Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 28-июлу № 126
Венчурдук каржылоо жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында венчурдук ишти жүзөгө ашырууда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле рыноктун талаптарына жана венчурдук ишти жүргүзүүнүн жалпыга таанылган эл аралык эрежелерине ылайык инвесторлорго жагымдуу укуктук режимди түзүү жана кепилдиктерди берүү аркылуу Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртууга жана венчурдук инвестицияларга дем берүүгө багытталган венчурдук каржылоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин белгилейт.
2-берене. Венчурдук каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын максаттары
Ушул Мыйзам инновацияларды жана бизнес жүргүзүүдөгү жаңы ыкмаларды каржылоонун негизги булактарынын бири катары Кыргыз Республикасында венчурдук ишти өнүктүрүүгө жана дем берүүгө, жогорку технологиялык жана инновациялык компаниялардын, стартаптардын, глобалдык деңгээлде атаандаштыкка өнүмдөрдүн жана сервистердин пайда болушуна жана өсүшүнө көмөктөшүүгө, венчурдук иштин катышуучулары тарабынан пайдаланылуучу негизги инструменттерди аныктоого жана алар үчүн укуктук базаны түзүүгө, ошондой эле бизнес-ангелдердин жана венчурдук инвесторлордун иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги аныктамалар колдонулат:
1) венчурдук иш - стартаптарды жана инновациялык компанияларды венчурдук каржылоону жүзөгө ашыруу менен байланышкан, жогорку өсүү потенциалы бар долбоорлорго каражаттарды тартууну, топтоону жана инвестициялоону, ошондой эле мындай инвестицияларды башкарууну жана инвестицияланган компаниялардын өнүгүшүнө көмөктөшүүнү камтыган иш;
2) бизнес-ангел - өздүк каражаттарын стартаптарга жана инновациялык компанияларга алардын өнүгүүсүнүн баштапкы баскычтарында инвестициялоону жүзөгө ашырган жана зарыл болгондо консультациялык же эксперттик колдоо көрсөткөн жеке жак;
3) венчурдук каржылоо (венчурдук инвестициялар) - стартаптарга жана инновациялык компанияларга жогорку өсүү потенциалы менен жогорку тобокелдик шарттарында, компаниянын наркынын өсүшүнө катышууну караган үлүштөрдү, акцияларды алуу же башка инвестициялык инструменттерди колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылуучу инвестициялар;
4) венчурдук капитал фонду (венчурдук фонд) - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте стартаптарга жана инновациялык компанияларга инвестициялоо үчүн квалификацияланган инвесторлордун каражаттарын бириктирүү;
5) стартап - инновациялык идеяларга негизделген, масштабдалган жана ар кандай рыноктордо колдонула турган бизнес-моделди издөө, иштеп чыгуу жана текшерүү, жаңы өнүм же кызмат көрсөтүүнү берүү жолу менен конкреттүү көйгөйдү чечүү үчүн түзүлүүчү юридикалык жак же долбоор;
6) венчурдук башкаруучу - ушул Мыйзамга жана венчурдук фонддун келишимине ылайык венчурдук фонддун калган катышуучуларынын атынан венчурдук фондду башкарууну жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак;
7) венчурдук инвестор - өздүк же тартылган каражаттарды түздөн-түз стартаптарга жана инновациялык компанияларга инвестициялоо же болбосо венчурдук фондго катышуу аркылуу инвестициялоо жолу менен венчурдук каржылоону жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак;
8) инновациялык компания - инновациялык иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
9) фонддор фонду - ишинин максаты инновациялык, илимий-техникалык жана жогорку технологиялык долбоорлорду каржылоочу инвестициялык, венчурдук жана башка фонддорго инвестицияларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында фонддорду кесипкөй башкаруу институтун жана инновациялык экотутумун өнүктүрүүгө дем берүү болуп саналган юридикалык жак.
4-берене. Венчурдук каржылоонун негизги принциптери
Кыргыз Республикасында венчурдук каржылоо төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) келишим эркиндиги жана венчурдук иштин катышуучуларынын эркинин автономиясы;
2) инвесторлордун өздөрү салган аманаттарынын чегинде чектелген жоопкерчилиги;
3) венчурдук фонддорду кесипкөйлүк жана ак ниеттүүлүк менен башкаруу;
4) инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
5) каражаттарды тартуунун жарыяланбаган мүнөзү жана квалификацияланган гана инвесторлордун катышуусу;
6) венчурдук иштин катышуучуларынын ортосунда инвестициялык тобокелдиктерди бөлүштүрүүсү;
7) инвестициялардын узак мөөнөттүү мүнөзү;
8) венчурдук башкаруучу инвестициялык чечимдерди өз алдынча кабыл алуусу;
9) мыйзамда түздөн-түз каралган учурларды кошпогондо, инвестициялык ишке мамлекеттин минималдуу кийлигишүүсү.
2-глава. Венчурдук инвесторлордун укуктук инструменттери
5-берене. Компаниядагы келечектеги үлүш (үлүштүк катышуу) жөнүндө макулдашуу
1. Компаниядагы келечектеги үлүш жөнүндө макулдашуу стартап же анын негиздөөчүлөрүнүн жана инвестордун ортосунда түзүлүүчү макулдашуу болуп саналат, ага ылайык инвестор каржылоону берет, ал эми стартап мындай макулдашууда каралган шарттар пайда болгон келечекте катышуу үлүшүн же компаниянын акцияларын инвесторго берүү милдеттенемесин өзүнө алат.
2. Инвестордун милдеттемесин катышуунун же компаниянын акцияларынын үлүшүнө конвертациялоо, эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, макулдашууда түздөн-түз каралган шарттар келип чыкканда, кошумча келишим түзүүнүн зарылдыгысыз жүзөгө ашырылат.
3. Макулдашуу түзүүдө тараптар компаниянын учурдагы баасын аныктабоого укуктуу. Мындай учурда макулдашууда компанияны баалоонун каржылоонун кийинки раунддарында колдонулуучу максималдуу чеги (valuation cap) жана (же) дисконт (арзандатуу) каралышы мүмкүн.
4. Стартапты каржылоонун кийинки раунду учурунда, эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, инвесторго анын конвертациялоодон кийинки анын болжолдуу үлүшүнө пропорционалдуу үлүштөрдү (акцияларды) жайгаштырууга катышуу укугу (pro-rata укугу) берилет.
5. Инвесторду коргоо максатында макулдашууда инвестордун үлүшүнүн азайышынан коргоо механизми (anti-dilution), анын ичинде каржылоонун кийинки раунддарында баштапкы инвестициянын шарттарын салыштырмалуу азыраак пайдалуу шарттарда инвестордун үлүшүн же конвертациялоо баасын корректировкалоо шарттары каралышы мүмкүн.
6. Эгерде келечектеги үлүш жөнүндө макулдашуулар бир нече инвестор менен түзүлгөн учурда макулдашууда эң жогорку жагымдуулук принцибин (most-favored nation) колдонуу каралышы мүмкүн, ага ылайык мындай макулдашууларда тиешелүү жобо болгондо бир инвесторго берилген башка шарттар инвесторлорго да жайылтылат.
7. Компаниядагы келечектеги үлүш жөнүндө макулдашуунун шарттары, анын ичинде конвертациялоонун тартиби жана мөөнөттөрү, инвестордун укуктары, ошондой эле башка жоболор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
6-берене. Конвертациялануучу зайым
Конвертациялануучу зайым келишими стартаптар инновациялык компаниялар менен венчурдук инвестордун ортосунда келишимдин тараптары тарабынан аныкталган шарттарда жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлүшү мүмкүн.
7-берене. Опциялык келишим
Венчурдук иштин катышуучулары, венчурдук инвесторлор, стартаптар жана инновациялык компаниялар өз ара жана/же кызматкерлер, консультанттар же стартапты өнүктүрүүгө кызыкдар болгон ар кандай адамдар менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык опциялык келишимдерди түзүүгө укуктуу.
3-глава. Венчурдук ишти уюштуруу
8-берене. Венчурдук башкаруучулардын иши
1. Венчурдук башкаруучулардын иши каржылоону талап кылган бизнес-долбоорлорду, стартаптарды издөө жана тандоо, долбоорлорду баалоону зарылчылыкка жараша жүзөгө ашыруу, долбоорлорду биргелешип каржылоо үчүн башка инвесторлорду тартуу, ошондой эле венчурдук инвесторлордун акча каражаттарын фонддун инвестициялык стратегиясына ылайык андан ары инвестициялоо үчүн топтоо.
2. Венчурдук башкаруучулардын статусу уюмдун уюштуруу документтеринде, венчурдук фонддун ишин уюштуруу жөнүндө келишимде, ошондой эле венчурдук башкаруучулардын жана венчурдук фонддордун реестринде милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
3. Венчурдук башкаруучу ак ниет, акылга сыярлык жана венчурдук фонддун кызыкчылыктарында гана (фидуциардык милдеттенмелердин алкагында) аракеттенүүгө, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө милдеттүү жана инвесторлорго маалыматты уюмдун уставына жана башка ички документтерине ылайык ачууга милдеттүү.
4. Каржылоого бир нече венчурдук инвестор катышкан учурда тараптар келишимдин негизинде венчурдук башкаруучуну өз алдынча аныктайт жана функционалдык милдеттерди өз ара бөлүштүрөт.
5. Венчурдук башкаруучу банктык эсеп ачат, ага тараптар венчурдук фондду уюштуруу жөнүндө келишимге ылайык капиталды салуу боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин алкагында каражаттарды салат. Каражаттарды салуу венчурдук башкаруучунун талабы (капиталды чакыруу) боюнча фонддун инвестициялык стратегиясына ылайык жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
6. Венчурдук фонд алардын башкаруусунда турган, уюштуруу-укуктук формасына карабастан венчурдук башкаруучулар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан белгиленген лимиттен ашкан учурда, активдердин көлөмүнө, инвесторлордун санына жана башка көрсөткүчтөргө жараша "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте жыл сайын тышкы аудит жүргүзүүнү уюштурат.
7. Венчурдук башкаруучулар венчурдук фондду уюштуруу жөнүндө келишимге ылайык инвесторлорго жана аманатчыларга квартал сайын маалыматтык отчетторду берүүгө милдеттүү. Венчурдук фонддун келишиминин катышуучулары венчурдук фонддун жылдык отчеттору жана баланстары менен таанышууга укуктуу. Келишимде инвесторлордун венчурдук фонддун иши жөнүндө маалымат алууга башка укуктары каралышы мүмкүн.
8. Венчурдук башкаруучулардын ишин уюштуруу тартиби, анын ичинде отчеттуулукту берүү, аудит жүргүзүү жана маалыматты ачуу тартиби Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
9-берене. Венчурдук фонддордун ишин уюштуруу
1. Венчурдук фонд юридикалык жакты түзбөстөн да, венчурдук фонддун командиттик шериктиги формасында жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык башка уюштуруу-укуктук формада да түзүлүшү мүмкүн.
2. Юридикалык жакты түзбөстөн венчурдук фонд венчурдук фондду уюштуруу жөнүндө келишим боюнча венчурдук башкаруучу жана венчурдук инвесторлор тарабынан түзүлүшү мүмкүн, алар өздөрүнүн аманаттарын бириктирүүгө жана пайда алуу үчүн венчурдук каржылоо боюнча биргелешкен ишти жүзөгө ашырууга милдеттенет.
3. Венчурдук фондордун коммандиттик шериктештиги формасында түзүлгөн венчурдук фондго венчурдук башкаруучулар венчурдук фондду башкарууну жүзөгө ашырган толук шериктеш катары чыгат.
4. Венчурдук фонддун ишин уюштуруу жөнүндө келишимдерде тараптар келишимде жана ушул Мыйзамда белгиленген чектерде жана көлөмдөрдө катышат, мында венчурдук башкаруучулар мындай келишимдин бардык тараптарынын атынан венчурдук фонддун жалпы ишин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат.
5. Венчурдук фонддун ишин уюштуруу жөнүндө келишимдерде венчурдук фонддун фирмалык аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
6. Венчурдук фонддун ишин уюштуруу жөнүндө келишимдин тараптары катары келишимге кол тамга койгон юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр чыга алат.
7. Венчурдук башкаруучу венчурдук фонддун капиталын өсүү потенциалы жогору стартаптарга жана инновациялык компанияларга гана инвестициялоо үчүн түзөт.
8. Венчурдук фонд иштин төмөнкүдөй негизги түрлөрүн жүзөгө ашырат:
1) юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет өлкөлүктөр акча каражаттарын аларды стартаптарга жана инновациялык компанияларга андан ары инвестициялоодон пайда алуу максатында топтоо;
2) инновациялык долбоорлорду ишке ашыруучу жаңыдан түзүлгөн жана иштеп жаткан стартаптардын уставдык капиталына үлүштүк катышуу жолу менен, ошондой эле аларга инвестицияларды, күрөө менен камсыздоосуз конвертацияланган зайымдарды жана каржылоонун башка түрлөрүн берүү аркылуу инновацияларды иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү каржылоо;
3) венчурдук инвестор катышуучусу (акционери) болуп саналган компанияларды өз билимин жана тажрыйбасын, консультациясын берүү, анын ичинде директорлор кеңешине жана стартапттардын башка башкаруу органдарына катышуу аркылуу натыйжалуу башкарууга көмөктөшүү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген иштин башка түрлөрү.
9. Венчурдук фонддор инвестициялык тезиске, инвестициялык стратегияга жана венчурдук фонддун максаттуу секторлоруна жараша экономиканын белгилүү бир секторундагы (адистештирилген венчурдук фонддор) да, экономиканын ар түрдүү секторлорундагы (универсалдуу венчурдук фонддор) да стартаптарды каржылоону жүзөгө ашыра алышат.
10. Венчурдук фонддор стартаптардын жана инновациялык компаниялардын уставдык капиталдарындагы акцияларды, үлүштөрдү, башка баалуу кагаздарды, интеллектуалдык менчикти сатып алуу, ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлорго стартаптардын уставдык капиталдарындагы акцияларды, үлүштөрдү сатуу, ар кандай активдерди сатып алуу жолу менен жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка формаларда инвестициялык ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.
11. Венчурдук фонддун келишими милдеттүү тартипте төмөнкүдөй жоболорду камтууга тийиш:
1) фонддун инвестициялык ишин чектөө;
2) венчурдук фонддун башкаруучусунун жана келишимдин катышуучуларынын (венчурдук инвесторлордун) укуктары жана милдеттери жөнүндө маалыматтар, алар менен келишимдерди түзүү тартиби, келишимдин катышуучуларынын макулдугун алуу зарыл болгон шарттар жана алардын венчурдук фонддун жана анын тараптарынын алдындагы жоопкерчилиги;
3) венчурдук фонддун инвестициялык стратегиясы;
4) каражаттарды тартуунун тартиби;
5) венчурдук фонддун иштөө мөөнөтү;
6) венчурдук башкаруучулардын ортосунда стартаптарга жана инновациялык компанияларга инвестициялоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу тартиби;
7) инвестицияланган стартаптардан чыгуу (уставдык капиталдагы үлүшүн же стартаптын акцияларын сатуу) жөнүндө чечимди кабыл алуу тартиби;
8) дивиденддерди төлөө тартиби;
9) венчурдук фондду жоюу тартиби;
10) кызматкерлерди кабыл алуу жана бошотуу тартиби;
11) эмгек акы төлөө тартиби жана шарттары.
Келишимде венчурдук фонддун ишине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине карама-каршы келбеген жана башка жоболор да каралышы мүмкүн.
12. Венчурдук башкаруучу "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" жана "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга шайкеш келген квалификациялуу инвесторлордон жана бизнес-ангелдерден гана инвестицияларды тартууга укуктуу.
13. Инвестициялык долбоорлорду тандоо венчурдук фондду түзүүнүн жана калыптандыруунун алдында аныкталуучу инвестициялык стратегияга ылайык венчурдук башкаруучу тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырат.
14. Венчурдук фонддорго адамдардын чектелбеген чөйрөсүнөн (кеңири коомчулуктан) же баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык квалификациялуу инвестор болуп саналбаган адамдардан акча каражаттарын тартууга тыюу салынат.
10-берене. Венчурдук фонддун ишин жарнамалоо өзгөчөлүктөрү
1. Венчурдук башкаруучу жана башкаруучу компаниянын кызматкерлери алар түзгөн жана каттаган венчурдук фонддун иши жөнүндө инвестициялык тезисти жана инвестициялык стратегияны же венчурдук фонддун башка документтерин камтыган жарнаманы жалпыга маалымдоо каражаттарына жана венчурдук фонддун капиталын түзүү мезгилинде тышкы (визуалдык) жарнама объекттерине жайгаштырууга, ошондой эле ачык оферта же адамдардын чектелбеген чөйрөсү үчүн чыгып сүйлөө аркылуу венчурдук фонддун жаңы катышуучуларын тартууга укуксуз.
2. Венчурдук фонддун капиталын түзүүнүн финалдык баскычы аяктагандан кийин венчурдук фонд жөнүндө маалыматты венчурдук башкаруучунун веб-сайтына жайгаштыруу венчурдук фонддун жарнамасы болуп саналбайт.
3. Венчурдук башкаруучу инвестицияларды тартууда венчурдук инвестордун этикалык принциптерин жетекчиликке алышы жана жогорку тобокелдиктер жөнүндө квалификациясы жана маалыматы жок инвесторлордун венчурдук фондго инвестор катары катышууга жол бербеши керек.
4. Анык эмес маалыматты таратуу, ошондой эле квалификациялуу инвестор болуп саналбаган адамдарды венчурдук фонддорго тартууга багытталган жарнама Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
11-берене. Венчурдук фонддордун жана венчурдук башкаруучулардын реестри
1. Венчурдук фонддордун жана венчурдук башкаруучулардын реестри Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан венчурдук фонддорду эсептик каттоо жана ишине мониторинг жүргүзүү функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалымат киргизилген электрондук маалыматтар базасы болуп саналат.
2. Венчурдук фонддор жана венчурдук башкаруучулар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсептик каттоого алынууга тийиш.
3. Венчурдук фонддордун жана венчурдук башкаруучулардын реестри ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш жана венчурдук фонд келишиминин катышуучулары жөнүндө маалыматтарды жана жеке Кыргыз Республикасынын маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды жана башка жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматты кошпогондо, анда камтылган маалыматтар менен кандай болбосун кызыкдар адамдар таанышуу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат.
4. Венчурдук фонддордун жана венчурдук башкаруучулардын реестринде төмөнкүдөй негизги маалыматтар камтылууга тийиш:
1) венчурдук фонддун аталышы, ошондой эле венчурдук башкаруучу жөнүндө маалыматтар (венчурдук башкаруучунун толук жана кыскартылган аталышы, анын жайгашкан жери, юридикалык дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, башкаруу органдары, байланыш маалыматтары, веб-сайты);
2) венчурдук фонддордун жана венчурдук башкаруучулардын реестринде венчурдук фондду каттоо/кайра каттоо датасы, жана венчурдук фонд келишиминин каттоо номери;
3) венчурдук фонддордун жана венчурдук башкаруучулардын реестринен чыгаруунун негиздемеси жана датасы (чыгарылган учурда).
5. Венчурдук фонддорду жана венчурдук башкаруучуларды эсептик каттоо тартиби, ошондой эле венчурдук фонддордун жана венчурдук башкаруучулардын реестринен чыгаруу тартиби Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
6. Венчурдук башкаруучуларга карата квалификациялык талаптар ушул Мыйзамда белгиленет жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) уюштуруучуларда (юридикалык жактар үчүн) же венчурдук башкаруучу катары чыккан жеке жакта инвестициялык, ишкердик же башкаруучулук иште тастыкталган кесипкөй тажрыйбасынын болушу;
2) төмөнкүдөй жагдайлар менен тастыкталган тиешелүү ишкердик аброю:
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган алдамчылык, кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу, салыктарды төлөөдөн качуу же башка кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын жоктугу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар веб-порталындагы ак ниеттүү эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасында жоктугу.
4-глава. Венчурдук ишти мамлекеттик жөнгө салуу
12-берене. Венчурдук каржылоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган венчурдук фонддордун жана венчурдук башкаруучулардын ишин ушул Мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде жөнгө салууну жүзөгө ашырат.
13-берене. Венчурдук ишти мамлекеттик колдоо
1. Венчурдук ишти мамлекеттик колдоо мамлекеттик органдар тарабынан төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) Кыргыз Республикасында венчурдук каржылоонун жагымдуу чөйрөсүн түзүүгө жана ырааттуу өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдарды өркүндөтүү;
2) венчурдук каржылоо чөйрөсүнүн өнүгүү муктаждыктарын эске алуу менен кадрлардын квалификациясын жогорулатуу тутумун түзүүгө катышуу;
3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык венчурдук инвесторлор жана стартаптар үчүн салыктык дем берүү;
4) жеке капиталды тартуу, венчурдук фонддор менен тең инвестициялоо жана венчурдук инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында фонддордун фонддорун түзүү жана (же) аларга мамлекеттин катышуусу.
2. Венчурдук ишти мамлекеттик колдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин актыларына ылайык мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
14-берене. Инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү
1. Венчурдук иштин катышуучуларынын ортосунда, анын ичинде венчурдук инвесторлордун, венчурдук фонддордун, венчурдук башкаруучулардын, стартаптарды уюштуруучуларынын, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
2. Тараптардын макулдашуусу боюнча мындай талаш-тартыштар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бейтарап сотко же эл аралык коммерциялык арбитражга кароого өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
3. Тараптардын талаш-тартышты бейтарап сотко же эл аралык коммерциялык арбитражга өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуусу жок болгондо талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын сотторунда каралууга тийиш.
15-берене. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү
1. Венчурдук фонддордун, венчурдук башкаруучулардын жана венчурдук инвесторлордун иши кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Венчурдук фонддордун ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш болгон финансылык операциялар жөнүндө маалыматты суроого жана финансылык чалгындоо органына берүүгө укуктуу.
3. Венчурдук башкаруучулар кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвесторлорду (аманатчыларды) идентификациялоого жана алардын каражаттарынын келип чыгуу булактарын текшерүүгө багытталган ички контролдоо жол-жоболорун колдонууга милдеттүү.
5-глава. Корутунду жоболор
16-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 18-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |