Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-июлу № 511
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы № 251 «Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 544 «2029-жылга чейин Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2029-жылга чейин Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы № 251 «Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелеринде:
1) 693-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«693. Көп түрлүү автомай куюучу станциянын аймагында электр мобилдерди кубаттоочу инфраструктураны орнотууга төмөнкү шарттар сакталган учурда жол берилет:
1) электр кубаттоо станциясын жана электр мобилдерди токтотуу үчүн постторду жайгаштыруу үчүн аянтча суюлтулган көмүр суутек газдарынын резервуардык паркы, суюлтулган көмүр суутек газдарын агызуу түйүндөрү жана суюк отунду бөлүштүрүүчү колонка жайгашкан зонадагы жердин деңгээлинен кыйла жогору геодезиялык белгилерге ээ платформаларда (пьедесталдарда) гана долбоорлонууга тийиш. Электр кубаттоо станциясынын аянтчасы менен көп түрлүү автомай куюучу станциянын газ жабдуусунун төмөнкү чекиттеринин ортосундагы бийиктик белгилеринин айырмасы 150 мм кем болбошу керек;
2) электр кубаттоо станциясынын зонасы менен суюлтулган көмүр суутек газдарынын же компримирленген (кысылган) жаратылыш газдарынын зонасынын ортосуна монолиттик темир-бетондон же бүтүн кыштан жасалган I типтеги өрткө каршы туташ тосмо (экран) орнотулат. Тосмонун отко туруктуулугунун чеги REI 120 кем эмес болууга тийиш (көмүр суутек өртүнүн шарттарында көтөрүү жөндөмдүүлүгүн, бүтүндүгүн жана жылуулук өткөрбөө жөндөмдүүлүгүн 120 мүнөт ичинде сактоо). Коргоочу экрандын бийиктиги электр кубаттоо станциясынын жана май куюлуп жаткан ири габаритттүү электр транспортунун (электр бустар, коммерциялык электр фургондор) максималдуу долбоордук бийиктигинен кеминде 0,5 м ашык болушу керек. Экрандын туурасы өрт чыккан учурда нурлуу жылуулук агымынын түз көрүнөө таралышын болтурбастан кубаттоо зонасынын габаритттерин бардык тараптарга кеминде 1,0 м жабууга тийиш;
3) көп түрлүү автомай куюучу станциянын ачык жеринде орнотулуучу электр кубаттоо станциясынын корпусунун тышкы каптамасы ГОСТ 14254 ылайык IP54 төмөн эмес чаңдан-нымдан коргоо классына (чаңдуулугу жана жаан-чачындуулугу жогору региондор үчүн IP65 сунушталат) жана IK10 кем эмес вандалга каршы механикалык коргоо классына ээ болууга тийиш.»;
2) 12-глава төмөнкүдөй мазмундагы 6931 жана 6932-пункттар менен толукталсын:
«6931. Электр кубаттоо станциясын электр менен жабдууну башкаруу системасы релелик логика деңгээлинде аварияга каршы коргоонун станциялык системасы, автоматтык өрт сигнализациясынын системасы жана көп түрлүү автомай куюучу станциянын газдалуусун контролдоонун автоматтык системалары менен аппараттык түрдө интеграцияланууга тийиш.
Көп түрлүү автомай куюучу станция авариялык режимге өткөндө электр кубаттоо станцияcынын кирме шиналарына күчтүк азыктандырууну берүү 0,5 секунддан ашпаган убакыттын ичинде автоматтык түрдө токтотулууга тийиш. Төмөнкү учурларда электр кубаттоо станциясын толук авариялык өчүрүү аварияга каршы коргоо системасы тарабынан демилгеленүүгө тийиш:
1) көп түрлүү автомай куюучу станциянын аймагынын кайсыл чекитинде (дүкөн, оператордук бөлмө, отунду бөлүштүрүүчү колонканы кошкондо) болбосун жалын датчиктери, оптикалык же жылуулук өрттү кабарлагычтар менен өрттөнүү белгилерин фиксациялоо;
2) суюлтулган көмүр суутек газдарынын резервуардык паркында, копримирленген (кысылган) жаратылыш газдарынын компрессордук блокторунда же май куюу аралчаларында орнотулган газдалууну контролдоонун стационардык датчиктеринин иштеши;
3) метанды берүүнүн технологиялык өткөргүч түтүктөрдө басымдын төмөндөшү же кескин көтөрүлүшү (контурдун герметикалуулугунун жоголушу жөнүндө сигнал);
4) суюлтулган көмүр суутек газдарынын же компромирленген (кысылган) көмүр суутек газдарынын отунду бөлүштүрүүчү колонкасында акыркы өчүргүчтөрү же шлангдарды ажыратуучу датчиктеринин иштеши;
5) көп түрлүү автомай куюучу станциянын персоналынын оператордук бөлмөдөгү борбордук пультта «Жалпы авария» станциясын башкы авариялык токтотуу баскычын кол менен басышы.
6932. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) электр кубаттоо станциясынын корпустарын, чыгуучу кубаттоо мамычаларын (сателлиттерди), бөлүштүрүүчү күч шкафтарын, трансформатордук подстанцияларды жана электр мобилдер үчүн токтоочу жайларды Электр орнотмолорун орнотуу эрежелеринин классификациясы боюнча В-1А (жайлардын ичинде) жана В-1Г (сырткы орнотмолор) класстарындагы жарылуу коркунучу бар зоналардын чегинде жайгаштырууга;
2) чыңалуунун кайсы болбосун классындагы электр берүүнүн аба линияларын түздөн-түз көп түрлүү автомай куюучу станциянын (резервуардык парктар, отунду бөлүштүрүүчү колонкалар, агызуу аянтчалары) технологиялык зоналарынын үстүнөн өткөрүүгө;
3) электр кубаттоо станциясынын аймагын жана ага жанаша жайгашкан токтоочу постторду бир эле убакта бензин ташуучу (автоцистерналарды) жана газ ташуучу (суюлтулган көмүр суутек газдары үчүн автоцистерналарды) транспорттун токтоп турушу, топтолушу же өтмө транзити үчүн пайдаланууга.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |