Загрузка документа…
|
| |
|
| 3-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 токтомуна) |
Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Типтүү жобо) медициналык-социалдык экспертиза системасынын мекемелер системасынын баштапкы деңгээли болуп саналган, аймактык принцип боюнча балдарды жана чоң кишилерди эксперттик жактан тейлеген аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (мындан ары - аймактык МСЭК) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Аймактык МСЭКтер Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун (мындан ары - РМСЭБ) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
3. Аймактык МСЭКтер өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, РМСЭБдин чечимдерин жана ушул Типтүү жобону жетекчиликке алат.
4. Аймактык МСЭКтин мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган штампы жана мөөрү болот.
2-глава. Аймактык МСЭКтин максаттары жана милдеттери
5. Аймактык МСЭКтин максаты жарандарды жашоо-тиричилигинин категорияларынын бузулуу даражасы бар экендигин өз убагында жана сапаттуу күбөлөндүрүүнү камсыз кылуу, майыптыгы бар адамдардын социалдык коргоо, реабилитациялоо жана абилитациялоо чараларына муктаждыгын аныктоо болуп саналат.
Аймактык МСЭКтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өз убагында жана сапаттуу медициналык-социалдык экспертизадан өткөрүүнү камсыз кылуу, эмгекке жарамдуулугун баалоо жана организмдин функцияларынын туруктуу бузулушунан улам пайда болгон жашоо-тиричилигиндеги чектөөлөрдү баалоонун негизинде күбөлөндүрүлүүчү адамдын социалдык коргоо чараларына муктаждыгын белгиленген тартипте аныктоо;
2) күбөлөндүрүлүүчү адамдын кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын баалоо;
3) майыптыгы бар адамдарга эмгектин мүнөзү жана шарттары боюнча эмгекти сунуштоо;
4) жарандардын майыптыгынын себебин аныктоо;
5) майыптыктын түзүмүн өз убагында жана сапаттуу эсепке алууну жана талдоону камсыз кылуу, медициналык-социалдык экспертизадан өткөн жарандар жөнүндө электрондук базага киргизүү.
3-глава. Аймактык МСЭКтин функциялары
6. Аймактык МСЭКтер төмөнкү функцияларды аткарат:
1) жарандардын эмгекке жарамдуулугун убактылуу жана туруктуу жоготушуна медициналык-социалдык экспертиза жүргүзөт, майыптыгы бар экендиги фактысын белгилейт, майыптыктын тобун, себептерин (келип чыккан жагдайларды жана шарттарды), майып болгон мөөнөттөрүн жана убактысын, майыптыгы бар адамдардын социалдык колдоонун ар кандай түрлөрүнө муктаждыгын аныктайт;
2) майыптыгы бар баланын жана/же адамдын башка бирөөнүн туруктуу багуусуна муктаждыгын жана/же башка адамдын туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыгын аныктайт;
3) эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн өтүнүчү боюнча майыптыгы бар баланын жана/же адамдын башка адамдын туруктуу багуусуна муктаждыгын жана/же башка адамдын туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыгынын негиздүүлүгүнө контролдук күбөлөндүрүү жүргүзөт;
4) эмгектик милдеттерин аткарууга байланыштуу мертинген же ден соолугуна башка зыян келтирилген адамдардын кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын (пайыз менен) белгилейт;
5) эмгектик мертинүүдөн же кесиптик оорудан жабыркаган, майыптыгы бар жарандардын жардамдын кошумча түрлөрүнө, реабилитациялоонун техникалык каражаттарына, медициналык жана кесиптик реабилитациялоого жана абилитациялоого муктаждыгын аныктайт;
6) майыптыгы бар адамдардын кыймылдоонун көмөкчү каражаттарына болгон муктаждыгын аныктайт;
7) саламаттык сактоо уюмдарынын врачтарына экспертиза маселелери боюнча консультациялык жардам көрсөтөт, анын ичинде майыптыгы бар адамдарга жана бейтаптарга консультациялык күбөлөндүрүүнү жүргүзөт;
8) майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программаларын иштеп чыгат жана алардын ишке ашырылышын контролдойт, майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруунун аймактык МСЭКтин сунуштарына ылайыктуулугуна баа берет;
9) майыптыгы бар адамдар үчүн алардын ден соолугунун абалына ылайыктуу эмгектин, иштин жана кесиптин шарттары менен түрлөрүн, ошондой эле бузулган эмгекке жарамдуулугун калыбына келтирүүгө же жогорулатууга мүмкүн болгон шарттарды жана методдорду аныктайт;
10) тейлөө аймагында майыптыктын абалын жана себептерин иликтейт жана талдайт, РМСЭБге, зарыл учурда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берет;
11) саламаттык сактоо уюмдары жана иш берүүчүлөр менен бирдикте майыптыктын алдын алуунун комплекстүү программаларын иштеп чыгууга катышат;
12) зарыл медициналык документтер болгон учурда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жолдомосу боюнча:
- тастыктоону талап кылган майыптыктын белгилеринин болушуна каза болгондон кийинки экспертизаны жүргүзөт;
- майыптыгы боюнча жөлөкпулдарды жана пенсияны төлөө үчүн өткөн мезгилге майыптыкты белгилейт;
- социалдык стационардык мекеменин тиби жөнүндө корутунду берет;
- жаза өтөө жерлериндеги соттолгондорго күбөлөндүрүүнү жүргүзөт;
13) медициналык документтер жана жабырлануучунун жашоо-тиричилигиндеги чектөөлөрдүн эмгектик милдеттерин аткарууга байланышкан эмгектик мертинүүдөн же ден соолугунун башка бузулушунун байланышы бардыгын ырастаган документтер болгон учурда иш берүүчүнүн жолдомосу боюнча өткөн мезгил үчүн төмөнкү маселелерди карайт:
- көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде майыптыктын белгилеринин болушу, майыптыктын себеби жөнүндө;
- майыптык келип чыккан мөөнөттөр жана убакыт жөнүндө;
- кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасы жөнүндө;
- жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждык жөнүндө;
- ден соолугу боюнча жеткиликтүү эмгектин жана кесиптин шарттары жана түрлөрү жөнүндө.
4-глава. Аймактык МСЭКтин укуктары
7. Аймактык МСЭКтер төмөнкүлөргө укуктуу:
- майыптыгы бар адамдардын экспертизасы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга, реабилитациялоо жана абилитациялоо чараларын иштеп чыгууга, алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө;
- мамлекеттик органдардан, саламаттык сактоо уюмдарынан, иш берүүчүлөрдөн экспертизаны жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды, анын ичинде күбөлөндүрүүдөн өтүп жаткан адамдардын эмгегинин мүнөзү жана шарттары жөнүндө маалыматтарды, майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу жөнүндө сунуштардын аткарылышы жана аларды ишке орноштуруу мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтарды суратууга жана алууга;
- реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программаларында каралган иш-чаралардын аткарылышына байкоо жүргүзүү үчүн майыптыгы бар адамдарга контролдук күбөлөндүрүү жүргүзүүгө;
- күбөлөндүрүүдөн өтүп жаткан адамдарды алардын клиникалык-функционалдык диагнозун тактоо жана калыбына келтирүүчү дарылоо жүргүзүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарына жиберүүгө;
- саламаттык сактоо уюмдарынан аймактык МСЭКке жөнөтүлүүчү медициналык документтерди талаптагыдай даярдоону талап кылууга жана алардын объективдүүлүгүн контролдоого;
- РМСЭБге аймактык МСЭКтердин ишин жакшыртуу, майыптыкты алдын алуу, майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо, абилитациялоо жана ишке орноштуруу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- аймактык МСЭКтердин жыйналыштарына саламаттык сактоо уюмдарынын, кесиптик бирликтердин өкүлдөрүн, менчигинин түрүнө карабастан иш берүүчүлөрдү чакырууга;
- саламаттык сактоо уюмдары менен бирдикте саламаттык сактоо уюмдарынын майыптыкты алдын алуу, реабилитациялоо жана абилитациялоо иш-чараларын жүргүзүү боюнча ишин изилдөөгө, маселелерди облустук саламаттык сактоо уюмдарынын коллегиясынын биргелешкен жыйналыштарынын кароосуна киргизүүгө;
- адистиги боюнча квалификациялык категория ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине аттестациялоого документтерди берүүгө.
5-глава. Аймактык МСЭКтин милдеттери
8. Аймактык МСЭКтерге төмөнкүдөй милдеттер жүктөлгөн:
1) өзүнүн кесиптик билимин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү;
2) кызматтык милдеттерин билүү жана так аткаруу;
3) эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, РМСЭБдин тапшырмаларын аткаруу;
4) жалпыга маалымдоо каражаттарына медициналык-социалдык экспертизанын маселелерин чагылдыруу;
5) кесиптик-этикалык ченемдерди сактоо.
6-глава. Аймактык МСЭКтердин ишин уюштуруу
9. РМСЭБ МСЭКтин материалдык базасын өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт, аймактык МСЭКтердин иш пландарын, графиктерин карап чыгат жана бекитет.
10. РМСЭБдин жетекчиси аймактык МСЭКтердин жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот. Аймактык (райондор аралык жана шаардык) МСЭКтин төрагасы болуп жогорку медициналык билими бар жана медициналык-социалдык экспертиза чөйрөсүндө иш стажы 7 жылдан кем эмес болгон адам дайындалат.
Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы бир жолу гана беш жылдык мөөнөткө дайындалат.
11. Аймактык МСЭКтин төрагасы белгиленген тартипте комиссиянын ишин уюштуруу, өз убагында жана сапаттуу аткаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, медициналык документтердин жана архивдин абалы жана сакталышы үчүн, жүктөлгөн милдеттерди аткаруу жана төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында жана жарандык мыйзамдарында белгиленген тартиптик, административдик, кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат:
- комиссиянын ишин өз убагында жана сапаттуу аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
- МСЭКтин кызматкерлери тарабынан ички тартип эрежелерин жана эмгек тартибин сактоо;
- экспертиза маселелерин РМСЭБдин кароосуна киргизүү.
Төрага бардык уюмдарда, сот жана башка органдарда МСЭКтин атынан чыгат.
12. МСЭК ижара акысын төлөбөстөн саламаттык сактоонун дарылоо, окуу уюмдарынын базасында жайларда, оорулууларды ар тараптан текшерүү үчүн зарыл шарттары (ар түрдүү адистиктеги врачтары, диагностикалык кабинеттери, лабораториялары) бар муниципалдык жайларда жайгашат.
13. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, муниципалдык органдар тарабынан МСЭКке берилүүчү жайлар өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келүүгө, майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүү болууга, санитардык-гигиеналык талаптарга жана коопсуздук техникасынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, муниципалдык органдар тарабынан МСЭКке берилүүчү жайлар төмөнкүлөрдүн болушун карайт: күтүү үчүн бөлмөлөр, эксперт-врачтардын кабинети, каттоо бөлүмү, архив.
14. МСЭКти жайгаштыруу үчүн саламаттык сактоо уюмдары жана муниципалдык органдар тарабынан берилүүчү жайлардын аянты төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ылайык келүүгө тийиш:
- күтүү үчүн бөлмө - 24 квадрат метрден кем эмес;
- каттоо бөлүмү - 24 квадрат метрден кем эмес;
- эксперт-врачтар кабинети - 30 квадрат метрден кем эмес;
- архив үчүн жай - 24 квадрат метрден кем эмес.
15. Аймактык МСЭКтер өтө оорулууларды жана майыптыгы бар адамдарды үйүндө күбөлөндүрүү, көчмө жыйындарды өткөрүү үчүн атайын транспорт менен камсыз кылынат.
16. Оорунун жана майыптыктын түзүмүнүн (курамдын сапаттык көрсөткүчү) деңгээлине (интенсивдүү көрсөткүч калктын белгиленген санына эсептелет) жараша төмөнкүдөй эксперттик комиссиялар түзүлөт:
- жалпы профилдеги;
- кургак учук менен ооругандарды, психикалык бузулуулары, көрүү органдарынын оорулары, кан айлануу органдарынын оорулары бар адамдарды күбөлөндүрүү үчүн адистештирилген профилдеги;
- аралаш профилдеги.
18 жашка чейинки курактагы адамдарга экспертиза жүргүзүү үчүн педиатриялык МСЭКтер түзүлүшү мүмкүн.
17. Аймактык МСЭКтер калктын санын эске алуу менен түзүлөт. Жалпы профилдеги райондор аралык МСЭКтер төмөнкүдөй эсептөөнүн негизинде түзүлөт: чоң адамдардын (18 жаш жана андан улуу курактагы) 100-120 миң адамына бир комиссия же жалпы калктын 70-90 миң адамына бир комиссия.
Өзгөчө тартипте географиялык, демографиялык жана башка өзгөчөлүктөрдү (калктын жыштыгы, алыстык, оорунун жана майыптыктын деңгээли) эске алуу менен калктын аз санына эсептелген (белгиленген ченемдин 75%ынан кем эмес) МСЭК түзүлүшү мүмкүн.
18. Аймактык МСЭКтердин эксперт-врачтарга коюлган квалификациялык талаптар - жогорку медициналык билим, саламаттык сактоо чөйрөсүндө адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кызматкерлердин ээлеген кызмат ордуна кесиптик ылайыктыгы үч жылда бир жолу өткөрүлүүчү аттестациялоо аркылуу аныкталат.
19. Эксперттик чечим кабыл алуучу аймактык МСЭКтер 3-4 жана андан ашык эксперт-врачтан (терапевт, невропатолог, хирург, реабилитолог) турат.
20. Адистештирилген профилдеги (медицинанын айрым тармагындагы атайын билимдерди талап кылган) комиссияга адистиги комиссиянын профилине ылайык келген 3-4 врач кирет.
21. Комиссияларда улук медициналык айымдын, медициналык каттоочунун, санитарканын кызмат орундары каралат, транспорт бар болсо - айдоочунун кызмат орду каралат.
22. Аймактык МСЭКтер жайгашкан аймактагы анын бир жыйынында төмөнкүлөр каралат:
- жалпы профилдеги оорулууларды жана майыптыгы бар адамдарды күбөлөндүрүүнү жүргүзүү - аралаш (балдарды жана чоңдорду) кабыл алууда бир жумуш күнүнө 12 адам же чоңдорду кабыл алууда бир жумуш күнүнө 15 адам;
- адистештирилген профилдеги аймактык МСЭКтер үчүн - аралаш (балдарды жана чоңдорду) кабыл алууда бир жумуш күнүнө 8 адам, чоңдорду кабыл алууда бир жумуш күнүнө 10 адам;
- педиатриялык аймактык МСЭК үчүн - бир жумуш күнүнө 6-8 адам.
Шаарларда үйүндө же стационарда бир оорулууну күбөлөндүрүүгө 2 саат, айыл жергесинде - 3 саат бөлүнөт.
23. Жылдык жүктөм - бир комиссиянын бир жылда күбөлөндүрүүлөрүнүн саны төмөнкүлөрдү түзөт:
- жалпы профилдеги аймактык МСЭКтер үчүн чоң адамдардын - 180-2000 адам;
- адистештирилген аймактык МСЭКтер үчүн - 1200-1400;
- педиатриялык аймактык МСЭКтер үчүн - 1000-1300 бала.
24. Бардык деңгээлдердеги аймактык МСЭКтер РМСЭБдин жетекчиси тарабынан бекитилген пландар жана графиктер боюнча иштейт.
25. Аймактык МСЭКтер методикалык ишти аткаруу үчүн эксперттик комиссияга жумасына бир жумуш күндү белгилөөгө укуктуу.
26. Аймактык МСЭКтер өз ишин аймактык социалдык коргоо органдары, саламаттык сактоо уюмдары, ишке орноштуруу кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, окуу жайлары, майыптыгы бар адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо, реабилитациялоо жана абилитациялоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдар менен өз ара байланышта жүзөгө ашырат.
27. Майыптыкты белгилөө жөнүндө чечим комиссиянын экспертизаны жүргүзгөн мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен коллегиялуу түрдө кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болгон учурда аймактык МСЭКтин төрагасы берген добуш чечим кабыл алынды деп эсептелет.
28. Аймактык МСЭКтин төрагасы өзүнө жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
29. Аймактык МСЭКтер өз ишинде белгиленген тартипте бекитилген баштапкы эсептик-отчеттук документтердин формаларын жана так отчеттуулук бланктарын пайдаланат.
30. МСЭКтин майыптыгы бар адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо, реабилитациялоо жана абилитациялоо маселелери боюнча корутундусу МСЭКтин маалымкаты жана МСЭКтин күбөлөндүрүү актынан көчүрмө менен таризделет жана менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, ишканалар, уюмдар аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.
31. Аймактык МСЭКтер МСЭКтин кызматкерлерин күбөлөндүрүүдөн өткөрбөйт. Аймактык МСЭКтердин кызматкерлери РМСЭБден күбөлөндүрүүдөн өтөт.
7-глава. Аймактык МСЭКтерди каржылоо
32. Аймактык МСЭКтерди каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана бюджеттен тышкаркы түшүүлөрдүн (демөөрчүлүк жардамдын, гранттардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын) эсебинен жүзөгө ашырылат. Аймактык МСЭКтерди каржылоо РМСЭБ аркылуу ишке ашырылат.
33. Аймактык МСЭКтер статистикалык отчетту РМСЭБ бекиткен тартипте жүргүзөт.
8-глава. Аймактык МСЭКтерди кайра уюштуруу жана жоюу
34. МСЭКтин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ал кайра уюштурулган же жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
35. Аймактык МСЭКтердин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.