Редакцияот 24.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                          КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

                                      ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ                                                                

 

 

 

Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

 I чакырылышынын 15-сессиясынын

 

 

 

 

 

ТОКТОМУ

 

“10”   07  2026-ж №187                                                  

 

Кызыл-Суу  айыл аймагына караштуу Жалгыз-Өрүк  айылындагы жаӊы

 саланып жаткан 100 орундуу  бала бакчага

ат ыйгаруу  жөнүндө.

 

          2026-жылдын 13-майындагы Кызыл-Суу  айыл аймагынын Жалгыз-Өрук айылынын жашоочуларынын  кайрылуусу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т.К.Баякуновдун сунушун  карап чыгып,  талкуулап  жергиликтүү кенешинин   сессиясы  токтом кылат.

 

      1.2026-жылдын 13-майындагы Кызыл-Суу  айыл аймагынын Жалгыз-Өрук айылынын жашоочуларынын  кайрылуусу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т.К.Баякуновдун сунушу   эске  алынсын.

 

       2.Кыргыз Республикасынын  географиялык  аталыштар жөнүндөгү  мыйзамынын  7-беренесинин негизинде  Кызыл-Суу  айыл аймагынын Жалгыз-Өрүк айылынын жаӊы салынып жаткар 100 орундуу бала бакчага мектепке чейинки балдарды тарбиялоодогу үзүрлүү жана көп жылдык эмгегин баалап Ибраева Зинаиданын ысымы берилсин,   100 орундуу  бала бакча  Жалгыз-Өрүк  айылындагы Ибраева Зинаида  атындагы “Бакыт” бала бакчасы деп аталсын.

 

   3. Ушул токтом тиркемеси менен Кызыл-Суу  айыл өкмөтүнүн  расмий веб-сайтында жарыялансын.

 

      4.Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊешинин жоопту катчысы А.Ташбаева бул токтомду  каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

      5.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы жергиликтүү кенештин  социалдык маселелери  боюнча  туруктуу комиссиясына жана  айыл  өкмөтүнүн башчысы  Т.К.Баякуновго  тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрайым                                             Г.Чыныбаева