Редакцияот 24.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 24-июлу № 507

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин уюштуруу түзүмүн өркүндөтүү жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

–        4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

4

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

751

261

 

анын ичинде:

 

 

 

борбордук аппараты

129

31

 

аймактык бөлүмдөрү

119

185

 

ведомстволук бөлүмдөрү

503

45

                                                                                                                            ».

2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган финансы каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев