Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 20-августу № 637-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишин пландоо максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып 2027-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга жооптуу министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор:
1) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыз кылууну эске алуу менен Планда каралган мыйзамдардын долбоорлорун белгиленген мөөнөттөрдө иштеп чыгууну камсыз кылсын;
2) эки жумалык мөөнөттө мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарын бекитсин;
3) мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландары бекитилген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берсин;
4) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) Пландын ишке ашырылышына контроль жүргүзсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана жетекчилеринин орун басарларына Планда көрсөтүлгөн мыйзамдардын долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-августундагы № 686-т тескемеси;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 168-т тескемеси;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 523-т тескемеси.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |