Редакцияот 28.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2026-жылдын 28-июлу № 136

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 28-январы, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 63-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү.";

2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 65-1-берене менен толукталсын:

"65-1-берене. Шайлоодо добуш берүү күнү

1. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү дем алыш күнү болуп саналат.

2. Кызматкер добуш берүүгө катышкандыгы тастыкталган шартта ошол күн үчүн анын бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат.

3. Кызматкерлерди ошол күнү ишке тартуу ушул Кодекстин 67 жана 109-беренелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Мында ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген ченемдер колдонулбайт.

4. Жарандардын добуш берүүгө катышкандыгы тастыкталган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте кошумча жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды берүү каралышы мүмкүн.".

2-берене.

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

8-берененин 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "з" пунктчасы менен толукталсын:

"з) анын ичинде жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү.".

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган