Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 6-августу № 145
Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттордун, эсептөөлөрдүн формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүүгө.";
б) 3-бөлүктө:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды, ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымды, сынам жыйымын жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерди төлөөчүлөрдүн аткаруусун контролдоого;";
- 10-пунктта "ушул Кодексте белгиленген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 22-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча доонун эскирүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымды, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымды, сынам жыйымын жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү төлөө боюнча доонун эскирүү мөөнөтү салыктык эмес кирешени төлөөнү караган жагдайлар пайда болгон күндөн же ушул Кодекске ылайык салыктык эмес кирешени төлөө боюнча мезгил аяктагандан тартып 6 жылды түзөт.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин салыктык эмес кирешенин жана туумдун ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн/төлөөчүнүн жеке эсебинен бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылат.";
3) 29-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым, ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым, сынам жыйымы жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча ушул Кодекстин милдеттенмелерин жана талаптарын төлөөчүнүн өз убагында жана толук аткаруусун текшерүү салыктык текшерүүлөрдү дайындоо, жүргүзүү жана аяктоо тартибин жана жол-жобосун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган ченемдерге ылайык салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.";
4) 39-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды, ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымды, сынам жыйымын жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү эсептөөгө жана алууга карата салык кызматы органынын чечимине төлөөчүнүн даттануусу ыйгарым укуктуу салык органына берилет жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте каралат.";
5) төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-глава менен толукталсын:
"14-1-глава. Резидент эместерге Кыргыз Республикасынын банктарында банктык эсептерди ачуу жана тейлөө укугуна уруксат берүү (аккредитациялоо) үчүн жыйым
51-1-берене. Төлөөчү
Жыйымды төлөөчү болуп Кыргыз Республикасынын банктарында банктык эсептерди ачуу жана тейлөө укугуна уруксат (аккредитация) алуучу юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси саналат.
51-2-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.",
6) 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 17-2-пункт менен толукталсын:
"17-2) резидент эместерге Кыргыз Республикасынын банктарында банктык эсептерди ачуу жана тейлөө укугуна уруксат (аккредитация) берүү үчүн жыйым;".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
311-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"311-берене. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу тиешелүү документтерсиз өткөрүү
1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укугуна ылайык таризделүүгө тийиш болгон тиешелүү документтерсиз өткөрүү, эгерде товардын наркы төмөнкүдөй болсо:
1) 500000 сомдон аз -
жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;
2) 500000 сомдон 1000000 сомго чейин -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;
3) 1000000 сом жана андан көп -
жеке жактарга 2000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 3000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайра кайталанып жасалса, эгерде товардын наркы төмөнкүдөй болсо:
1) 500000 сомдон аз -
жеке жактарга 700 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;
2) 500000 сомдон 1000000 сомго чейин -
жеке жактарга 1300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;
3) 1000000 сом жана андан көп -
жеке жактарга 2500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 3500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуу жасалган учурда укук бузуунун түздөн-түз объекти болуп саналган өткөрүлүүчү товарлар ушул Кодексте белгиленген тартипте конфискацияланууга тийиш.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 6-пунктта:
- "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) концерттик-көңүл ачуу, спорттук, көргөзмө-жармаңке иш-чараларын өткөрүү үчүн товарларды жана жабдууларды;";
- төмөнкүдөй мазмундагы "е" пунктчасы менен толукталсын:
"е) товарларды ташууга, сактоого жана сатууга арналган, кийин өзгөрүлбөгөн абалында ташып кирүү/ташып чыгуу шартында жана ташып кирүүдө/ташып чыгууда аларды идентификациялоону камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү менен кайтарылуучу идиштерди.";
б) 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "е" пунктчасы менен толукталсын:
"е) Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин бажы аймагына жеке пайдалануу үчүн ташып келинген, жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктары төлөнүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк товарларды;";
в) 57-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"57) транзакция - чет өлкөлүк субъекттен алынган жана анын тапшырмасы боюнча төмөнкүлөр тарабынан которулган акча каражаттарын кайра жөнөтүү боюнча операция:
а) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган уюм, жеке ишкер, чет өлкөлүк уюмдун филиалы/өкүлчүлүгү; жана/же
б) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана анын эсеби ачылган банктын салыктык катталган жери боюнча салык органында мамлекеттик каттоодон өтпөстөн салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк уюм.
Акча каражаттарын кайра жөнөтүү деп аларды накталай да, накталай эмес да формада алуу жана өткөрүп берүү, анын ичинде башка салык төлөөчү аркылуу алуу жана өткөрүп берүү учурлары, ошондой эле уюмдун, жеке ишкердин, чет өлкөлүк уюмдун филиалынын/өкүлчүлүгүнүн эсебин же болбосо Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок, эсеп ачылган банктын салыктык катталган жери боюнча мамлекеттик каттоосуз салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасынын банкындагы эсебин пайдалануу таанылат.";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 61 жана 62-пункттар менен толукталсын:
"61) эсеп-фактура - товарды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө салык төлөөчү тарабынан салык мыйзамдарына ылайык электрондук же кагаз жүзүндөгү таризделүүчү салык документи;
62) электрондук соода аянтчасындагы соода ишинин алкагындагы эсеп-фактура - электрондук соода аянтчасында соода ишин жүргүзүүчү салык төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге товарларды менчик укугу өтпөстөн ташып чыгарууда таризделүүчү коштомо документ.";
2) 28-берененин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунун төртүнчү абзацында "мындай филиалды/өкүлчүлүктүтүзгөн чет өлкөлүк уюмдун тапшырмасы боюнча андан же башка чет өлкөлүк субъекттен башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине же анын дарегине жүргүзүлүүчү транзакцияларды кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
3) 34-1-берененин 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) социалдык мааниге ээ товарларга, ошондой эле кайра иштетүүнүн натыйжасында социалдык мааниге ээ товарлар болуп саналган чийки затка салык ставкаларын жана аларды төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүү жөнүндө.";
4) 36-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруу максатында берилүүчү салык жеңилдиктерине ушул бөлүктүн жоболору жайылтылбайт.".
5) 51-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 1-пунктта "салык кызматынын органында" деген сөздөр "салык органында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууларга тапшырык берүү үчүн колдонулуучу маалымат тутумуна такси кызматынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана курьердик кызмат көрсөтүүнүн субъекттерин салыктык каттоосу болгондо гана кошууну камсыз кылууга;";
6) төмөнкүдөй мазмундагы 1-2-бөлүк менен толукталсын:
"1-2. Транзакциялар боюнча иш жүргүзүүчү салык төлөөчү ушул Кодекстин 65-главасына гана ылайык салыктарды төлөөгө милдеттүү.";
б) 53-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) транзакцияга салыкка:";
б) 8-бөлүктө "3-пунктунда" деген сөздөр "5-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 60-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 4-пунктунда "салык кызматынын органына" деген сөздөр "салык органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн 1 -пунктунда "салык кызматынын органдары" деген сөздөр "салык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 61-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмдун жеке жактар сатып алган товарларды электрондук соодалоодо КНСти администрациялоо салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.";
9) 65-берененин 4-бөлүгүндө "салык кызматынын органдары" деген сөздөр "салык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 70-берененин 1-бөлүгүнүн 5-7-пункттарында "салык кызматынын органы" деген сөздөр "салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 73-беренеде:
а) 1-бөлүктө "салык кызматынын органына" деген сөздөр "салык органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 11-бөлүктө "салык кызматынын органы" деген сөздөр "салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 74-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда "салык кызматынын органы" деген сөздөр "салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 75-берененин 5-бөлүгүндө "салык кызматынын органынын" жана "салык кызматынын органы" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "салык органынын" жана "салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 76-беренеде:
а) 2-бөлүктө "салык кызматынын органы" деген сөздөр "салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө "Салык кызматынын органы" деген сөздөр "Салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 77-беренеде:
а) 2-бөлүктө "салык кызматынын органына" деген сөздөр "салык органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацында "салык кызматынын органы" деген сөздөр "салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 81-беренеде:
а) 5-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) банкка жана электрондук акчалардын жана төлөм тутумдарынын операторуна салык төлөмүнүн талаптарын (мындан ары - СТТ) коюу;";
б) 6-бөлүктүн 3-пунктунда "салык кызматынын органынын" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 84-беренеде:
а) 1-бөлүктө "салык кызматынын органынын" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүктө "салык кызматынын органдарына" деген сөздөр "салык органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 85-беренеде:
а) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. СТТ ал аткарылганга чейин же банктар, электрондук акчалардын жана төлөм тутумдарынын операторлору ушул Кодекстин 79-беренесине ылайык салык милдеттенмесин токтотуу жөнүндө салык органынын маалыматын алганга чейин кайсынысы мурда пайда болгонуна жараша колдонулат.";
б) 6-бөлүктө "салык кызматынын органдарына" деген сөздөр "салык органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 86-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында, 89-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында, 92-берененин 3-бөлүгүндө, 102-берененин 1-бөлүгүндө "салык кызматынын органы" деген сөздөр "салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 104-берененин 4-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) эгерде мындай өзгөртүүлөр жана толуктоолор салык кызматынын органдарынын же соттун чечимдеринен айырмаланса жана бул чечимдер жокко чыгарылбаса жана/же жараксыз деп таанылбаса;";
21) 106-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, бирдиктүү салык декларациясын төмөнкүлөр түзүүгө жана берүүгө милдеттүү:
1) ата мекендик уюм;
2) туруктуу мекеме түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюм;
3) жеке ишкер;
4) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, өз ишин Кыргыз Республикасында жүзөгө ашыруучу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү жана консулдук мекемелериндеги, эл аралык уюмдардагы же алардын өкүлчүлүктөрүндөгү, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык артыкчылыктар жана иммунитеттер берилүүчү башка уюмдардагы ишинен киреше алуучу жеке жак;
5) салык агенти болуп саналбаган же салык агенти катары милдеттенмеси пайда болбогон субъекттен салык салынуучу киреше алуучу жеке жак;
б) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактар.";
6) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Бирдиктүү салык декларациясын түзүүдөн жана берүүдөн төмөнкү уюмдар жана жеке ишкерлер бошотулат:
1) бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмелери жок;
2) төмөнкүдөй иш жүргүзүүчү:
- өзгөчө режимдеги соода зоналарында салыктын негизинде;
- 0 пайыз, 0,1 жана 0,5 пайыз бирдиктүү салык ставкалары боюнча салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде;
- патенттин негизинде;
- юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан/фермердик чарба катары;
- транзакция боюнча.";
22) 109-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда "жана салык төлөөчү тарабынан салык отчетторун нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшыруу" деген сөздөр алып салынсын;
23) 111-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана Кыргыз Республикасынын банкында эсеп ачкан чет өлкөлүк уюмду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктык каттоо зарылдыгы жөнүндө банктын салыктык катталган жери боюнча салык органына жиберилүүчү банктын кабарламасынын.
Ушул бөлүктүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларда салык милдеттенмесин аткаруу максатында салык төлөөчү анда салык милдеттенмеси пайда болгон салык мезгилинен тартып катталган болуп эсептелет.
Ушул бөлүктүн 3-пунктунда каралган учурда салыктык каттоо салык органы тарабынан бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна мажбурлоо тартибинде жүргүзүлөт. Бирдиктүү салыктын негизиндеги режимди колдонуу мүмкүн болбогондо каттоо жалпы салык режиминде жүргүзүлөт.
Жеке ишкерлерди салыктык каттоо жеке ишкерлер катары мамлекеттик каттоо деп таанылат.";
24) 115-берененин 2-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) ушул Кодекстин 111-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмдун эсептери ачылган банктардын эсептерди жабуу жөнүндө кабарламаларынын.";
25) 116-2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Бирдиктүү салык эсебин жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.";
26) 117-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацында "салык кызматынын органдары" деген сөздөр "салык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "салык кызматынын органдары" деген сөздөр "салык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүктө:
- 2-пунктта:
"а" пунктчасында "жана салык төлөөчү тарабынан нөлдүк көрсөткүчү менен салык отчетторун көрсөтүү" деген сөздөр алып салынсын;
"в" пунктчасында "салык кызматынын органдары" деген сөздөр "салык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"г" пунктчасынын биринчи абзацында "салык кызматынын органдары" деген сөздөр "салык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктта "салык кызматынын органында" жана "салык кызматынын органдарынын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "салык органында" жана "салык органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктта:
биринчи абзацта "салык кызматынын органдары" деген сөздөр "салык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"а" пунктчасында "салык кызматынын органдары" жана "салык кызматынын органынын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "салык органдары" жана "салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"б" пунктчасында "салык кызматынын органынын" деген сөздөр "салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункттун биринчи абзацында "салык кызматынын органдарынын" жана "салык кызматынын органдары" деген сөздөр "салык органдарынын" жана "салык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 9-бөлүктө "Салык кызматынын органдары" деген сөздөр "Салык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) 118-беренеде:
а) 1-бөлүктө "салык кызматынын органдарынын бири тарабынан" деген сөздөр алып салынсын;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "салык кызматынын" деген сөздөр "салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүктө:
- 4-пунктта "салык кызматынын органдары" деген сөздөр "салык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) салык төлөөчүнүн салык отчеттуулугуна азаюу жагына карай түзөтүүлөрдү киргизүүсү;";
г) 6-бөлүктө "салык кызматынын органдарынын" деген сөздөр "салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
28) 119-беренеде:
а) 5-бөлүктүн 1 жана 4-пункттарында "салык кызматынын органынын" деген сөздөр "салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүктө "салык кызматынын органдары" деген сөздөр "салык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 12-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Салык органдары ушул Кодекстин 117-беренесинде каралган пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиздерди алган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга милдеттүү.
Салык органы ушул Кодекстин 117-беренесинде каралган пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиздерди алган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен жазма буйрукту салык төлөөчүгө тапшырууга жана пландан тышкары текшерүүгө киришүүгө милдеттүү.
Эгерде ушул Кодекстин 117-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктунун "г" пунктчасында каралган учурлар пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналса, салык органы мындай негизди алган күндөн кийинки күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга жана пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен пландан тышкаркы текшерүүгө киришүүгө милдеттүү.";
29) 120-берененин 1, 3 жана 4-бөлүктөрүндө "салык кызматынын органынын" деген сөздөр "салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
30) 121-беренеде:
а) 2-бөлүктө "салык кызматынын органы" деген сөздөр "салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4 жана 5-бөлүктөрдө "салык кызматынын органынын" деген сөздөр "салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
31) 122-беренеде:
а) 1 жана 3-бөлүктөрдө "салык кызматынын органынын" деген сөздөр "салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө "салык кызматынын органдарынын" деген сөздөр "салык органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6-бөлүктө "салык кызматынын органына" деген сөздөр "салык органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
32) 123-беренеде:
а) 1-4, 7 жана 8-бөлүктөрдө түрдүү жөндөмө жана сан формаларындагы "салык кызматынын органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Салык органынын салыктардын, туумдардын жана салык санкцияларынын суммаларын эсептөө жөнүндө чечими салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген тартипте тапшырылат. Эгерде салык төлөөчү көчмө текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чечимге ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанбаса, салыктардын, туумдардын жана салык санкцияларынын суммаларын эсептөө жөнүндө чечимди алган салык төлөөчү аны чечим тапшырылган күндөн кийинки 90 календардык күндүн ичинде аткарууга милдеттүү.";
33) 124-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "жана салык төлөөчү каттоонун бардык мезгилинде нөлдүк көрсөткүчтөр менен салык отчетун берген" деген сөздөр алып салынсын;
34) 125-берененин 11-бөлүгүндө "30 күндүн" деген сөздөр "90 календардык күндүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
35) 130-беренеде:
а) 1-бөлүктө "Салык кызматынын органдары" деген сөздөр "Салык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө "салык кызматынын органдары" деген сөздөр "салык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүктө "Салык кызматынын органдары" деген сөздөр "Салык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
36) 132-беренеде:
а) аталышында, 1 жана 2-бөлүктөрдө "Салык кызматынын органдарынын" жана "салык кызматынын органдарынын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Салык органдарынын" жана "салык органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацында "салык кызматынын органдарынын" жана "салык кызматынын органы" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "салык органдарынын" жана "салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-7-бөлүктөрдө "салык кызматынын органдарынын" жана "салык кызматынын органынын" деген сөздөр "салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
37) 133-берененин 1-бөлүгүндө "салык кызматынын органынын" деген сөздөр "салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
38) 134-берененин 1-бөлүгүндө "салык кызматынын органынын" жана "салык кызматынын органына" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "салык органынын" жана "салык органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
39) 139-беренеде:
а) 2-бөлүктө "Салык кызматынын органдары" деген сөздөр "Салык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө "салык кызматынын органы" деген сөздөр "салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
40) 146-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-2-бөлүк менен толукталсын:
"1-2. Банк Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок чет өлкөлүк уюмга мындай уюмдун мурда ыйгарылган ИСН болгондо салык органына кабарлама жөнөтпөстөн эсеп ачууга укуктуу.";
41) 163-берененин 1 жана 2-4-бөлүктөрүндө "салык кызматынын органы" деген сөздөр "салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
42) 166-берененин аталышында жана текстинде "салык кызматынын органдарынын" деген сөздөр "салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
43) 167-беренеде:
а) 1-бөлүктө "60" деген цифралар "90" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө "салык кызматынын органына" деген сөздөр "салык органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
44) 174-берененин 24-1-пункту "Кыргыз Республикасынын аймагына" деген сөздөрдөн кийин "же Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу" деген сөздөр менен толукталсын;
45) 178-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Милдеттүү реквизиттерден тышкары, эсеп-фактурада сатып алуучу же тапшырыкчы тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон суммалар чагылдырылат:
1) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн каражат;
2) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга байланыштуу келип чыгуучу кыйыр салыктар.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Агенттик келишим боюнча агенттин эсеп-фактурасында милдеттүү реквизиттерден тышкары төмөнкүдөй суммалар чагылдырылат:
1) агенттик сый акы;
2) агенттик сый акынын суммасынан агентте келип чыгуучу кыйыр салыктар;
3) агент тарабынан топтолгон жана принципалга өткөрүп берилүүгө тийиш болгон суммалар жана/же агенттик келишимдин шарттарына жараша принципал тарабынан орду толтурулууга тийиш болгон агенттин чыгымдарынын суммалары.";
в) 10-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсеп-фактуранын, анын ичинде салык салынуучу берүүнүн өлчөмүн түзөтүүдө таризделүүчү кошумча эсеп-фактуранын формасы, аны тариздөө жана колдонуу тартиби, ошондой эле милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш болгон реквизиттер ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.";
46) төмөнкүдөй мазмундагы 178-1-берене менен толукталсын:
"178-1-берене. Электрондук соода аянтчасындагы соода ишинин алкагындагы эсеп-фактура
Электрондук соода аянтчасындагы соода ишинин алкагындагы эсеп-фактура Министрлер Кабинети аныктаган учурларда таризделет. Электрондук соода аянтчасындагы соода ишинин алкагындагы эсеп-фактуранын формасы, тариздөө жана жүгүртүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.";
47) 181-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда "Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн салык төлөөчүнү кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
48) 190-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) ссуданы, пайызсыз зайымды же кредитти, исламдык каржылоону, ошондой эле карыз пайда болгон учурга карата Улуттук банктын пайызынын эсептик ставкасынан төмөн болгон пайыздык кирешеде зайымды, кредитти, исламдык каржылоону берүү;";
49) 191-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:
"20) ушул Кодекстин 47-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан ссуда берүүдөгү материалдык пайда.";
50) 197-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1) программалык камсыз кылуу продуктуларын иштеп чыгуу, киргизүү жана техникалык коштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик мекемелер, ошондой эле 51 пайыздан кем эмес мамлекеттик катышуу үлүшү бар уюмдар;";
51) 213-берененин 1-бөлүгүнүн 17-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
52) 245-берененин 6-бөлүгүнүн 1-4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) алтын камтылган кенге жана алтын камтылган концентратка:
Бир троялык унция үчүн алтындын баасы АКШ долларында | 3001ге чейин | 3001ден 3501ге чейин | 3501ден 4001ге чейин | 4001ден 4501ге чейин | 4501ден 5001ге чейин | 5001ден 5501ге чейин | 5501ден 6001ге чейин | 6001ден 6501ге чейин | 6501ден 7001ге чейин | 7001ден жана андан жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 30 | 31 | 32 | 33 | 34 | 35 | 36 | 37 | 38 | 39 |
2) алтын эритмесине жана аффинаждалган алтынга:
Бир троялык унция үчүн алтындын баасы АКШ долларында | 3001ге чейин | 3001ден 3501ге чейин | 3501ден 4001ге чейин | 4001ден 4501ге чейин | 4501ден 5001ге чейин | 5001ден 5501ге чейин | 5501ден 6001ге чейин | 6001ден 6501ге чейин | 6501ден 7001ге чейин | 7001ден жана андан жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 |
3) күмүш камтылган кенге жана концентратка:
Бир троялык унция үчүн күмүштүн баасы АКШ долларында | 50гө чейин | 50дөн 55ке чейин | 55тен 60ка чейин | 60тан 65ке чейин | 65тен 70ке чейин | 70тен 75ке чейин | 75тен 80ге чейин | 80ден 85ке чейин | 85тен 90го чейин | 90дон 95ке чейин | 95тен жана андан жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 |
4) күмүштүн даяр продукциясына:
Бир троялык унция үчүн күмүштүн баасы АКШ долларында | 50гө чейин | 50дөн 55ке чейин | 55тен 60ка чейин | 60тан 65ке чейин | 65тен 70ке чейин | 70тен 75ке чейин | 75тен 80ге чейин | 80ден 85ке чейин | 85тен 90го чейин | 90дон 95ке чейин | 95тен жана андан жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
53) 253-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) берүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган, жумуш аткаруучу же кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле сатып алуучуларга (жеке жактарга - Кыргыз Республикасынын резиденттерине) товарларды электрондук сатууну жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк субъект. Ушул Кодекстин 53-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк субъекттин КНС боюнча милдеттенмесин салык агенти аткарат.";
54) 261-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Аткарылган курулуш-монтаждоо жумуштары үчүн салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы болуп жумуш бүткөн жана төлөнгөн дата саналат.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Эгерде ушул берененин 2-1-бөлүгүндө башкача каралбаса, эсеп-фактура салык салынуучу берүүнүн датасына чейин жазылган же төлөм алынган учурда салык милдеттенмесинин келип чыккан датасы болуп эсеп-фактурада көрсөтүлгөн берүүнүн датасы же бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша төлөм алынган дата саналат.";
55) 296-берененин 12-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
56) 310-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюм тарабынан жеке жактар тарабынан сатып алынган товарлар менен электрондук соода жүргүзүлгөндө кошумча нарк салыгы сатып алынган товарлардын наркынан эсептелет жана төлөнөт жана эсепке алынууга тийиш эмес.";
57) 316-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) бардык милдеттүү реквизиттери толтурулбаган эсеп-фактура боюнча;";
58) 327-берененин 5-бөлүгүнүн 3-пунктунда "10 пайызга ашса" деген сөздөр "10 пайыздан ашса" деген сөздөргө алмаштырылсын;
59) 329-берененин 6-бөлүгүндө "салык кызматынын органынын" деген сөздөр "салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
60) 334-берененин 1-бөлүгүнүн 9-пункту "2710," деген цифралардан кийин "2902, 2909, 2921," деген цифралар менен толукталсын;
61) 364-берененин 1-бөлүгүнүн 13-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
62) 366-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"366-1-берене. Салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы
1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык милдеттенмеси салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу салыктык эсепке алуу усулуна ылайык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн каражатты таануу датасында жана/же ушул Кодекстин 366-беренесинде каралган кирешенин келип чыгуу датасында пайда болот.
2. Кайрадан курулган турак жана турак эмес жайларды сатуу боюнча иш үчүн салык милдеттенмесинин пайда болуу датасы болуп эсеп-фактурада көрсөтүлгөн берүү датасы, контролдук-кассалык чек чыгарылган дата же бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша төлөм алынган дата эсептелет.";
63) 416-берененин 5-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлар келип чыкканда салык төлөөчү мындай жагдайлар белгиленген мезгилдин ичинде салык органына алар аныкталган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн башка тартибине өтүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.";
64) 419-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүчү субъект, мындай иш агенттик келишимдин негизинде жана электрондук соода аянтчасы аркылуу жүргүзүлүүчү учурларды кошпогондо.
Ушул главанын максаттарында Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш деп жүргүзүү орду Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жайгашкан товарларды сатуу боюнча иш, ошондой эле бул товарларды сатуу менен байланышкан коштоочу жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу түшүнүлөт.
Ушул пункттун максатында товарлар деп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтпөгөн товарлар түшүнүлөт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү боюнча башка иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууга укугу жок.";
65) 422-берененин 3-бөлүгүндө "башка иштен" деген сөздөр "иштин түрлөрүнөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
66) 422-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"422-1-берене. Салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы
1. Эгер ушул беренеде башкача каралбаса, салык милдеттенмеси салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу салыктык эсепке алуу усулуна ылайык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн каражатты таануу датасында жана/же ушул Кодекстин 422-беренесинде каралган кирешенин келип чыгуу датасында пайда болот.
2. Кайрадан курулган турак жана турак эмес жайларды сатуу боюнча иш үчүн салык милдеттенмесинин пайда болуу датасы болуп эсеп-фактурада көрсөтүлгөн берүү датасы, контролдук-кассалык чек чыгарылган дата же бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша төлөм алынган дата эсептелет.";
67) 423-беренеде:
а) 1-1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. ЭЭЗдин субъектин кошпогондо, ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъект үчүн салыктын базалык ставкасы 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Товарлардын айрым түрлөрүнө карата салыктын ставкасы Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген базалык ставканын өлчөмүнүн чегинде өзгөрүшү мүмкүн.";
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Лотереялык иш жүргүзүүчү жана бильярд кызматын көрсөтүүчү субъект 8 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 жана 4-2-бөлүктөр менен толукталсын:
"4-1. Сауна жана мончо кызматтарын көрсөтүүчү субъект 5 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.
4-2. Кайрадан курулган турак жана турак эмес жайларды сатууну жүзөгө ашыруучу субъект бул ишке карата 4 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.";
д) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Коомдук тамактануу субъекти бул ишке карата төмөнкүдөй өлчөмдө салык төлөйт:
1) Бишкек жана Ош шаарларында - 5 пайыз;
2) Кыргыз Республикасынын калган аймактарында - 3 пайыз.";
е) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Креативдүү индустрия паркынын резиденти бул ишке карата төмөнкүдөй өлчөмдө салык төлөйт:
а) 2023 жана 2024-жылдарда - 0,5 пайыз;
б) 2025-жылдын 1-январынан тартып 2026-жылдын 31-июлуна чейин - 1 пайыз;
в) 2026-жылдын 1-августунан тартып 2031-жылдын 31-июлуна чейин - 0 пайыз;
г) 2031-жылдын 1-августунан тартып - 1 пайыз.";
ж) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, 6 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттерди, ошондой эле ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъекттерди кошпогондо, иштин бир нече түрүн жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү иштин тиешелүү түрлөрү үчүн ушул беренеде белгиленген ставкалар боюнча иштин ар бир түрү боюнча салыкты өзүнчө эсептейт жана төлөйт.";
68) 431-беренеде:
а) биринчи абзацта "салык кызматынын органдарына" деген сөздөр "салык органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
69) 435-беренеде "салык кызматынын органдарына" деген сөздөр "салык органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
70) 442-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"442-берене. Салык отчетун берүү. Салык төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү
1. Салык төлөөчү отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен майнингге салык боюнча отчетту берүүгө милдеттүү.
2. Салык төлөөчү отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен ай сайын салык төлөөгө милдеттүү.";
71) 449-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"449-берене. Салык отчетун берүү. Салык төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү
1. Салык төлөөчү отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен ар кварталдык салык отчетун берүүгө милдеттүү.
2. Салык төлөөчү отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен квартал сайын салык төлөөгө милдеттүү.";
72) 456-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"456-берене. Салык отчетун берүү. Салык төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү
1. Салык төлөөчү төмөнкүлөр боюнча салык отчетун берүүгө милдеттүү:
1) онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казино иши боюнча - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен;
2) оюн-зоок ишинин калган түрлөрү боюнча - салык төлөө мөөнөтү аяктаганга чейин же аны төлөгөн күнү.
2. Салык төлөөчү салыкты төлөөгө милдеттүү:
1) онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казино иши боюнча - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен;
2) оюн-зоок ишинин калган түрлөрү боюнча - салык мезгили башталганга чейин.";
73) 464-берененин 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
74) 467-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын аймагынан "Тамчы" АФИАнын субъекти болуп саналбаган субъект тарабынан "Тамчы" АФИАнын субъектине товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.";
75) 468-беренеде:
а) 2-бөлүктө "чет өлкөлүк банктардагы эсептерден алынган жана алардын дарегине жиберилген" деген сөздөр "чет өлкөлүк субъекттен же анын тапшырмасы боюнча түшкөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген учурларда салык агентинин милдеттеринен бошотулбайт.";
76) 470-472-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"470-берене. Колдонуу тартиби
1. Мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган жана ушул Кодекстин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 57-пунктуна ылайык транзакция боюнча банктык операцияларды жүргүзүүчү уюм, жеке ишкер, чет өлкөлүк уюмдун филиалы/өкүлчүлүгү салык режимин колдонуу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү:
1) мамлекеттик каттоодон өтүүдө;
2) башка салык режимдеринен салыктык катталган жери боюнча транзакцияларды жүргүзүү башталганга чейин өтүүдө.
2. Салык режимин колдонуу төмөнкүлөрдө жүзөгө ашырылат:
1) мамлекеттик каттоо датасынан тартып;
2) бул салык режимине өтүү жөнүндө арыз берилген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып.
471-берене. Салык салуу объекти
1. Салык салуу объекти болуп транзакциялар боюнча иш таанылат.
2. Транзакцияга салык боюнча салык салуу объекти болуп өлкө ичиндеги акча которуулар таанылбайт.
472-берене. Салык базасы
Салык базасы болуп ушул Кодекстин 471-беренесинде көрсөтүлгөн операция боюнча эсепке чегерилүүчү акча каражаттарынын суммасы, анын ичинде транзакция боюнча кызматтарды көрсөтүүгө төлөм саналат.";
77) төмөнкүдөй мазмундагы 472-1-берене менен толукталсын:
"472-1-берене. Салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы
Салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы болуп транзакция үчүн Кыргыз Республикасынын банкында ачылган эсепке акча каражаттары чегерилген дата саналат.";
78) 474-беренеде:
а) 1-бөлүктө "эсептешүү" деген сөз алып салынсын;
б) 2-бөлүктө "Атайын салык режиминин субъекттери" деген сөздөр "Транзакцияга салык боюнча салык төлөөчүлөр" деген сөздөргө алмаштырылсын;
79) 475-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"475-берене. Салык отчеттуулугу
1. Ушул главанын алкагында транзакцияга салык боюнча салыктык отчеттуулук салык агенти - банк тарабынан отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен ай сайын берилет.
2. Транзакцияга салык боюнча салык төлөөчү ушул главада каралган салык боюнча салыктык отчеттуулукту берүүдөн бошотулат.";
80) 476-беренеде:
а) 1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Транзакцияга салык боюнча салык төлөөчү ушул Кодекстин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 57-пунктуна ылайык транзакциялар деп таанылган операцияларды гана жүргүзүүгө милдетүү.
3. Транзакцияга салык режимин колдонуунун алкагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды сатууга, жумуштарды аткарууга же кызматтарды көрсөтүүгө;
2) ушул Кодекстин 471-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык транзакция жана өлкө ичиндеги которуулар менен байланышпаган операцияларга.";
в) 4-бөлүктө "атайын салык" деген сөздөр алып салынсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 15-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Көрсөтүлгөн кирешелер боюнча пайда болгон салык карызы, анын ичинде өндүрүп алуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими, ошондой эле салык органы эсептен чыгарууну жүргүзгөн датага карата төлөнбөгөн, эсептелген туумдар жана салык санкциялары бар карыз, салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү жана/же аяктай элек кылмыш иши болгон учурларды кошпогондо, салык төлөөчүнүн арызынын негизинде эсептен чыгарылууга тийиш;";
б) 30-пунктта "1-февралына" деген сөздөр "1-мартына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 33-39-пункттар менен толукталсын:
"33) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иши боюнча катталган, мындай субъект катары катталганга чейин бир эле убакта Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин же экспорттук операцияларды жүргүзүүчү бирдиктүү салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүчү субъект катары катталганга чейин колдонулган режимге ылайык жана ставкалар боюнча салыктарды төлөө менен импорттоо укугусуз 2026-жылдын 31-декабрына чейин товарлардын калдыктарын сатууга жана сатып алуучулар, берүүчүлөр жана принципалдар ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу;
34) транзакцияга салык боюнча катталган, мындай субъект катары катталганга чейин бир эле убакта Кыргыз Республикасынын аймагында ишин же экспорттук операцияларды жүргүзүүчү салык төлөөчү катталганга чейин колдонулган режимге ылайык жана ставкалар боюнча салыктарды төлөө менен 2026-жылдын 31-декабрына чейин товарлардын калдыктарын сатууга жана сатып алуучулар, берүүчүлөр жана принципалдар ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу;
35) патенттин негизинде зер буюмдарын сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген 1 жыл өткөнгө чейин бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна өтүүгө укуктуу;
36) ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген бардык милдеттүү реквизиттер толтурулган эсеп-фактуралар боюнча сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасы 2022-жылдын 1-январынан тартып чегерилүүгө тийиш;
37) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутумун колдонуучу, жалпы салык салуу режимин колдонуу ниети бар салык төлөөчү 2026-жылдын 1-октябрына чейинки мезгил ичинде учурдагы салыктык каттоо жери боюнча салык органына салык салуудан жалпы режимине өтүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Тандалган салык режими боюнча салыктарды төлөө салык төлөөчү тарабынан арыз берилген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
Ушул пунктка ылайык бирдиктүү салык төлөөчү катары каттоодон алынган салык төлөөчү салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутумунан ыктыярдуу чыккан салык төлөөчү болуп эсептелет;
38) субъекттер 2025-жылдын 1-апрелине чейин ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутумуна ашыкча киргизилген, алгачкы эсепке алуу документтери жок товарлар жөнүндөгү маалыматтарды оңдоого укуктуу.
Мындай товарлар жөнүндөгү маалыматтарды алардын санын азайтууга алып келген оңдоолор, эгерде мындай товарларды сатуу фактысы мыйзамда белгиленген тартипте тастыкталбаса, анын ичинде салык контролунун жыйынтыгы боюнча салык органы тарабынан маалымат тутумуна киргизилген маалыматтар менен товарлардын иш жүзүндөгү калдыктарынын ортосундагы айырмачылыктарды аныктоого негизделген тийиштүү чечим кабыл алынган учурларда салык салуу максатында товарларды сатуу катары таанууга негиз болуп саналбайт;
39) Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонуу максатында 2026-жылдын 1-январынан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде ОК-коддорду, мобилдик тиркемелерди, электрондук капчыктарды жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган башка аралыктан төлөө куралдарын колдонуу менен жүргүзүлүүчү төлөмдөр төлөөчүнү аныктоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтардын бар-жоктугуна карабастан, накталай эмес формадагы төлөм деп таанылат.".
5-берене.
"Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 5-августу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Өнбөгөн калдыктын 3 пайызын салык төлөөчү төлөгөн шартта Кыргыз Республикасынын аймагынан айыл чарба жаныбарларын (майда жана бодо малды) экспорттоодо (сатууда) 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде пайда болгон өнбөгөн калдыктын суммасынын 97 пайызы, ошондой эле эсептелген туумдардын жана салык санкцияларынын 100 пайызы эсептен чыгарылууга тийиш.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-1 - 9-3-бөлүктөр менен толукталсын:
"9-1. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен турак жайларды курууну жүзөгө ашырган мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы аскердик окуялардан кийин Баткен облусунун тургундарына кайтарымсыз негизде кийин өткөрүп берүүгө багытталган ишкердик субъекттеринин 2026-жылдын 31-декабрына чейинки салык мезгилдеринде пайда болгон салык карызы, туумдар жана салык санкциялары боюнча карызды кошо алганда, анын ичинде ал боюнча сот чечими чыгарылган карыз (арыздын жана тиешелүү тастыктоочу документтердин негизинде) эсептен чыгарылууга тийиш.
9-2. Көмүр казып алуу боюнча иш жүргүзүүчү ишкердик субъекттеринин 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде пайда болгон салык санкциялары жана эсептелген туумдар алар тарабынан өнбөгөн калдыктын суммасы 2026-жылдын 31-декабрына чейин толук төлөнгөн шартта эсептен чыгарылууга тийиш.
9-3. 2026-жылдагы салык мезгили үчүн салык органы тарабынан мүлк салыгынын суммасы эсептелгендиги жөнүндө салык кызматынын органынын билдирүүсү менен чегерилген мүлк салыгы боюнча салык санкциялары жана туумдар салык төлөөчү тарабынан көрсөтүлгөн мезгил үчүн пайда болгон өнбөгөн калдыктын суммасын толук төлөгөн шартта эсептен чыгарылууга тийиш.";
в) 10-бөлүктө "9-бөлүктөрүндө" деген сөздөр "9 - 9-3-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 12-бөлүк менен толукталсын:
"12. Ушул беренеге ылайык салык органы эсептен чыгарууну жүргүзгөн датага карата төлөнбөгөн салык карызы, анын ичинде эсептелген туумдар жана салык санкциялары эсептен чыгарылууга тийиш.".
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана төмөнкүлөрдү кошпогондо, 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет:
1) 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 3-берененин 45 жана 57-пункттары;
2) 2025-жылдын 5-августунан тартып күчүнө кирүүчү 5-берененин "а" пунктчасы;
3) 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 3-берененин 60-пункту;
4) 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 3-берененин 67-пунктунун "д" пунктчасы;
5) 2026-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирүүчү 3-берененин 67-пунктунун "е" пунктчасы;
6) расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 1-берененин 1-4-пункттары, 2-берене, 3-берененин 8, 50, 52, 56-пункттары, 67-пунктунун "а", "б", "в", "г", "ж" пунктчалары, 74-пункту, 76-пунктунун тогузунчу, онунчу жана он биринчи абзацтары, 4-берене, 5-берененин "б", "в", "г" пунктчалары;
7) расмий жарыяланган күндөн тартып эки календардык айдан кийинки айдын 1инен тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 5 жана 6-пункттары.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |