинг жүргүзүү, отчеттуулук жана верификациялоо тутуму жөнүндө жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4-глава. Климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу
20-берене. Адаптациялоо процессинин этаптары
1. Климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо процесси төмөнкүдөй этаптардан турат:
1) климаттык тобокелдиктерди жана аярлуулуктарды баалоо;
2) адаптациялык пландоо;
3) климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча чараларды ишке ашыруу;
4) мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
2. Адаптациялоо процесси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын координациялоосу астында адаптациялоону пландоо субъекттери (мамлекеттик, облустук деңгээлде) тарабынан мамлекеттик деңгээлден корпоративдик деңгээлге чейин пландоо деңгээлдеринде жүргүзүлөт.
21-берене. Климаттык тобокелдиктерди жана аярлуулукту баалоо
1. Климаттык тобокелдиктерди жана аярлуулукту баалоо ыйгарым укуктуу органдын методологиялык жана консультациялык колдоосу алдында адаптациялоо субъектиси тарабынан жүргүзүлөт.
2. Климаттык тобокелдиктерди жана аярлуулукту баалоонун максаты болуп пландоо субъектиси үчүн аны аярлуу кылган сезимтал климаттык кооптуу кубулуштардын таасирлеринин тобокелдиктерин талдоо, ошондой эле алардын себептерин жана тиешелүү аракеттерди адаптациялык пландоо үчүн зарыл болгон себеп-натыйжалык байланыштарын аныктоо саналат.
3. Климаттык тобокелдиктерди жана аярлуулукту баалоо методологиясы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
4. Климаттык тобокелдиктерди жана аярлуулукту баалоонун корутунду этабында климаттын өзгөрүүсүнүн таасирлеринен келип чыккан учурдагы жана келечектеги жоготууларды жана зыянды баалоо жүргүзүлөт.
5. Климаттык таасирлерден келип чыккан жоготууларды жана зыянды экономикалык баалоо методикасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
22-берене. Улуттук адаптациялык план
1. Улуттук адаптациялык план адаптациялоо секторунда орто мөөнөттүү пландоо тутумунун бөлүгү болуп саналат жана климатка туруктуулукту жогорулатууга (чыдамдуулук), адаптациялык потенциалды күчөтүүгө, климаттын өзгөрүүсүнүн таасирлерине аярлуулукту азайтууга жана климаттык каржылоону мобилизациялоого багытталган.
2. Адаптациялык пландоо боюнча колдонмо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Улуттук адаптациялык планды иштеп чыгуу процессине бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде аярлуу топтор тартылат.
4. Узак мөөнөттүү максатка жетүүгө багытталган Улуттук адаптациялык план Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн стратегиялык пландоо боюнча методологиясына ылайык иштелип чыгат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
23-берене. Климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо саясатынын негизги багыттары
1. Кыргыз Республикасынын климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо саясатынын климаттык туруктуулукту жогорулатууга жана аярлуулукту азайтууга багытталган артыкчылыктуу багыттарынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Климаттын өзгөрүүнүн таасирлерине адаптациялоо чараларын иштеп чыгуу климаттык тобокелдиктерди, аярлуулукту баалоонун натыйжаларына жана климаттын өзгөрүүсүнүн проекцияларына негизделет жана Улуттук адаптациялык планда жана Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымда чагылдырат.
3. Адаптациялоо секторлорунда мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өнүктүрүүнүн тиешелүү стратегиялык тармактык документтерин түзүүдө адаптациялоону тармактык документтерге интеграциялоо аркылуу анын багыттарын, ошондой эле кызматкерлер, үй чарбалары, калктын аярлуу топтору, чакан жана орто ишкердик субъектилери жана жергиликтүү коомдоштуктар үчүн социалдык кесепеттерди эсепке алат.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын жана калкты социалдык коргоо программаларын иштеп чыгууда климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча чараларды эсепке алат.
5. Климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын чаралары калктын абалын ашыкча начарлатууга жол бербөөгө багытталган кайра даярдоо, иш менен камсыз кылууну колдоо, технологияларга жеткиликтүүлүк программалары жана башка чаралар менен коштолууга тийиш.
24-берене. Калктуу конуштарды жашылдандыруу жана климаттык туруктуулук
1. Калктуу конуштарды жашылдандыруу климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо чараларынын бири болуп саналат жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга түрткү берет.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) учурдагы жашыл фондду эсепке алуу жана сактоо;
2) жашыл өсүмдүктөрдү түрттүргөндө же жок болуп кеткенде компенсациялык жашылдандырууну жүргүзүү;
3) жашыл өсүмдүктөргө кам көрүү жана алардын тамыр алышына мониторинг жүргүзүү;
4) жашылдандыруу көрсөткүчтөрүн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына киргизүү.
3. Жашыл өсүмдүктөрдү эсепке алуу, калыбына келтирүү жана мониторинг жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
25-берене. Адаптациялык аракеттерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо тутуму
1. Адаптациялык аракеттерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо - ишке ашырылуучу долбоорлор жөнүндө отчеттуулукту көзөмөлдөөгө негизделген көп деңгээлдүү тутум, ал индикаторлордун жана суу менен камсыздалуу, ирригациялык тутумдарда сууну жоготуу, деградацияланган жайыттардын аянты, калктуу конуштардагы жашыл өсүмдүктөрдүн аянты, транспорттон чыгындылардын көлөмү, климаттык тобокелдиктердин таасири тийген калктын саны, жана Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка көрсөткүчтөр боюнча эң аз көрсөткүчтөрдү камтыган максаттуу көрсөткүчтөрдүн тутумунун, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адаптациялык пландарынын жана долбоорлорунун маалыматтар базасында катталган түрдүү деңгээлдердеги адаптациялык пландарга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизинде куралат.
2. Адаптациялоо иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүү жана баалоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү тармактык мамлекеттик органдардан жана бардык деңгээлдердеги адаптациялоо пландарын ишке ашырууга тартылган башка субъекттерден адаптациялоо максаттарына жетүүдөгү прогресс жөнүндө маалымат суратууга укуктуу.
4. Адаптациялоо чараларынын жана адаптациялык долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө маалыматты берүүнүн мезгилдүүлүгү жана формалары Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
5-глава. Климаттык каржылоо, климаттык инвестициялар жана климаттык камсыздандыруу
26-берене. Климаттык каржылоо
1. Климаттык каржылоо мамлекеттик, жеке жана альтернативдүү каржылоо булактарынан алынуучу, климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо боюнча чараларды колдоого багытталган жергиликтүү, улуттук же трансулуттук каржылоону, ошондой эле климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттеринен жоготууларды жана зыяндын алдын алууну, азайтууну туюнтат.
2. Климаттык каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөрдүн каражаттары саналат:
1) тиешелүү жылдарга республикалык бюджеттин;
2) тиешелүү жылдарга жергиликтүү бюджеттин;
3) эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын;
4) чет мамлекеттердин;
5) ар түрдүү фонддордун;
6) жеке сектордун;
7) банк секторунун;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
3. Климаттык каржылоону өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) климаттын өзгөрүүсү жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди сактоо;
2) артыкчылыктуу климаттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык ресурстарды мобилизациялоо;
3) мамлекеттик, регионалдык, сектордук жана корпоративдик деңгээлдерде адаптациялык потенциалды жана климаттык туруктуу өнүгүүнү жогорулатуу;
4) Кыргыз Республикасынын экономикасынын мамлекеттик жана жеке секторлорунун БУУнун КӨАКынын каржы механизминин жана эл аралык климаттык каржылоонун башка булактарынын ресурстарына жетүүсүн кеңейтүү;
5) аз көмүртектүү өнүгүүгө өтүү жана көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү;
6) туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө көмөктөшүү.
Климаттык каржылоону пайдалануунун артыкчылыктуу багытын калк үчүн, анын ичинде суу менен камсыздоо, ирригация, топуракты жана жайыттарды коргоо, калктуу конуштарды жашылдандыруу, коомдук транспортту модернизациялоо, энергиянын натыйжалуулугу жана инфратүзүмдүн туруктуулугу чөйрөлөрүндө тобокелдиктерди азайтууну камсыз кылуучу долбоорлор түзөт.
4. Климаттык каржылоо жана климаттык инвестицияларды тартуу инструменттерин иштеп чыгуу Министрлер Кабинети аныктоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү, эл аралык инвестицияларды тартуу жана экологиялык туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзүү максатында Жашыл таксономия колдонулат. Жашыл таксономия Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
6. Климаттык каржылоо жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
27-берене. Климаттык бюджеттештирүү
1. Кыргыз Республикасында финансыны мамлекеттик башкаруу тутумуна климаттык максаттарды жана милдеттерди интеграциялоо максатында климаттык бюджеттештирүү киргизилет.
2. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди пландаштырууда жана аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) климаттык артыкчылыктарды эске алууга;
2) транспорт, энергетика, суу чарбасы, курулуш, айыл чарбасы жана турак жай-коммуналдык инфратүзүм чөйрөлөрүндөгү мамлекеттик инвестициялык долбоорлор боюнча климаттык туруктуулукка жана климаттык тобокелдиктерге баалоо жүргүзүүгө;
3) мониторинг жүргүзүүнү жана отчеттуулукту белгиленген тартипте камсыз кылууга.
3. Бюджетти пландоодо климаттык артыкчылыктарды эсепке алуу тартиби жана методологиясы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
28-берене. Климаттык каржылоону мобилизациялоо
1. Климаттык каржылоону мобилизациялоо ушул Мыйзамдын 5-беренесине ылайык стратегиялык документтерде жана климаттык отчеттуулукта каралган климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган булактардан финансы ресурстарын тартуу жана бөлүштүрүү үчүн жүргүзүлөт.
2. Климаттык иш-аракеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон климаттык каржылоо белгиленген тартипте иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук концепциялардын негизинде БУУнун КӨАКынын финансылык механизмине жана климаттык каржылоонун башка булактарына берүү үчүн тартылат.
29-берене. Климаттык каржылоого мониторинг жүргүзүү
1. Климаттык каржылоого мониторинг жүргүзүү тутумун түзүү максатында Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, климаттык каржылоонун жана климаттык инвестицияларды тартуунун инструменттерин иштеп чыгуу боюнча орган Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылуучу Климаттык долбоорлордун бирдиктүү маалыматтар базасын түзөт жана аны туруктуу негизде жүргүзөт.
2. Климаттык долбоорлордун бирдиктүү маалыматтар базасын жүргүзүү тартиби, базаны жүргүзүү үчүн суралуучу маалыматтын мезгилдүүлүгү жана форматы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
30-берене. Климаттык камсыздандыруу
1. Климаттык камсыздандыруу жеке жана юридикалык жактарды, ошондой эле критикалык инфратүзүм объектилерин жагымсыз климаттык шарттардын экономикалык кесепеттеринен коргоонун каржылык механизми болуп саналат.
2. Климаттык камсыздандыруунун негизги максаттары:
1) климаттын өзгөрүүсүнө карата экономиканын негизги тармактарынын туруктуулугун камсыз кылуу;
2) айыл чарбасында, энергетикада, инфратүзүмдө жана суу ресурстарында жоготуулардын тобокелдиктерин азайтуу;
3) климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоонун каржылык механизмдерди түзүү;
4) камсыздандыруу өнүмдөрүнө жеке инвестицияларды тартуу жана кайра камсыздандыруу механизмдерин кеңейтүү.
3. Климаттык камсыздандыруу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Климаттык камсыздандырууну мамлекеттик колдоонун инструменттери, механизмдери жана түрлөрү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Климаттык камсыздандыруу механизмдерин иштеп чыгууда айыл чарбасындагы, суу чарбасындагы, социалдык жана транспорттук инфратүзүмдөгү тобокелдиктер, ошондой эле калктын аярлуу топтору үчүн тобокелдиктер биринчи кезекте эске алынат.
6-глава. Климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын илимий жана инновациялык негизи жана билим потенциалын жогорулатуу
31-берене. Байкоо жүргүзүү тутуму, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана маалыматтарды башкаруу
1. Кыргыз Республикасындагы климаттык байкоо жүргүзүү тутуму Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын гидрометеорологиялык кызматынын, суу ресурстарьт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын метеорологиялык станцияларынын жана гидропостторунун тарамын туюндурат жана илимий-изилдөө институттарынын өзүнчө байкоо жүргүзүү пункттарын камтыйт.
2. Узак убакыттык катарлардын маалыматтар банкы белгиленген функциялардын алкагында жогоруда көрсөтүлгөн уюмдардын ар бири тарабынан жүргүзүлөт.
3. Гидрометеорологиялык кызмат талдоо жүргүзөт жана бекитилген тизмеге ылайык калкка жана уюмдарга климаттык кызматтарды көрсөтөт. Адаптациялык пландаштыруунун максатында гидрометеорологиялык кызмат эл аралык климаттык моделдердин негизинде келечектеги климаттык өзгөрүүлөрдүн проекцияларын иштеп чыгат.
4. Илимий-изилдөө институттары мөңгүлөрдүн динамикасына, суу агымына жана геофизикалык процесстерге изилдөө жүргүзүшөт.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БУУ КӨАК боюнча өлкөнүн отчетторун даярдоо үчүн жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар базаларында камтылган маалыматтарды акысыз негизде суратууга укуктуу.
32-берене. Климаттык технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүү
1. Климаттык технологияларды иштеп чыгуу, киргизүү жана жайылтуу БУУ КӨАК технологиялык механизминин эгидасы алдында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Технологиялык иш-аракеттер планына ылайык жүргүзүлөт.
2. Технологиялык иш-аракеттер планы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет жана киргизүү үчүн артыкчылыктуу болгон климаттык адаптациялык жана климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жеңилдетүүгө багытталган технологияларды камтыйт.
3. Климаттык технологияларды иштеп чыгуу, киргизүү жана жайылтуу процесстерин өбөлгөлөө, ошондой эле экологиялык, социалдык жана башкаруучулук туруктуулуктун (ESG) принциптерин киргизүү максатында:
1) салык жеңилдиктери, субсидиялар, жеңилдетилген, анын ичинде пайызсыз кредиттерди берүү, гранттар түрүндөгү экономикалык жана финансылык инструменттер колдонулат;
2) экономиканын ар түрдүү секторлорунда климаттык чечимдерди жана ESG-ыкмаларын өнүктүрүүгө жана колдонууга багытталган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору киргизилет;
3) жеңилдетилген же акысыз каржылоону жана менторлукту кароочу аз көмүртектүү технологиялар жана ESG-демилгелери жаатындагы стартаптарды колдоонун мамлекеттик гранттык жана башка программалары иштелип чыгат;
4) аз көмүртектүү технологиялар жана кесиптик жана тиричилик иште ESG-практикасын ишке ашыруу боюнча методикалык колдонмолор, адистештирилген кыска мөөнөттүү курстар иштелип чыгат жана билим берүү практикасына киргизилет;
5) аларды өндүрүүнүн жана пайдалануунун өсүшүнө түрткү берүү максатында мамлекеттик мекемелердин аз көмүртектүү технологияларды, ESG-принциптерине ылайык келүүчү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусуна жана пайдалануусуна багытталган мамлекеттик сатып алуулардын программасы иштелип чыгат жана киргизилет;
6) климаттык жана ESG-демилгелерин өнүктүрүүнү колдоого багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка инструменттер.
4. Тармактык мамлекеттик органдар, мамлекеттик изилдөө институттары, адистештирилген жогорку окуу жайлары климаттык технологияларды иштеп чыгуунун, киргизүүнүн жана жайылтуунун зарылдыгы жана артыкчылыктары жөнүндө коомчулукка маалымат берет.
5. Ушул берененин 3-пунктунда каралган климаттык технологияларды иштеп чыгуу, киргизүү жана жайылтуу, ошондой эле экологиялык, социалдык жана башкаруучулук туруктуулуктун принциптерин киргизүү процесстерин өбөлгөлөө механизмдери Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
33-берене. Илимди өнүктүрүүнү колдоо жана дем берүү
1. Министрлер Кабинети климаттын өзгөрүүсү жана аз көмүртектүү өнүгүү менен байланышкан маселелерди төмөнкү учурларда эске алат:
1) илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоодо;
2) мамлекеттик тапшырыктын алкагында мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программалардын, ошондой эле фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорунун тизмегин түзүүдө.
2. Илимге дем берүү жана колдоо механизмдери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
34-берене. Климаттык билим берүү, потенциалды жогорулатуу жана климаттын өзгөрүүсү жаатындагы маалымдоо
1. Министрлер Кабинети экологиялык билим берүүнү жигердештирүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү жаатында кадрларды даярдоо жана адистердин квалификациясын жогорулатуу, коомчулукка маалымат жеткирүү, климаттын өзгөрүүсү боюнча комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүү жана анын Кыргыз Республикасынын экономикасына жана жаратылыш ресурстарына, анын ичинде экономикалык иштин субъектилерине тийгизген таасирин баалоо, ошондой эле климаттын өзгөрүүсү маселелери боюнча маалыматка жетүү боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат.
2. Климаттык билим берүү демилгелерин иштеп чыгууда жана ишке ашырууда гендердик аспектилер жана калктын аярлуу топторунун керектөөлөрү эске алынат.
3. Климаттык билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан билим берүү инструменттерин киргизүү Министрлер Кабинети тарабынан санариптик технологияларды колдонуу менен, анын ичинде онлайн-курстарды уюштуруу, интержигердүү платформаларды түзүү жана иштетүү, электрондук окуу материалдарын киргизүү аркылуу жүргүзүлөт.
7-глава. Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана эл аралык кызматташтык
35-берене. Ачык-айкындуулук жана кызыкдар тараптарды тартуу
1. Коомчулук климаттык долбоорлор, парник газдарын азайтуу жана климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн инвентаризациялоонун жыйынтыктары жана климаттык отчеттуулук жөнүндө маалыматка тоскоолдуксуз жетүүгө укуктуу.
2. Климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу процессине коомчулукту тартуу механизмдери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) маалымат берүү - жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тарамдарда жана байланыштын башка каналдары аркылуу маалыматты жайылтуу, климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо маселелери боюнча отчеттуулукту жана башка маалыматтарды жарыялоо, ведомстволук расмий сайттарды системалык түрдө жаңыртып туруу;
2) билим берүү демилгелери - климаттын өзгөрүүсү маселелери боюнча коммерциялык эмес сектордун жана калктын потенциалын жогорулатууга багытталган билим берүү иш-чараларын уюштуруу;
3) коомдук консультациялар жана чечимдерди кабыл алууга катышуу - климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга коомчулуктун өкүлдөрүн, экономикалык иштин субъектилерин, илимий жана эксперттик коомчулукту тартуу, коомчулуктун өкүлдөрүн тиешелүү ведомстволук жана ведомстволор аралык жумушчу топторго киргизүү;
4) кайтарым байланыш - климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди берүү мүмкүнчүлүгүн берүү.
36-берене. Эл аралык кызматташтык
Көмүртек нейтралдуулугуна жана климаттык максаттарга улуттук деңгээлде жетүү максатында Кыргыз Республикасы:
1) улуттук саясаттын максаттарына жана милдеттерине жетүү механизмдерин өркүндөтүү максатында, биргелешкен климаттык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле тажрыйба алмашуу жана илимий изилдөөлөр менен иштеп чыгуулар, аз көмүртектүү технологиялар жөнүндө маалыматты алмашуу аркылуу чет мамлекеттер менен кызматташууну түзөт;
2) климаттык каржылоону тартуу маселелери боюнча финансылык институттар менен өз ара аракеттенет;
3) БУУнун КӨАКынын Тараптарынын ар жылдык Конференцияларына жана белгиленген Конференциялардын алкагында уюштурулуучу иш-чараларга улуттук климаттык күн тартибинин маселелери жана БУУнун КӨАКынын Тараптарынын Конференцияларынын күн тартибинин башка маселелери боюнча өлкөнүн көз карашын, позициясын, кызыкчылыктарын жана сунуштарын билдирүү менен катышуу үчүн өкүлдөрдү жиберет;
4) БУУнун КӨАКын жана Париж макулдашуусун ратификациялоо менен, Кыргыз Республикасынын улуттук контексти жана кызыкчылыктары менен аныкталуучу алкакта Конвенция боюнча милдеттенмелерди аткарат жана Конвенцияны ишке ашыруу боюнча улуттук климаттык отчеттуулук документтерин үзгүлтүксүз берип турат.
37-берене. Парламенттик контроль
1. Министрлер Кабинети жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берет.
2. Көрсөтүлгөн маалымат төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү жөнүндө маалыматтарды;
2) тартылган жана пайдаланылган климаттык каржылоо жөнүндө маалыматтарды;
3) климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо жана митигация боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды;
4) ушул Мыйзамды аткаруудагы көйгөйлөр жана аларды четтетүү боюнча сунушталган чаралар жөнүндө маалыматтарды.
8-глава. Корутунду жоболор
38-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузган жактар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
39-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 71 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 462-ст.);
2) "Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын 21-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 817-ст.).
3. Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |