Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 637-т тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып 2027-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы
№ | Мыйзам долбоорунун аталышы | Мыйзам долбоорун демилгелөөнүн максаты, ошондой эле иштелип чыгуучу мыйзам долбоору ишке ашыра турган ченемдик укуктук акт
| Мамлекеттик органдын, жооптуу аткаруучунун аталышы жана кошо аткаруучулар- дын тизмеги | Мыйзам долбоорун Кыргыз Республика- сынын Президентинин Администра- циясына киргизүү мөөнөтү | Кыргыз Республика-сынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мыйзам долбоорун Кыргыз Республика-сынын Жогорку Кенешинин кароосуна киргизүү мөөнөтү |
| ||
1-глава. Юстиция чөйрөсүндө |
| |||||||
1 | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
| Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын «2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы менен ратификацияланган 2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | 2027-жылдын I кварталы
| 2027-жылдын II кварталы
|
| ||
2 | Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу. Аныкталган укуктук боштуктарды жана коллизияларды жоюу, укук колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, айрым жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, санариптештирүү элементтерин киргизүү, ошондой эле сот практикасынын бир түрдүүлүгүн камсыз кылуу | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | 2026-жылдын III кварталы
| 2026-жылдын IV кварталы
|
| ||
2-глава. Бюджеттик мамилелер чөйрөсүндө |
| |||||||
3 | Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 10-беренесин ишке ашыруу жана республикалык бюджеттин негизги параметрлерин бекитүү | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 2026-жылдын III кварталы | 2026-жылдын IV кварталы |
| ||
4 | «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин ишке ашыруу жана республикалык бюджеттин бекитилген параметрлерин тактоо
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 2026-жылдын IV кварталы | 2026-жылдын IV кварталы |
| ||
5 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 11-беренесин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине бюджетинин негизги параметрлерин бекитүү | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | 2026-жылдын III кварталы | 2026-жылдын IV кварталы |
| ||
6 | «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга бюджетинин бекитилген параметрлерин тактоо | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | 2026-жылдын III кварталы | 2026-жылдын IV кварталы |
| ||
7
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 12-беренесин ишке ашыруу | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 2026-жылдын III кварталы | 2026-жылдын IV кварталы |
| ||
8 | «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
| Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин ишке ашыруу | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 2026-жылдын III кварталы | 2026-жылдын IV кварталы |
| ||
3-глава. Экология чөйрөсүндө |
| |||||||
9 | Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
| Айрым укук бузуулардын түрлөрү үчүн административдик жоопкерчиликти күчөтүү, аныкталган укуктук боштуктарды жоюу жана мамлекеттик контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, жер казынасын пайдалануу жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | 2026-жылдын III кварталы
| 2026-жылдын IV кварталы
|
| ||
4-глава. Социалдык коргоо чөйрөсүндө |
| |||||||
10 | Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө № 181 конвенциядан келип чыгуучу милдеттенмелерин иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктеринин ишин жөнгө салуу бөлүгүндө аткаруусу | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
| 2026-жылдын III кварталы
| 2026-жылдын IV кварталы
|
| ||
5-глава. Экономика жана коммерция чөйрөсүндө |
| |||||||
11 | Жарнама жөнүндө | Маалыматтык мейкиндиктин, санариптик технологиялардын жана жарнамалык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун өнүгүүсүнүн заманбап шарттарын эске алуу менен жарнама чөйрөсүндөгү мамилелерди укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү. Социалдык жана мамлекеттик жарнаманы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, керектөөчүлөрдүн анык жана ишенимдүү жарнамалык маалыматтарды алуу укуктарын коргоону камсыз кылуу, жарнама жөнүндө мыйзамдардын бузулушуна жол бербөө жана талапка жооп бербеген жарнамаларды жайылтуу фактыларынын алдын алуу | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | 2027-жылдын I кварталы
| 2027-жылдын II кварталы
|
| ||
12 | Индустриялык саясат жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы № 39-т тескемеси менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планынын 9-пунктун ишке ашыруу | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | 2026-жылдын IV кварталы
| 2027-жылдын I кварталы
|
| ||
6-глава. Финансылык көзөмөл чөйрөсүндө |
| |||||||
13 | Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-январындагы № 6 «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 10-пунктун аткаруу үчүн | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | 2026-жылдын IV кварталы
| 2027-жылдын I кварталы
|
| ||
14 | Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө | 2002-жылы кабыл алынган финансылык ижара (лизинг) жөнүндө мыйзамдарды актуалдаштыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-октябрындагы № 923-т тескемеси менен бекитилген 2025–2026-жылдарга чакан жана орто ишкердик субъекттеринин лизингдик кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөштүрүү боюнча иш-чаралар планынын 1-пунктун аткаруу | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | 2026-жылдын IV кварталы | 2027-жылдын I кварталы
|
| ||
7-глава. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө |
| |||||||
15 | Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 113 «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы | 2027-жылдын I кварталы
| 2027-жылдын II кварталы |
| ||
16 | «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 113 «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы | 2027-жылдын I кварталы
| 2027-жылдын II кварталы |
| ||
17 | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды төлөөдөн качуунун олуттуу жана ири маанилеринин көрсөткүчтөрүн кайра кароо бөлүгүндө | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 113 «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) | 2027-жылдын II кварталы | 2027-жылдын II кварталы |
| ||
8-глава. Тышкы иштер чөйрөсүндө |
| |||||||
18 | 2026-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тоголез Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө | 2026-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тоголез Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 2026-жылдын IV кварталы
| 2026-жылдын IV кварталы
|
| ||
19 | 2026-жылдын 4-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сейшел Аралдары Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө | 2026-жылдын 4-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сейшел Аралдары Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 2026-жылдын IV кварталы
| 2026-жылдын IV кварталы
|
| ||
9-глава. Өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндө |
| |||||||
20 | «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-февралындагы № 96-т тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетүү боюнча 2026–2027-жылдарга улуттук иш-аракеттер планынын 14.2-пунктчасын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле «Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Майыптардын укуктары жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясынын 11-беренесин аткаруу үчүн | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 2027-жылдын I кварталы
| 2027-жылдын II кварталы
|
| ||
10-глава. Автомобиль жолдору чөйрөсүндө |
| |||||||
21 | «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
| Мыйзамдардагы табылган боштуктарды жана коллизияларды жоюу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү жолу менен автомобиль жолдору чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салуу ченемдерин өркүндөтүү | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | 2026-жылдын IV кварталы
| 2027-жылдын I кварталы
|
| ||
22 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Социалдык жана экономикалык өнүктүрүү программасы» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Социалдык жана экономикалык өнүктүрүү программасы» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ишке ашыруу, анда Япония Өкмөтүнүн социалдык жана экономикалык жардам көрсөтүү программасынын алкагында артыкчылыктуу маанидеги автомобиль жолдорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүүчү эл аралык транспорттук коридорлорду тездетилген реконструкциялоону жана оңдоону камсыз кылуу максатында жогорку технологиялуу жана көп функциялуу жол куруу техникаларын (жол фрезаларын жана жол стабилизаторлорун) берүү жана ишке киргизүү каралган | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | 2026-жылдын III кварталы
| 2026-жылдын IV кварталы
|
| ||
11-глава. Кадастр жана геодезия чөйрөсүндө |
| |||||||
23 | Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
| Системалаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен шартталган, аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгы менен байланыштуу «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым жоболорун Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине имплементациялоо | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик | 2026-жылдын IV кварталы
| 2026-жылдын IV кварталы
|
| ||
12-глава. Жарандык авиация чөйрөсүндө |
| |||||||
24 | Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
| Улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүнү камсыз кылуу, ошондой эле жарандык авиация чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн административдик жоопкерчиликтин натыйжалуулугун жогорулатуу | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги | 2026-жылдын IV кварталы
| 2027-жылдын I кварталы
|
| ||
Эскертүү. Эгерде жооптуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүү мөөнөтү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтү бир кварталдын алкагында белгиленсе, анда жооптуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына кварталдын экинчи айынын аягына чейин киргизилет.
| ||||||||
| ||||||||