Редакцияот 20.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектүү сессиясы

 

 

2021-жылдын 20-августундагы № 38

Бекмолдо айыл аймагынын волейбол боюнча аялдар командасынын жалпы жамаатынын жазган кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезектүү сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бекмолдо айыл аймагынын Бекмолдо айыл аймагынын волейбол боюнча аялдар командасынын жалпы жамаатынын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

 

2. 2021-жылдын 20-25-августуна чейин “Талас ынтымагы” аталышындагы аялдар арасындагы волейбол оюнун өткөрүү кезеги Бекмолдо айыл өкмөтүнө берилгендигине байланыштуу, 1-4-орунга ээ болгон командаларды сыйлоо үчүн сметанын негизинде 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

С.Осмонов