Редакцияот 24.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН            

                                    ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ                                                                

 

 

Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

 I чакырылышынын 15-сессиясынын

 

 

ТОКТОМУ

“02”  05  2026-ж  №172                                                       

 

“Кызыл-Суу суу канал” муниципалдык ишканасы тарабынан

сунушталган ичүүчү суунун нормасын бекитүү жөнүндө”

       Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-мартындагы №33 “Ичүүчү суу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы №8 Суу кодексине жана Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы №64 “Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын долбоорлоонун курулуш нормалары” тууралуу ченемдик укуктук актысына ылайык, жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат.

 

    1.“Кызыл-Суу суу канал” муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган ичүүчү суу берүү нормасы каралып чыгып, №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

     2.Бекитилген  ичүүчү суу берүү нормасынын негизинде калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу “Кызыл-Суу суу канал” муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.

 

     3.Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана көзөмөл жүргүзүү иштери тиешелүү кызматтар тарабынан камсыздалсын.

 

     4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге  тапшырылсын.    

 

 

Төрайым                                          Г.Чыныбаева

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                      Тиркеме №1

Кызыл-Суу жергиликтүү                           кенешинин

 

 

     “______”________2026ж

     №______токтомуна

 

 

Кызыл-Суу айыл  аймак боюнча

таза суу менен камсыздоо нормасы

 

 

№

Кызмат пайдалануучулар

Ченөө бирдиги

Суупайдаланнун

нормасы

(1сутка/литр)

1

Калк

1 адам

94

2

мектептер

1окуучу

10

3

Бала-бакчалар

1бала

20

4

ооруканалар

1 койка

60

5

Поликлиника (ФАП, ГСВ)

1кызматкер

60

6

Мекемелер

1кызматкер

10

7

Завод

1 литр сүт

4,4

8

Пескоблок

1кыш

2

9

Мейменканалар

1орун

117

10

Автожуугуч

1 унаа

175

11

Килем жуугуч

1 килем

150

12

Чач тарач, салон

1 кардар

10

13

Фабрика

1 кызматкер

25

14

дукөндөр

1 кызматкер

20

15

мончолор

1 кардар

132

16

Коомдук тамактануу ишканалары

1 катышуучу

10

17

маданият үйлөрү, китепканалар

1орун

3

18

ири мүйүздү мал

1баш

18

19

жылкы

1баш

18

20

кой -эчки

1баш

5

 

 

МИ “Кызыл-Суу канал”

жетекчиси:                                                                К.Байделиев