Редакцияот 24.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН                                      

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ                                                                  

 

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

I -чакырылышынын XIV-кезексиз сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2026-жылдын 11-июну №37                                          

Жергиликтүү бюджеттен социалдык муктаждыктарга

акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесине ылайык  социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Барскоон жергиликтүү кеӊеши  токтом кылат:

1.  Жергиликтүү бюджеттен Барскоон айыл аймагынын төмөндөгү социалдык муктаж болгон адамдарга материалдык жардам катары акча каражаты бөлүнүп берилсин:

  • К.Илипбаевдин дарылануусуна – 40 000 (кырк миң) сом;
  • Т.Мукашовго материалдык жардамга – 40 000 (кырк миң) сом;
  • Э.Мурадылованын уулу Н.Мурзабековдун дарылануусуна - 40 000 (кырк миң) сом;
  • Шаймерген к. Айперинин кызы Кайырбекова Элайымдын дарылануусуна - 40 000 (кырк миң) сом;
  • Т.Рыскулованын кызы Р.Сабаеванын дарылануусуна - 10 000 (он миң) сом;
  • Ш.Исаеванын дарылануусуна - 40 000 (кырк миң) сом;
  • К.Аралованын кызы А.Тѳлѳбекованын дарылануусуна - 40 000 (кырк миң) сом;
  • Б.Мамбетованын күйѳѳсү С.Токчулуковдун дарылануусуна - 40 000 (кырк миң) сом;
  • К.Эсенкановага материалдык жардамга -  40 000 (кырк миң) сом;

2. Барскоон айыл өкмөт башчысы А.С.Калыков  айыл өкмөтүнүн резервдик фондунан жалпы 330 000 (үч жүз отуз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом  Барскоон жергиликтүү кеңеши менен Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

4. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаева бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү менен бирге ченемдик-укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтсүн.

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А.Букаровго жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын тѳрайымы А.Сейтканга тапшырылсын.

 

Төрага        Ч.А.Ажыбеков