БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2021-жылдын 20-августундагы № 34
Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын Жар Таш арыгынан үлүш жерин сугарган дыйкандардын жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын Жар Таш арыгынан үлүш жерин сугарган дыйкандардын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын Жар Таш арыгы 3 км тоо бору менен өткөдүгүнө байланыштуу 50-60 га жерге суу алып баруу үчүн ремонт иштерине 163 000 (бир жүз алтымыш үч миъ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Осмонов |