БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2021-жылдын 20-августундагы № 26
Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын тургуну Турдалиев Н. кайрылуусу жөнүндө
Сасык-Булак айылынын 2021-жылдын 17-августундагы элдик чогулушунун протоколунун негизинде коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын тургуну Н.Турдалиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Сасык-Булак айылынын 2021-жылдын 17-августундагы элдик чогулушунун протоколунун негизинде Бекмолдо айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылындагы жаъы салынып бүтүп жаткан күрөш залына “Сүйөркул уулу Качкынбай” ысымын ыйгарууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Осмонов |