Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-августу № 550
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 21-январындагы № 16 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 16 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41. Борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүүгө каралган сметалык дайындоолор зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн ортосунда кайра бөлүштүрүлүшү мүмкүн.»;
- 6-пунктта:
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) Министрликтин ишине тиешелүү маселелер боюнча стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду, стратегиялык документтерди түзүү, буклеттерди, брошюраларды жана башка адистештирилген адабияттарды, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүлөрдө иштеп чыгуу, басып чыгаруу, сатып алуу боюнча илимий-изилдөө иштерине акы төлөөгө;»;
8-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн жиберилүүчү кызматкерлердин иш сапардык чыгымдарын, ошондой эле чет өлкөлүк иш сапарларга, анын ичинде эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар жана чет мамлекеттер тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга байланыштуу чыгымдарды төлөөгө;»;
11-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11) Министрликтин ведомстволук, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган курулуш-оңдоо иштери, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо үчүн акы төлөөгө;»;
9, 14-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар сметасын аткаруу жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлик тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына берилет.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 18-августундагы № 62 (3822) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |