Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-августу № 577
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын
13-январындагы № 12 «Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго
жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер
маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органынын, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы
органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу
системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын
катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын
үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие
дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү
тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 «Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жободо:
– 8-пунктта:
«д» пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Пенсия тариздөөгө укугу бар жана кызматтан бошонуу алдында мамлекеттик бийликтин жогорку органдарынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери үчүн белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө эмгек акы алган, аларда иштөө үчүн жиберилген адамдарга – иштөө үчүн жиберилген жердеги кызматтык маянага тең өлчөмдөгү, ал эми өлчөмү боюнча тең кызматтык маяна болбогон учурда – өлчөмү боюнча ага кыйла жакын, бирок тиешелүү мамлекеттик органдын штаттык расписаниесинде каралган максималдуу кызматтык маянадан ашпаган, тиешелүүлүгүнө жараша кызматта турган аскер кызматчылары жана ички иштер, атайын байланыш кызматы, жазык-аткаруу системасы маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилик курамындагы адамдар үчүн белгиленген кызматтык маяна, кызматтан бошонгон күнгө карата ыйгарылган аскердик же атайын наам боюнча айлык жана көрсөтүлгөн айлыктардан эсептелип чыгарылган иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акча.
Кызмат ордун теңдештирүү жана тиешелүү кызматтык маянаны аныктоо адам кызматтан бошонгон күнгө карата кадрларында турган мамлекеттик орган тарабынан иштөө үчүн жиберилген жердеги кызматтык маянанын өлчөмүн ырастоочу документтин негизинде жүргүзүлөт;»;
«е» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«е) пенсияны тариздөөгө укуктуу прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө – пенсияны тариздеген учурда ээлеген кызмат орду боюнча маянасы (ушул пунктчанын экинчи абзацын эске алуу менен), пенсияны тариздеген күнү бар атайын класстык чени (аскердик наамы) үчүн үстөк жана кызматтык маянасынан эсептелген иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратына, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына кызмат өтөө үчүн жиберилген, пенсия тариздөөгө укугу бар жана бошонуунун алдында ушул мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн штаттык расписаниеде белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө эмгек акы алган адамдарга кызматтык маяна прокуратура органдарынын кызматкеринин акчалай маянасынын өлчөмүндөй штаттык кызмат ордунун негизинде, ал эми өлчөмү боюнча тең кызматтык маяна жок болгон учурда – өлчөмү боюнча ага кыйла жакын кызматтык маяна менен, бирок прокуратура органдарынын штаттык расписаниесинде каралган максималдуу кызматтык маянадан жогору эмес белгиленет.
Кызмат ордун теңдештирүү жана тиешелүү кызматтык маянаны аныктоо адам кызматтан бошонгон күнгө карата кадрларында турган мамлекеттик орган тарабынан ушул Жобонун 8-пунктунун «е» пунктчасында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарда кызмат өтөгөн жер боюнча (иштөө үчүн жиберилген жер боюнча) кызматтык маянанын өлчөмүн ырастоочу документтин негизинде жүзөгө ашырылат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-августундагы № 65 (3825) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |