Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 24-августу № 570
Шайкештикти баалоо жөнүндө документтер
чөйрөсүндөгү айрым маселелер тууралуу
2021-жылдын 16-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин көрсөтүлгөн чөйрөдөгү мыйзамдарын айкалыштыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) принциптери жана ыкмалары жөнүндө макулдашууну, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 20-мартындагы № 41 «Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына продукциянын шайкештиги жөнүндө декларацияларды каттоонун, колдонулушун токтото туруунун, кайра жандандыруунун жана токтотуунун тартиби жөнүндө» чечимин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди колдонууну токтото туруу, кайра улантуу жана токтотуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 «Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияны кабыл алуунун тартиби жөнүндө жободо:
– 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«18. Шайкештик жөнүндө декларацияны колдонууну токтотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) арыз берүүчү шайкештик жөнүндө декларацияны колдонууну токтотуу жөнүндө кайрылганда (шайкештик жөнүндө декларацияны каттаган ыйгарым укуктуу органга кабарлама берүү аркылуу);
2) түзөтүүчү иш-чараларды жүргүзүү менен шайкеш эместикти жоюунун мүмкүн эместигин эске алуу менен техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга же «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулууга тийиш болгон милдеттүү талаптарга продукциянын, шайкештикти баалоо жөнүндө документтердин шайкеш эместигинин фактылары аныкталса;
3) шайкештик жөнүндө декларация аккредитациялоо тармагынан тышкары катталса;
4) арыз берүүчү декларациялоо схемасын, шайкештикти баалоо жол-жоболорун бузса;
5) продукцияны идентификациялоо боюнча талаптар бузулса;
6) продукциянын үлгүлөрүн (сынамдарын) алууга карата талаптар бузулса;
7) продукцияны изилдөө (сыноо) жана өлчөө программасын түзүүгө карата талаптар бузулса;
8) продукцияны изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана өлчөөлөрдү жүргүзүүгө карата талаптар бузулса;
9) продукциянын милдеттүү талаптарга шайкештигин тастыктоо үчүн негиз болгон маалыматтар жана документтер анык болбосо;
10) мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органынын талабы боюнча шайкештикти баалоо жөнүндө документти көрсөткөн арыз берүүчү аталган документти кабыл алууга негиз болгон сыноолордун (изилдөөлөрдүн, өлчөөлөрдүн) протоколдорун бербесе же сыноо лабораториясында мындай протоколдорду берүүнү тастыктоочу маалымат жок болсо.».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 25-августундагы № 64 (3824) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |