Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 28-июлу № 128
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) Азия оюндары, Азиянын Паралимпиадалык оюндары жана Азиянын Сурдлимпиадалык оюндары - Азиянын Олимпиадалык кеңешинин калкасы астында Азиянын бардык өлкөлөрүнүн атлеттеринин арасында, ошондой эле таяныч-кыймылдоо аппараты жана көрүү органдары жабыркаган майыптыгы бар спортчулардын арасында ар бир төрт жыл сайын өткөрүлүүчү спорттук мелдештер;
2) спортто тыюу салынган субстанциялар жана (же) ыкмалар (мындан ары - допинг) - Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин эл аралык стандартынын тыюу салынган тизмесине киргизилген химиялык кошулмалар (заттар, дарылар) жана ыкмалар, анын ичинде спортто пайдалануу үчүн тыюу салынган субстанциялардын жана (же) методдордун тизмегине киргизилген субстанцияларды жана (же) ыкмаларды пайдалануу же пайдаланууга аракет жасоо;
3) дене тарбиясынын ченемдик негиздери - Кыргыз Республикасынын калкын жаш курагына жараша ырааттуу түрдө камтуучу, дене тарбиялык даярдыгын баалоонун критерийлеринин (ченемдеринин) топтому;
4) олимпиадалык кыймыл - адамдын дене бойлук жана руханий жактан өркүндөшүнө жетүү каражаттарынын бири катары спортту өнүктүрүүгө, эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоого багытталган эл аралык коомдук кыймыл;
5) паралимпиадалык кыймыл - эл аралык олимпиадалык кыймылдын уюмдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды өз катарында бириктирген бөлүгү, анын максаты адамдын дене бойлук жана руханий жактан өркүндөшүнө жетүү каражаттарынын бири катары спортту өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана майыптыгы бар адамдарды спорт менен машыгууга, сергек жашоо мүнөзүнө тартуу болуп саналат;
6) сурдлимпиадалык кыймыл - эл аралык сурдлимпиадалык кыймылдын курамдык бөлүгү, сурдлимпиадалык кыймылдын принциптерин пропагандалоо жана киргизүү, угуусу бузулган спортчулардын арасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө көмөктөшүү, эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоо, Сурдлимпиада оюндарына жана Эл аралык дүлөйлөр спорт комитетинин калкасы астында өткөрүлүүчү башка эл аралык спорттук иш-чараларга катышуу анын максаттары болуп саналат;
7) Олимпиадалык оюндар, Паралимпиадалык оюндар жана Сурдлимпиадалык оюндар - эл аралык олимпиадалык, паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык комитеттердин калкасы астында төрт жылда бир жолу өткөрүлүүчү эл аралык комплекстүү спорттук мелдештер;
8) спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаттары - атлеттер арасында төрт жылда бир жолу же жылына бирден көп эмес жолу өткөрүлүүчү эл аралык ири мелдештер;
9) калкты дене тарбия жагынан өркүндөтүү жана спортчуларды даярдоо системасы - максаты калкты дене тарбия жагынан өркүндөтүү жана өлкөдө спортту өнүктүрүү болуп саналган иштин мамлекеттик жана коомдук формаларынын жыйындысы;
10) спорт - коомдун мелдешүү иш-аракеттери жана адамды мелдештерге даярдоонун атайын практикасы формасында тарыхый жактан калыптанган дене тарбиянын компоненттеринин биринин жалпыланган түшүнүгү, ошондой эле ушул иш-аракеттердин процессинде келип чыгуучу өзгөчө мамилелер, ченемдер жана жетишкендиктер;
11) жогорку жетишкендиктердин спорту - адамдын потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүүнү, спорттук жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүнү, рекорддорду коюуну камсыз кылуучу чөйрө;
12) спорттук мелдеш - спорттук жетишкендиктерди көрсөтүү, салыштыруу жана баалоо ыкмасы;
13) спортчу - Бирдиктүү спорттук классификацияга ылайык спорттук разряды же спорттук наамы бар, спорттун тандалган түрү менен үзгүлтүксүз машыккан жана спорттук мелдештерге белгиленген эрежелер боюнча катышкан адам;
14) дене тарбия - адамды дене бою жагынан өнүктүрүү жана ден соолугун чыңдоо максатында коом тарабынан түзүлүүчү, өнүктүрүлүүчү жана пайдаланылуучу руханий жана материалдык баалуулуктардын жыйындысы болуп саналган маданияттын курамдык бөлүгү, социалдык иштин тармагы;
15) дене тарбия жагынан өркүндөө - дени сак, дене бою жана руханий жактан өркүндөгөн, моралдык жактан туруктуу өсүп келе жаткан муунду калыптандырууга, ден соолукту чыңдоого, эмгекке жөндөмдүүлүктү жогорулатууга, чыгармачыл узак жашоого жана адамдын өмүрүн узартууга багытталган уюштурулган педагогикалык процесс;
16) дене тарбия-спорт уюмдары - уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан ишинин негизги түрү дене тарбия жана спорт жаатында кызмат көрсөтүү болуп саналган коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар;
17) курама команданын башкы машыктыруучусу - жогорку профилдик билими бар жана Олимпиадалык оюндарда, Паралимпиадалык оюндарда жана Сурдлимпиадалык оюндарда, ошондой эле Азия оюндарында, Азиянын Паралимпиадалык оюндарында жана Азиянын Сурдлимпиадалык оюндарында, спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттарда жана башка эл аралык мелдештерде спорттун түрү боюнча курама команданы жетектөөгө, түзүүгө, даярдоого жана чыгарууга жооптуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу тартипте дайындалуучу адам;
18) курама команданын улук машыктыруучусу - жогорку профилдик билими бар жана спортчуларды Олимпиадалык оюндарга, Паралимпиадалык оюндарга жана Сурдлимпиадалык оюндарга, ошондой эле Азия оюндарына, Азиянын Паралимпиадалык оюндарына жана Азиянын Сурдлимпиадалык оюндарына, спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттарга жана башка эл аралык мелдештерге чыгуу үчүн спорттун белгилүү бир түрү боюнча кесиптик даярдоону, окутууну, спорттук-машыктыруу процессинин дене тарбиялык, теориялык, моралдык-эрктик, техникалык жактан өркүндөтүүнү камсыз кылуу үчүн жооптуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте дайындалуучу адам;
19) жеке машыктыруучу - спорттук кесиптик билими бар, чемпионду же байге ээсин даярдоонун окуу-машыктыруу процессин жүргүзүүчү жана спорттук натыйжаларга жетишүүсү үчүн анын мелдештик иш-аракеттерине жетекчилик жүргүзүүчү адам;
20) биринчи машыктыруучу - спорттун белгилүү бир түрүндө адистешкен, кийин чемпион наамын жеңип алган же байге ээси болгон спортчунун жаш кезинде функциялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жолу менен баштапкы окутууга жана чеберчилигин өркүндөтүүгө катышуучу адам;
21) киберспорт (электрондук спорт) - компьютердик оюндарды жана видео оюндарын пайдаланууга негизделген мелдешүү ишинин түрү, анда катышуучулар (спортчулар) маалымат технологияларын пайдалануу менен белгиленген эрежелер боюнча жекече же команданын курамында мелдешишет.";
2) 6-статьянын экинчи бөлүгү "Паралимпиада," деген сөздөн кийин "Сурдлимпиада," деген сөз менен толукталсын;
3) 8-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган спорт түрлөрү боюнча республикалык федерацияларды аккредитациялоону жүзөгө ашырат. Аккредитация жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.";
4) 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Спорттук-массалык иш-чараларда көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу эрежелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Спорттук иш-чараларды уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга жоопкерчилик тартат.";
5) төмөнкүдөй мазмундагы 23-1-статья менен толукталсын:
"23-1-статья. Киберспорт (электрондук спорт)
Киберспорт Кыргыз Республикасында спорттун түрү катары таанылат.
Киберспортту уюштуруу жана өнүктүрүү дене тарбия жана спорт уюмдары, спорт клубдары, билим берүү уюмдары жана спорт чөйрөсүндөгү башка бирикмелер тарабынан жүзөгө ашырылат.
Билим берүү уюмдарында киберспорт боюнча мектептик жана студенттик командалар түзүлүшү, киберспорттук дисциплиналар боюнча мелдештер, чемпионаттар жана лигалар өткөрүлүшү мүмкүн.
Мамлекет мектептик жана студенттик киберспортту өнүктүрүүгө жана тиешелүү мелдештерди өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
Киберспорт боюнча мелдештерге жашы жете электердин катышуусуна төмөнкүдөй шарттар сакталганда уруксат берилет:
- катышуу ата-энелердин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен жүзөгө ашырылат;
- катышууга тиешелүү компьютердик оюндар үчүн белгиленген жаш курактык чектөөлөрдү эске алуу менен жол берилет;
- мелдештерди уюштуруучулар жашы жете электердин ден соолугуна зыян келтирбөөчү жана алардын окуусуна тоскоол болбоочу шарттарды камсыз кылууга милдеттүү;
- уюштуруучулар жашы жете электердин арасында оюнга көз карандуулуктун алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.";
6) 32-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Спортчунун Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамындагы болгон убактысы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү эмгек стажына эсептелет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |