Редакцияот 28.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2026-жылдын 28-июлу № 132

 

 

2026-жылдын 26-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Кыргыз Республикасында кичи-, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү" долбоору) ратификациялоо жөнүндө

 

 

1-берене.

2026-жылдын 26-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ("Кыргыз Республикасында кичи-, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү" долбоору) ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкына белгиленген тартипте кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 24-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган