БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2021-жылдын 20-августундагы № 27
Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын тургуну Качкыналиева Зыядадан жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын тургуну З.Качкыналиеванын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылынын Талас суусунун жээгиндеги бош жаткан 0,50 га жер тилкеси көрктөндүрүү жана жашылдандырууга бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Осмонов |