Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-августу № 565
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 22-февралындагы № 93 «Кыргыз
Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125,
302 жана 324-беренелеринин талаптарын ишке
ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
– 1-пункт «324-беренесине» деген сөздөрдөн кийин «жана 430-беренесинин 51-бөлүгүнө» деген сөздөр менен толукталсын;
– 3-пункттун 11-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11) жылуулук энергиясын, электр энергиясын, газ жана автомобиль транспорт каражаттарын берүүчү субъекттерге.»;
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жеңилдиктерди жана бошотууларды эске алуу менен бюджетке импортко КНС төлөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында негизги каражаттарды, товарларды жана материалдык эмес активдерди түздөн-түз өзү пайдалануу үчүн сатып алууну жана/же импорттоону кошпогондо, ушул режимге ылайык товарларды импорттоо жана экспорттоо боюнча гана иш жүргүзөт.»;
– 5-пунктта:
биринчи абзац «324-беренесинде» деген сөздөрдөн кийин «жана 430-беренесинин 51-бөлүгүндө» деген сөздөр менен толукталсын;
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) ушул режимге ылайык импорттолгон товарларды экспорттоодо ТЭИ ТН кодун он орундуу белгинин жана өлчөө бирдигинин деңгээлинде өзгөртүүсүз жана/же бул өлчөө бирдигинин эквивалентинде көрсөтүүгө.
Ушул пунктчанын максаттарында эквиваленттүү өлчөө бирдиги деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
– грамм (г) – килограмм (кг) – тонна (т);
– миллилитр (мл) – литр (л);
– сантиметр (см) – узундук метр (ум) – метр (м) – километр (км);»;
төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
«6) Кыргыз Республикасынын аймагында импорттолгон жана/же сатып алынган күндөн тартып 60 айлык мезгил өткөнгө чейин өзү пайдалануу үчүн түздөн-түз сатып алган активдерди ээликтен ажыратпоого.»;
– 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Ушул Жобонун 3, 4-пункттарында жана 5-пунктунун 1, 2-пунктчаларында белгиленген шарттарга ылайык келбеген учурда жана Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды сатып өткөрүү учурунда салык төлөөчү өткөн салыктык мезгилден кийинки айдын 1инен тартып жалпы салыктык режим боюнча салыктарды эсептөөгө жана төлөөгө өтөт.
Ушул Жобонун 5-пунктунун 6-пунктчасы сакталбаган учурда салык төлөөчү мындай актив ээликтен ажыратылган айдан кийинки айдын 1инен тартып жалпы салыктык режим боюнча салыктарды эсептөөгө жана төлөөгө өтүүгө милдеттүү.»;
– 7-пунктта «бир жыл» деген сөздөр «алты календардык ай» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. Салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуу күнү болуп бул режимде салыктык катталган күнү саналат.»;
– 13-пункт «324-беренесинде» деген сөздөрдөн кийин «жана 430-беренесинин 51-бөлүгүндө» деген сөздөр менен толукталсын;
–15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. Бажы органы ушул Жобонун 8-10-пункттарында каралган, аткарылган жол-жоболордун, ошондой эле товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жасоо үчүн зарыл болгон, берилген документтердин негизинде ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.»;
– 16, 18-пункттар «324-беренесинин 4-бөлүгүнө» деген сөздөрдөн кийин «жана 430-беренесинин 51-бөлүгүнө» деген сөздөр менен толукталсын;
– 19, 20-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19. Депозиттик каражаттарды кайтарып берүү максатында салык төлөөчү 210 календардык күндүн ичинде тиешелүү арыз менен төмөнкүлөргө кайрылат:
– салык органына – ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча импорттолгон товарларды эсепке алынган күндөн тартып;
– бажы органына – бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча чыгаруу бажы жол-жобосуна ылайык товарлар чыгарылган күндөн тартып.
Арызга салык төлөөчү күбөлөндүргөн төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
– үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо:
бардык импорттолуучу товарларга экспорттук декларация;
товарды коштоочу документтер;
электрондук эсеп-фактура;
товарларды жеткирүүгө келишим;
– ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспорттоодо:
аймагына товарлар импорттолгон ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан ырасталган товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз;
товарды коштоочу документтер;
электрондук эсеп-фактура;
товарларды жеткирүүгө келишим.
20. Тиешелүү салык/бажы органы салык төлөөчү берген документтерди изилдейт (текшерет) жана алар ушул Жобонун талаптарына ылайык келген учурда салык төлөөчү арыз берген күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен, товарлардын импортуна карата КНСтин шарттуу эсептелген суммалары боюнча милдеттенмелерди аткаруунун эсебине төлөнгөн депозиттик каражаттарды кайра кайтаруу жөнүндө чечим чыгарат.
Эгерде ушул пунктта башкача каралбаса, депозиттик каражаттар багытталган өлкөдөгү экспорттолгон товарлардын жалпы саны ырасталган шартта, алар боюнча багытталган өлкөдө ТЭИ ТН коддорунун бардыгы же бир бөлүгү боюнча он белгинин деңгээлинде кыйыр салыктар төлөнгөндүгү ырасталган экспорттолгон товарларга карата кайра кайтарылууга тийиш.
Депозиттик каражаттар салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карыздары жана товарлардын импортуна КНС боюнча милдеттенмени кошо алганда бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар боюнча карыздары жок болсо гана кайра кайтарылууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу салык органы, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жолу менен салыктык карызы, бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар боюнча карызы бар же жок экендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону сурайт.
Салыктык карызы, бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар боюнча карызы бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу ырасталган учурда жазуу жүзүндөгү ырастоо берилбеши мүмкүн.»;
– 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«22. Товарлардын экспорту ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолгон товарлар эсепке алынган күндөн тартып же чыгаруу бажы жол-жобосуна ылайык бажы органдары тарабынан товарлар чыгарылган күндөн тартып эсептелүүчү 180 календардык күндүн ичинде ырасталбаган учурда, салык төлөөчүдө кыйыр салыктарды төлөө боюнча милдеттенме пайда болот.
Ушул Жобонун 13, 17-пункттарына ылайык депозиттик эсепке киргизилген импортко КНСтин шарттуу эсептелген суммасы салык мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык туумду эсептөө менен бюджетке которулат, төмөнкү учурларда:
– белгиленген мөөнөттө товарлардын экспорту ырасталбаса;
– экспорттолгон товарлардын жалпы көлөмүндө багытталган өлкөдөгү ТЭИ ТН коддорунун бардыгына же бөлүгүнө карата кыйыр салыктарды төлөө ырасталбаса;
– салык төлөөчү депозиттик каражаттарды кайра кайтарууга арыз бербесе;
– ушул Жобонун 5-пунктунун шарттары сакталбаса.
Ушул Жобонун максаттары үчүн кыйыр салыктардын төлөнгөндүгүн ырастоо деп 2009-жылдын 11-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортосунда кыйыр салыктардын төлөнгөн суммалары жөнүндө электрондук түрдө маалымат алмашуу тууралуу протоколдо белгиленген, аймагына товарлар импорттолгон ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан ырасталган товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз берүү түшүнүлөт.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-августундагы № 63 (3823) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |