Редакцияот 19.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 19-августу № 560

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 542 «Кыргыз Республикасында кластерлерди уюштуруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо, агроөнөр жай кластерлеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин өркүндөтүү, агроөнөр жай комплексин кластердик өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кызыкдар тараптардын аракеттерин координациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы № 202 «Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 542 «Кыргыз Республикасында кластерлерди уюштуруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– төмөнкүдөй мазмундагы 2ˡ-пункт менен толукталсын:

«2ˡ. Кыргыз Республикасындагы агроөнөр жай кластерлери жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.»;

– ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 3-тиркеме менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев