РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 638-т (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жылкы тукумундагы жаныбарларды экспорттоого карантиндик жана санитардык-гигиеналык талаптар жөнүндө) тескемеси

Редакцияот 20.08.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 20-августу № 638-т

 

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жылкы тукумундагы жаныбарларды экспорттоого карантиндик жана санитардык-гигиеналык талаптар жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев