Редакцияот 11.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

I чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы

2026-жылдын 11-августу №3 

 

 Чаек айыл өкмөтүнүн Т. Мураталиев көчөсүнүн №68 дарегинде жайгашкан Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерден  Жумгал райондук сотунун кызматтык имаратын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Чаек айыл өкмөтүнүн Т. Мураталиев көчөсүнүн №68 дарегинде жайгашкан Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерден  (идентификациялык коду: 4-03-10-1001-2247) Чаек айыл өкмөтүнүн сунуш катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 2-беренесинин 35-пунктунун,  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарынын 27-беренесинин 15-пунктунун, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесинин талаптарына  ылайык, Чаек айыл өкмөтүнүн сунуш катын карап Чаек айылдык кеңеши угуп жана талкуулап,  Чаек айыл аймагынын  айылдык Кеңешининин кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

1.  Чаек айыл өкмөтүнүн Т. Мураталиев көчөсүнүн №68 дарегинде жайгашкан Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерден  (идентификациялык коду: 4-03-10-1001-2247) Жумгал райондук сотунун кызматтык (административдик) жаңы имаратын куруу үчүн 30 сотых жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

   3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдиловго  жүктөлсүн.

 

     Төрага

А. Муталиев