Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-августундагы № 570 токтому менен бекитилди) |
Шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди колдонууну
токтото туруу, кайра улантуу жана токтотуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди колдонууну токтото туруу, кайра улантуу жана токтотуу жол-жоболорунун катышуучуларынын ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги
3-глава. Шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди колдонууну токтото туруу үчүн негиздер
4-глава. Шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди колдонууну токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алуунун тартиби
5-глава. Шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди колдонууну кайра улантуу тартиби
6-глава. Шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди колдонууну токтотуунун тартиби жана негиздер
7-глава. Кызыкдар жактарга кабарлоо
8-глава. Чечимдерге даттануунун тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) техникалык регламенттеринин талаптарын, Бирдиктүү санитардык талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы жана ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердеги техникалык регламенттердин талаптарына жана (же) белгиленген талаптарга шайкештикти баалоо жол-жоболорун бузуу менен берилген/катталган шайкештик сертификаттарын, шайкештик жөнүндө декларацияларды, продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү (мындан ары – шайкештикти баалоо жөнүндө документтер) колдонууну токтото туруу, кайра улантуу жана токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алуу жол-жоболорун аныктайт.
2. Ушул Тартипти колдонуу шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди колдонууну токтото туруу, кайра улантуу жана токтотуу жол-жоболорунун төмөнкү катышуучуларына жайылтылат:
1) продукциянын шайкештигин баалоодо арыз ээлерине (мындан ары – арыз ээси);
2) техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга;
3) шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча улуттук органга;
4) техникалык регламенттердин талаптарынын жана (же) «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулууга тийиш болгон милдеттүү талаптардын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарына (мындан ары – мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органы), алар сертификаттоо боюнча органдардын ишин көзөмөлдөйт:
5) сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдарга;
6) шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарга;
7) продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү боюнча ыйгарым укуктуу органга.
3. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) апелляция – шайкештикти баалоо жөнүндө документтерге карата сертификаттоо боюнча орган, ыйгарым укуктуу орган же аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан кабыл алынган чечимди кайра кароо жөнүндө арыз ээсинин же башка кызыкдар адамдын кайрылуусу;
2) шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонууну кайра улантуу – аны токтото туруу үчүн негиз болгон себептер жоюлгандан кийин шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонууну калыбына келтирүү;
3) даттануу – шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди берүүгө, каттоого, колдонууну токтото турууга, кайра улантууга же токтотууга байланышкан сертификаттоо боюнча органдын, сыноо лабораториясынын (борборунун) же ыйгарым укуктуу органдын ишиндеги мыйзамдардын талаптарын бузуу тууралуу кызыкдар адамдын кайрылуусу;
4) ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына продукциянын шайкештигин баалоодо арыз ээси – ЕАЭБге мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык катталган, даярдоочу, сатуучу же даярдоочу ыйгарым укук берген жак болуп саналган юридикалык жак же жеке ишкер катары катталган жеке жак;
5) Кыргыз Республикасынын техникалык регламентинин талаптарына продукциянын шайкештигин баалоодо арыз ээси – шайкештикти ырастоо үчүн шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алган же шайкештик сертификатын алуу үчүн кайрылган, даярдоочу же сатуучу же даярдоочу ыйгарым укук берген жак болуп саналган юридикалык жак же жеке ишкер катары катталган жеке жак;
6) түзөтүүчү иш-аракеттер – шайкеш эместиктин себебин жоюу жана анын кайра келип чыгышынын алдын алуу үчүн көрүлгөн иш-аракеттер;
7) аккредитациялоо боюнча улуттук орган – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө, аккредитациялоо боюнча эл аралык жана региондук уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга ыйгарым укуктуу орган;
8) шайкеш эместик – белгиленген талаптарды аткарбоо;
9) шайкештикти баалоо боюнча орган – шайкештикти баалоо боюнча ишти жүргүзүүчү юридикалык жак;
10) сертификаттоо боюнча орган – сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүчү юридикалык жак;
11) шайкештикти баалоо – техникалык жөнгө салуу объектине коюлуучу талаптардын сакталышын тике же кыйыр аныктоо. Шайкештикти баалоо мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө), аккредитациялоо, сыноолор, өлчөөлөр, экспертизалар, каттоолор, жактыруулар, шайкештикти ырастоо, курулушу бүткөн объектти кабыл алуу жана пайдаланууга берүү түрүндө, ошондой эле алардын айкалыштарында жүргүзүлүшү мүмкүн;
12) шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонууну токтотуу – шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонууну биротоло токтотуу, мында документ юридикалык күчүн жоготот жана продукциянын белгиленген талаптарга шайкештигин ырастоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес;
13) шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонууну токтото туруу – шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонууну токтото турууга негиз болгон себептер жоюлганга чейин аны колдонууну убактылуу токтотуу;
14) ыйгарым укуктуу органдар – мамлекеттик органдар, алардын ведомстволук уюмдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЕАЭБдин укугуна ылайык ушул Тартипте каралган функцияларды аткарууга ыйгарым укуктар берилген шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдар.
Ыйгарым укуктуу органдарга төмөнкүлөр кирет:
– техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;
– шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору жана анын аймактык бөлүмдөрү, продукцияны сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдар;
– продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти;
– шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча улуттук орган – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору;
15) мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 34 «Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө» токтомуна ылайык техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) атайын ыйгарым укуктуу органы;
16) декларацияларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого ыйгарым укук берилген орган.
4. Шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди колдонууну токтото туруу, кайра улантуу жана токтотуу аларды колдонуу мөөнөтүнө карабастан жүргүзүлөт.
2-глава. Шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди
колдонууну токтото туруу, кайра улантуу жана токтотуу
жол-жоболорунун катышуучуларынын ыйгарым
укуктары жана жоопкерчилиги
5. Арыз ээси:
1) берилген маалыматтардын, документтердин аныктыгын жана продукциянын белгиленген талаптарга шайкештигин камсыз кылат;
2) продукцияны чыгарууну же рынокто жүгүртүүнү токтотууну кошкондо аныкталган шайкеш эместиктерди жоюу боюнча чараларды көрөт;
3) шайкештикти баалоо жөнүндө документти берген (каттаган) органга мындай документти колдонууга таасир этүүчү жагдайлар жөнүндө кабарлайт;
4) мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органынан шайкештик жөнүндө декларацияны колдонууну токтото туруу жөнүндө жазма буйрукту алганда жана продукциянын белгиленген талаптарга шайкеш эместиги аныкталганда шайкештик сертификатын берген сертификаттоо боюнча органга же шайкештик жөнүндө декларацияны каттаган ыйгарым укуктуу органга бир күндүк мөөнөттө расмий билдирүүгө милдеттүү;
5) сыноолордун зарыл жол-жоболорун жүргүзүүнү жана шайкештикти баалоону камсыз кылат;
6) белгиленген талаптарга шайкеш келбеген, мындай шайкештикти ырастаган документтери жок продукцияны жүгүртүүгө чыгаргандыгы үчүн, анын белгиленген талаптарга шайкеш эместигине алып келген продукцияны сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, ошондой эле товарларды чыгаргандыгы же саткандыгы, керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же ден соолугунун коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген жумуштарды аткаргандыгы же кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн, ага тете байкабастыктан олуттуу зыян алып келген, көрсөтүлгөн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздук талаптарына шайкештигин күбөлөндүрүүчү расмий документти мыйзамсыз бергендиги же пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Сертификаттоо боюнча орган:
1) өзүнүн компетенциясынын чегинде шайкештик сертификаттарын колдонууну токтото туруу, кайра улантуу жана токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат;
2) кабыл алынган чечимдердин объективдүүлүгүн жана негиздүүлүгүн камсыз кылат;
3) эгерде шайкештик сертификаты ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык берилсе, ЕАЭБдин берилген шайкештик сертификаттарынын же шайкештик жөнүндө катталган декларацияларынын бирдиктүү реестрине (мындан ары – ЕАЭБдин бирдиктүү реестри) же Кыргыз Республикасынын берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештик жөнүндө кабыл алынган декларацияларынын мамлекеттик реестрине (мындан ары – КРдин реестри) маалыматтарды киргизет;
4) кабыл алынган чечимдер жөнүндө арыз ээлерине кабарлайт.
7. Аккредитациялоо боюнча улуттук орган:
1) ушул Тартипте каралган учурда шайкештик сертификаттарын жана шайкештик жөнүндө декларацияларды колдонууну токтото туруу, кайра улантуу жана токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алат;
2) ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине же КРдин реестрине маалыматтарды киргизүүнү камсыз кылат;
3) өзүнүн компетенциясынын чегинде даттанууларды жана апелляцияларды карайт.
8. Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органы:
1) милдеттүү талаптардын сакталышына мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) жүргүзөт;
2) продукциянын белгиленген талаптарга шайкеш эместиги аныкталган учурда ЕАЭБдин техникалык регламентинин же Кыргыз Республикасынын техникалык регламентинин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органы арыз ээсине шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонууну токтото туруу жөнүндө жазма буйрукту берет;
3) шайкештикти баалоо жөнүндө документтин түрүнө жараша декларацияны каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга же сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органга материалдарды жана маалыматты жиберет;
4) шайкештикти баалоо жөнүндө документтерге карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт.
9. Шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо же продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдар ушул Тартипке ылайык шайкештик тууралуу декларациялардын же продукцияны мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдү колдонууну токтото туруу, кайра улантуу жана токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, реестрлерди жүргүзүү жана кызыкдар жактарды кабарлоо боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3-глава. Шайкештикти баалоо жөнүндө
документтерди колдонууну токтото туруу үчүн негиздер
10. Шайкештик сертификатынын же шайкештик жөнүндө декларацияны колдонууну токтото туруу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) арыз ээсинин шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди колдонууну токтото туруу тууралуу кайрылуусу (шайкештик сертификатын берген сертификаттоо боюнча органга же шайкештик жөнүндө декларацияны каттаган ыйгарым укуктуу органга кабарлама берүү аркылуу);
2) түзөтүүчү иш-чаралар аркылуу четтетилиши мүмкүн болгон продукциянын белгиленген талаптарга шайкеш эместигин аныктоо;
3) аныкталган бузууларды четтетүүнү ырастоочу документтерди жана маалыматтарды бербөө;
4) шайкештикти баалоо жол-жоболорунун бузулушун аныктоо;
5) продукциянын милдеттүү талаптарга шайкеш эместиги жөнүндө күбөлөндүрүүчү мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) натыйжалары;
6) продукциянын конструкциясына (курамына) же аны өндүрүү технологиясына коопсуздук көрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
7) продукциянын мүнөздөмөлөрүнүн туруктуулугун камсыз кылуунун мүмкүн эместиги;
8) продукцияны өндүрүү дарегинин өзгөрүшү;
9) шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдардын ишин баалоонун натыйжалары;
10) кызыкдар жактын даттануусу же кайрылуусу;
11) сыноолорду (изилдөөлөрдү, өлчөөлөрдү) жүргүзүү үчүн продукциянын үлгүлөрүн ташып келүү жөнүндө ырастаган документтердин жоктугу;
12) продукциянын ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш эместигин аныктоо;
13) аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйруктун арыз ээси тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарылбашы;
14) техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын бузулушунун мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтарды камтыган башка материалдар.
11. Продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкү учурларда продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү колдонууну токтото туруу жөнүндө чечимди кабыл алат:
1) продукциянын белгиленген талаптарга шайкеш эместиги;
2) арыз ээсинен продукцияны ташып келүүнүн жана (же) өндүрүүнүн токтотулгандыгы жөнүндө маалымат алуу;
3) продукцияны мамлекеттик каттоодо берилген маалыматтардын анык эместигин аныктоо.
4-глава. Шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди
колдонууну токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алуунун тартиби
12. Шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонууну токтото туруу жөнүндө чечим төмөнкү учурларда кабыл алынат:
1) шайкештик сертификаттарына карата – сертификаттоо боюнча орган тарабынан;
2) шайкештик жөнүндө декларацияларга карата – шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан;
3) ушул Тартипте каралган учурларда – аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан;
4) продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөргө карата – продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан.
13. Шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонууну токтото туруу жөнүндө чечим тиешелүү негиздер аныкталган күндөн тартып үч жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат.
14. Шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонууну токтото туруу жөнүндө чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) чечим кабыл алууга негиз;
2) продукция жөнүндө маалымат;
3) шайкештикти баалоо жөнүндө документтин каттоо номери;
4) документти берген (каттаган) орган жөнүндө маалыматтар;
5) аныкталган шайкеш эместиктерди четтетүү мөөнөтү;
6) аткарылууга тийиш болгон түзөтүүчү иш-чаралардын тизмеси.
15. Шайкештикти баалоо жөнүндө документти (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү кошпогондо) колдонууну токтото туруу жөнүндө маалыматтар чечим кабыл алынган күндөн тартып бир күндүн ичинде тиешелүү реестрге киргизилүүгө тийиш.
16. Шайкештикти баалоо жөнүндө документти (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү кошпогондо) колдонуу токтото турулган мезгилде мындай документтин негизинде продукцияны жүгүртүүгө чыгарууга тыюу салынат.
17. Ушул Тартиптин 10 жана 30-пункттарында көрсөтүлгөн шайкеш эместиктер боюнча бир эле сертификаттоо боюнча орган же ыйгарым укуктуу орган бир жылдын ичинде үч же андан көп жолу башка ЕАЭБге мүчө мамлекетте берилген (катталган) шайкештикти баалоо жөнүндө документти (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү кошпогондо) колдонууну токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, аккредитациялоо боюнча улуттук орган ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аккредитациялоо боюнча улуттук органы тарабынан аталган чараны колдонуу жана Кыргыз Республикасынын аккредитациялоо боюнча улуттук органына тиешелүү маалыматтарды берүү үчүн негиз болгон себептерди четтетүүнү ырастаган чечимди кабыл алганга чейин сертификаттоо боюнча көрсөтүлгөн орган же ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген (катталган) шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Көрсөтүлгөн маалыматты кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын аккредитациялоо боюнча улуттук органы аны алган күндөн тартып жыйырма жумуш күндүн ичинде төмөнкүдөй чечим кабыл алат:
– сертификаттоо боюнча тиешелүү орган же ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген (катталган) шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууну токтотуу тууралуу мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө;
– мындай чечимди жокко чыгаруудан баш тартуу жөнүндө.
18. Продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү колдонуу токтото турулган учурда, арыз ээси өз каражаттарынын эсебинен продукцияга кошумча (кайталап) лабораториялык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана өлчөөлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.
19. Күбөлүктү колдонууну токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечим (жазуу жүзүндө же электрондук документ түрүндө) аны кабыл алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан арыз ээсине жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына жөнөтүлөт, ошондой эле тиешелүү маалыматтар ЕАЭБдин Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүнө киргизилет.
5-глава. Шайкештикти баалоо жөнүндө
документтерди колдонууну кайра улантуу тартиби
20. Шайкештикти баалоо жөнүндө документти (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү кошпогондо) колдонууну кайра улантуу үчүн негиз болуп аны токтото турууга негиз болгон себептерди четтетүү эсептелет.
21. Документти колдонууну кайра улантуу үчүн арыз ээси токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алган органга аныкталган шайкеш эместиктердин четтетилгендигин ырастаган документтерди жана маалыматтарды (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү кошпогондо) берет.
22. Шайкештикти баалоо жөнүндө документти (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү кошпогондо) колдонууну токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алган орган берилген материалдарды карап чыгат жана документти колдонууну кайра улантуу жөнүндө же кайра улантуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
23. Шайкештикти баалоо жөнүндө документти (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү кошпогондо) колдонууну кайра улантуу жөнүндө чечим аныкталган шайкеш эместиктер четтетилгендигин ырасталган документтер алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
24. Продукцияны кошумча (кайталап) лабораториялык изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн оң натыйжалары алынганда продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган мындай күбөлүктү колдонууну кайра улантуу жөнүндө чечим кабыл алат.
25. Шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонуу кайра улантылгандыгы жөнүндө маалыматтар чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде тиешелүү реестрге киргизилүүгө тийиш.
26. Ыйгарым укуктуу орган кабыл алынган чечим жөнүндө аны кабыл алган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде арыз ээсине (жазуу жүзүндө же электрондук документ түрүндө жөнөтүү аркылуу) кабарлайт.
6-глава. Шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди
колдонууну токтотуунун тартиби жана негиздер
27. Шайкештикти баалоо жөнүндө документти (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү кошпогондо) колдонууну токтотуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) арыз ээсинин шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонуунун токтотулгандыгы жөнүндө кайрылуусу (шайкештик сертификатын берген сертификаттоо боюнча органга, шайкештик жөнүндө декларацияны каттаган ыйгарым укуктуу органга кабарлама берүү аркылуу);
2) шайкеш эместикти түзөтүүчү иш-чараларды жүргүзүү аркылуу четтетүү мүмкүн эместигин эске алуу менен, продукциянын, шайкештикти баалоо жөнүндө документтердин техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга же «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулууга тийиш болгон милдеттүү талаптарга шайкеш эместик фактыларын аныктоо;
3) шайкештикти баалоо жөнүндө документти сертификаттоо боюнча органдын жана (же) сыноо лабораториясынын аккредитациялоо чөйрөсүнөн тышкары берүү (тариздөө);
4) сертификаттоо боюнча орган тарабынан сертификаттоо схемасынын же арыз ээси тарабынан декларациялоо схемасынын, шайкештикти баалоо жол-жоболорунун бузулушу;
5) продукцияны идентификациялоо боюнча талаптардын бузулушу;
6) продукциянын үлгүлөрүн (сынамдарын) тандоого карата талаптардын бузулушу;
7) продукцияны изилдөө (сыноо) жана өлчөө программасын түзүүгө карата талаптардын бузулушу;
8) продукцияны изилдөөгө (сыноого) жана өлчөөгө карата талаптардын бузулушу;
9) продукциянын милдеттүү талаптарга шайкештигин ырастоо үчүн негиз болгон маалыматтардын жана документтердин анык эместиги;
10) мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органынын талабы боюнча шайкештикти баалоо жөнүндө документти (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү кошпогондо) көрсөткөн арыз ээси тарабынан аталган документти кабыл алуу үчүн негиз болгон сыноолордун (изилдөөлөрдүн, өлчөөлөрдүн) протоколдорунун берилбегендиги, же сыноо лабораториясы тарабынан мындай протоколдордун берилгендигин ырастаган маалыматтын жоктугу;
11) арыз ээси тарабынан ушул Тартиптин 5-пунктунда каралган талаптардын аткарылбагандыгы.
Продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкү учурларда продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү колдонууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат:
– продукциянын белгиленген талаптарга шайкеш эместиги;
– арыз ээсинен продукцияны ташып келүүнүн жана (же) өндүрүүнүн токтотулгандыгы жөнүндө маалымат алуу;
– продукцияны мамлекеттик каттоодо берилген маалыматтардын анык эместигин аныктоо.
28. Кошумча (кайталап) лабораториялык изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн натыйжасында продукциянын техникалык регламенттин (техникалык регламенттердин) талаптарына же Бирдиктүү санитардык талаптарга шайкеш эместиги аныкталган учурда күбөлүк берген ыйгарым укуктуу орган күбөлүктү колдонууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
29. Шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонууну токтотуу жөнүндө чечим төмөнкүлөр тарабынан кабыл алынат:
1) шайкештик сертификаттарына карата – сертификаттоо боюнча орган;
2) шайкештик жөнүндө декларацияларга карата – шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган;
3) ушул Тартипте каралган учурларда – аккредитациялоо боюнча улуттук орган;
4) продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөргө карата – продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган.
30. Шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонууну токтотуу жөнүндө чечим, эгерде чечимдин өзүндө башка мөөнөт белгиленбесе, ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
31. Шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматтар, мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде тиешелүү реестрге киргизилүүчү продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматтарды кошпогондо, тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндөн кечиктирилбестен тиешелүү реестрге киргизилүүгө тийиш.
32. Шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонуу токтотулгандан кийин аны андан ары колдонууга жол берилбейт.
33. Сертификаттоо боюнча органдын аккредитациялоо аттестатын колдонуу жокко чыгарылган учурда, схемалары сертификатталган продукцияга мезгил-мезгили менен баалоо (инспекциялык контролдоо) жүргүзүүнү караган, мурда ал тарабынан берилген шайкештик сертификаттары аккредитациялоо боюнча орган тарабынан аттестатты колдонууну жокко чыгаруу жөнүндө жазуу Кыргыз Республикасынын Улуттук аккредитациялоо системасынын реестрине киргизилген күндөн тартып бир жылдын ичинде күчүндө болот.
7-глава. Кызыкдар жактарга кабарлоо
34. Шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонууну токтото туруу, кайра улантуу же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган орган чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде арыз ээсине кабарлайт.
Ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү колдонууну токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечими (жазуу жүзүндө же электрондук документ түрүндө) кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына жана Евразия экономикалык комиссиясына жөнөтүлөт.
35. Кабарлама жазуу жүзүндө же электрондук документ түрүндө жөнөтүлөт.
Кабарлама өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
– чечим кабыл алууга негизди;
– шайкештикти баалоо жөнүндө документтин каттоо номерин;
– продукция жөнүндө маалыматты;
– документти берген (каттаган) орган жөнүндө маалыматтарды;
– чечимге даттануу тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалыматты.
36. Эл аралык келишимдерде жана ЕАЭБдин актыларында каралган учурларда тиешелүү маалымат ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына жана Евразия экономикалык комиссиясына жөнөтүлөт.
8-глава. Чечимдерге даттануунун тартиби
37. Арыз ээси шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонууну токтото туруу, кайра улантуу же токтотуу жөнүндө чечимге тиешелүү чечим кабыл алган органга апелляция берүү жолу менен кабарламаны алган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде же сот тартибинде даттанууга укуктуу.
38. Апелляция шайкештикти баалоо жөнүндө документти колдонууну токтото туруу, кайра улантуу же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу органда катталган күндөн тартып он беш жумуш күндүн ичинде каралат жана аталган орган апелляцияны кароонун натыйжалары жөнүндө арыз ээсине чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде (жазуу жүзүндө же электрондук документ түрүндө жөнөтүү жолу менен) кабарлайт.
39. Арыз ээси апелляцияны кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимге сот тартибинде даттана алат.